Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

Кызыл жүгүрүктөн көз жумган келин


Айым Эсенова.
Айым Эсенова.

Жакында Улуттук кардиология жана трансплантология борборунун ревмотология бөлүмүндө тутумдашкан кызыл жүгүрүк (системная красная волчанка) илдетинен жабыркаган 32 жаштагы бейтап ооруканада каза болду.

Маркумдун жакындары өлүмгө илдет эмес, дарыгерлердин кайдыгерлиги жеткиргенин айтып, жагдайды сот аркылуу териштирүүнү көздөп жатышат. Ал эми медиктер ремиссия абалындагы бейтаптын күтүүсүз көз жумушунун себебин билбей турушат.

Чолпон-Ата шаарынын тургуну, эки балалуу Айым Эсенова бир үйдүн жалгызы эле. 32 жашта болчу. Анын энеси Клара Кожомжарова кызынын чукул каза болуп калышын илдеттин өтүшүп кеткенинен эмес, медицина кызматкерлеринин кайдыгерлигинен көрүп, өз чындыгын издеп, эшиктерди каккылап жүрөт.

- Мен азыр эч кимге ишенбей калдым, - дейт ал. - Арызданып кайрылгандарымдын баары кызымдын өлүмүн үстүртөн эле карап жатышат, «бул ансыз деле оорулуу болчу да» дегендей кылып. Мына, тырмактай болгон эки кызы жетим калды. Айым көз жумганда анын кичүү кызы болгону 11 айга толгон. Мурунку күнү «кызым 11 айга толду, жанында болсом жакшы болот эле» дегенинен «ооруканадан жакшы болуп чыксаң ай сайын майрам кылабыз» деп койгом. Минтип айрылып каларымды кайдан билдим?..

Айыкпас оору...

Айым Эсенова тутумдашкан кызыл жүгүрүк аттуу аутоиммундук ооруга кабылганы 2016-жылы белгилүү болгон. Адегенде Чолпон-Ата шаарындагы аймактык ооруканада дарыланып, кийинчерээк Улуттук кардиология, трансплантология жана илим изилдөө борборунун ревматология бөлүмүнө которулган. Анда дарылануу оң натыйжа берип, ал түгүл 2018-жылдын башында дарыгерлердин уруксаты менен экинчи кызын да төрөп алган.

Клара Кожомжарова оорулуу кызынын өлүмгө тез алдырышына дарыгерлердин адам өмүрүн узартууга, сактап калууга кош көңүл мамилеси себепкер болгон деп эсептейт. Анын айтымында, кызы ревматология бөлүмүндө да орой, кайдыгер мамилелерге көп дуушар болгон.

- Биринчи кайрылганда да бизди кыйнап, «орун жок» дешип, барбаган жактарга бардык, - деди маркумдун энеси. - Саламаттык сактоо министрлигине чейин кайрылдык. Ревматология бөлүмүнүн башчысынын кабинетине ыйлап барганбыз. Кызым ошондо бир жума баспай, комада жатып калган. Ошого карабай «орун жок» дешип, акыры мен ызы-чуу салып, ошондо араң ооруканага жаткырышкан. Анда жакшы дарылап, бутуна тургузуп беришкен эле.

«Ооруну уктатып койгонбуз»

Биринчи жолку дарылоо жыйынтыгы жакшы болгонун ревматология бөлүмүнүн башкы дарыгери Гүлазык Койлубаева да бышыктады:

- Бейтаптын оорусу өтө курч эмес өтүп жаткан. Ички органдарында, бөйрөктө кичине проблема бар эле, бирок анын баарын биз айыктырганбыз. Муундары, териси ооруп, булчуңдары шишип келген. Ошонун баары кайра калыбына келип, алты ай сайын көзөмөлдөп жаттык эле. Күчтүү гормондорду, цитостатик түрдөгү дарыларды ичкен. Негизи оорусу басаңдап калган.

Адистин айтымында, Айым Эсенованын ремиссиялык абалга келишине же илдеттин күчөп кетишине өз убагында берилген медициналык жардамдын шарапаты менен бөгөт коюлган. Ал түгүл балалуу болушуна шарт түзүлгөн.

Тутумдашкан кызыл жүгүрүк

Тутумдашкан кызыл жүгүрүк оор илдеттердин катарына кирет. Бул себеби билинбеген дарт жугуштуу эмес эң кооптуу оорулардын бири болуп саналат. Адамдын иммунитети кескин түшүп, муундары, сөөктөрү ооруп, териси жабыркайт. Күнгө чыга албай кыйналат.

Ушундан улам бейтап дарыгерлердин үзгүлтүксүз көзөмөлүндө болуп, алты ай сайын гормоналдык дары-дармек менен дарыланып турушу керек. Мындай эреже сакталбаса ички органдар жабыркап, ичеги-карындар канап, бөйрөктөр иштебей калат жана ал өлүмгө алып барат.

««Орун жок» деп кыйнашты»

Айым акыркы жолу ооруканага ноябрдын аягында жаткырылган. Ага чейинки акыбалын көзөмөлдөө, ооруканага жаткыруу процесси боюнча маркумдун жакындарынын, ал тургай дарыгерлердин өздөрүнүн айткандары да ар башка болуп жатат.

Кызынын өлүмүнүн себебин аныктагысы келген Клара Кожомжарова «Оорукана эмне үчүн оор илдет менен жабыркаган бейтапты дароо жаткырган жок?» деген суроого жооп издеп жатканын айтты:

- Бул жолу да «орун жок» деп эки күн катары менен айтышты. Антип-минтип бир жума өтүп кетти. Кызым «тезирээк дарылансам болот эле» деп сары санаага батты. 21-ноябрь күнү кайра келдик. Бейтапканадагы Махмудов «карточкаңды алып кел» дептир, барса карточкасы жок экен. Үч жыл бою кайсы дарыларды ичкенин, жалпы акыбалын сүрөттөгөн карточка жоголуп кетиптир. Актай баракка эле атын жазып, эртеси ооруканага жаткырышты.

Ал арада Улуттук кардиология, трансплантология жана илим изилдөө борборунун бейтапканасынын башкы дарыгери Мурат Махмудов «орун жок» деген дооматты караманча танып, маркум Эсенова дароо эле ооруканага жаткырылганын билдирди:

- Ревматология бөлүмүнө албетте, кезек күтүү болот. Бирок тутумдашкан кызыл жүгүрүк менен ооругандарды дароо жаткырабыз. Алар үчүн атайын өзүнчө палата бар. Бул бейтаптын карточкасын 21-ноябрда Гүлазык Койлубаева даярдап, мага алып келип берген. 22-ноябрда, башкача айтканда эртеси күнү эле дароо ооруканага жаткыруу жөнүндө чечим кабыл алганмын. Ишенбесеңер документтердин баарын карап чыккыла, бардык жакта жазылган. Ревматоиддик артрит сыяктуу оорулар гана орун жок болгондуктан кезек күтүп калышы мүмкүн, бирок тутумдашкан кызыл жүгүрүктү биз дароо жаткырабыз.

Бөлүмдүн жетекчиси Гүлазык Койлубаева «ал учурда бейтаптын акыбалында күтүүсүз өзгөрүү болбогондуктан ооруканага чукул эмес, планга ылайык жаткырылган» деген жообун берди.

Дарыгерлердин аздыгы

Кандай болгон учурда да Клара Кожомжарова кызына дарыгерлер жетиштүү камкордук көрбөй калганы үчүн эртелеп көз жумду деп эсептейт. Анын айтымында, 350 орундуу улуттук борбордо түнкү нөөмөттө бирден гана дарыгер турат.

Аталган борбордун директорунун орун басары Жамийла Иманакунова нөөмөттөгү бир дарыгерден тышкары бир нече ординаторлор жана реанимация бөлүмдөрүндө 5-6 дарыгер болорун айтты:

- Албетте, жетише алат. Андан көп дарыгерди биз кайдан табалы? Ушуга чейин деле жетишип жүргөн да. Кокус бейтап катуу болуп жатса, ошол дарыгер жанында туруп, дарысын тамчылатышы керек, жоопкерчиликти толук мойнуна алат. Кокус жетишпей жатса анда реанимациядан дарыгер чакыра алат. Себеби ал жакта 4, интенсивдүү терапия бөлүмүндө 2 дарыгер иштейт. Нөөмөттөгүсү менен жетөө болуп жатпайбы. Андан ашыкты коё албайбыз да. Бизде нөөмөткө ар бир дарыгер бир айда эки жолудан турушу керек.

Жоопсуз суроолор

Ошентсе да кызынан айрылган эне төмөнкүдөй бир топ суроолорго жооп издеп жүрөт. Бейтап каза болгон түнү нөөмөттөгү дарыгер жанында такай болгонбу? Эмне үчүн бейтап жандандыруу бөлүмүнө киргизилгенге чейинки акыбалы: кыйналып, кан басымы таптакыр түшүп кеткени тууралуу дарылоочу адиске, бөлүм башчыга же жакындарына телефон чалып, кабар берген эмес, кеп-кеңеш алган эмес? Өлүмдүн себеби эмнеде?

Бейтаптын оорусунун чоо-жайы жазылган документте өлүмгө «ашказандын, ичеги-карындын кансыроосу, артериалдык кан басымынын түшүп кетиши» себеп болгону жазылган.

Ошол күнү нөөмөттө турган кардиолог Кылычбек Сүйүнов илдети ремиссияда турган бейтаптын өлүмүнүн себептери табышмак бойдон калганын билдирип, жетиштүү жардам берилбей калганы тууралуу түкшүмөлдү четке какты:

- Эмне бериш керек экенин мен өзүм билем да. Эгер бейтапты карай албай калсам, анан кесиптештерден чалып сурамакмын. Борбордогу эки реанимация бөлүмү менен кеңештим, бирок бейтапты башынан бери дарылаган дарыгерлерге чалган жокмун. Өлүмүнүн себеби бизге азыр табышмак болуп жатат. Анык себебин билиш азыр эми кыйын болуп калды. Сөөктү союп, экспертизадан өткөрүш керек болчу. Жообу жок суроолор көп. Айрым бейтаптар эмнеден өлгөнү, себеби так болот эмеспи. Ал эми бул бейтаптыкын билбей койдук.

«Энесине чала албай калдык»

Айымдын акыркы мүнөттөрүнө чейин медайымдар, нөөмөттөгү дарыгер болгонун бир палатада дарыланып жаткан Наргиза Мамбетова ырастады. Анын айтымында, Айым ооруканага оор акыбалда түшкөн. Бир нече сааттын ичинде ичи өтүп, дене табы кескин көтөрүлүп, кан басымы түшүп кеткен. Ошентсе да Наргиза маркумдун энеси менен байланышууга өзү да, дарыгерлер да макул болбой койгонун эскерди:

- Аябай эле алы кетип калган, төшөктөн тура албай, кичине эле үнү чыгып, «жардам бергилечи» деп жаткан. Апасына чалып айталы десек, дарыгерлер болбой коюшкан. Кийин Айымдын өзүнөн да сурасак, болбой койду. «Өзүбүз эле чалып, апасына айталы» десек, телефонундагы сыр сөздү билбей койдук.

Жалгызынан айрылган Клара Кожомжарованын арманын айыкпас оору менен алышкан кызын акыркы сапарга өз колу менен узата албай, акыркы демин тыңшап, сөзүн уга албай калганы күчөтүп турат. Бейтаптын абалынын чукул начарлап, тез арада каза болушунун себебин сөөктү союп, талдоо жүргүзүү аркылуу аныктоо тууралуу дарыгерлердин сунушун маркумдун жакындары кабыл алган эмес. Муну алар соттук-медициналык экспертизага ишенбегени менен негиздеп жатышат.

Кыргызстанда тутумдашкан кызыл жүгүрүк оорусунан 2018-жылы ондон ашык адам көз жумду. Бул ооруну дарылаган ревматология бөлүмүнүн башчысы Гүлазык Койлубаеванын айтымында, быйыл алты адам бөлүмдө көз жумса, дагы алты өлүм аймактарда катталган. Ал жалпысынан 570дей бейтап тутумдашкан кызыл жүгүрүк менен каттоодо турганын билдирди.

Аутоиммундук айыкпас дарт башталганда алгач адамдын муундары катуу сыздап, ичи өтүп, адам кусуп кыйналып кирет. Дартты аныктоо Бишкектеги Улуттук кардиология, трансплантология жана илим изилдөө борборунун ревматология бөлүмүндө гана жүргүзүлөт. Бул ооруну дарылаган адистер да саналуу эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG