Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Мунайга бай Жаңы-Өзөндүн жумушсуз жаштары


Жаңы-Өзөндүн кире бериш жери.

Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн шаары казак бийлиги үчүн "баш ооруга" айланып, ири нааразылык акциялардын башаты болуп калды. 2011-жылы тарыхта Жаңы-Өзөн окуясы деген ат менен калган кандуу калабадан кийин бийлик элдин көйгөйүн түп-тамыры менен чечет деген үмүт бар эле. Бирок 10 жыл өткөн соң 200дөн ашык адамдын өмүрүн алган Январь окуясы да дал ушул шаарда башталды.

Бирок Жаңы-Өзөн эмне үчүн азыркыга чейин ыңгайлуу аймакка айлана алган жок? “Азаттыктын” казак кызматы шаардын жаштары менен баарлашты.

2021-жылы Маңгыстау облусунун калкынын саны 1,52% көбөйгөн. Бул республикалык маанидеги үч шаарды кошпогондо эң чоң көрсөткүч. Облуста 740 миң адам бар жана анын бештен бири Жаңы-Өзөн шаарында жашайт. 60 жылдык мааракесин белгилөө алдында турган шаар Казакстандын тарыхындагы үч ири нааразылык акциянын булагы болуп калды. Шаар 1989-жылдагы улуттар аралык жаңжалды, 2011-жылдын декабрында Жаңы-Өзөн жана 2022-жылы Январь окуясын башынан өткөрдү.

Маңгыстау облусунун административдик борбору Актау шаарынан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан Жаңы-Өзөн өзүнүн административдик чегинде төрт айылды камтыйт – Теңге, Кызылсай, Рахат, Кендирли. Шаарда 82 миңге жакын адам жашайт. Айылдардагы элди кошуп эсептегенде, калктын саны 158 миңден ашат. Шаардын четиндеги айылдарда Өзбекстандагы Каракалпакстандан жана Түркмөнстандан келген казактар көп. Казакстандын бийлиги 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн окуясында иш таштоону этникалык казактар баштаган деп айыптаган.

Жаңы-Өзөн табигый ресурстарга бай болгону менен ал жакта жумушсуздук чоң көйгөй. Шаарда жумуш табуу оор, жашоо-шарт кыйын. Бирок балдардын төрөлүүсү жана аймакка келип отурукташкандар көп. Бул карама-каршылыктарды ачып берүү үчүн “Азаттык” шаардын активдүү демографиялык тобу – жаштар менен маектешип, алардын жашоосу менен таанышты.

Жаңы-Өзөндүн акимиаты. 8-июль, 2022-жыл.
Жаңы-Өзөндүн акимиаты. 8-июль, 2022-жыл.

Жаңы-Өзөндүн ар кыл жаштары

Актау шаарында такси айдаган адамдар соода борбордун жанына чогулушат. Алардын арасында жаштар да бар. Жолдун аркы тарабында болсо шаардык мэриянын имараты жайгашкан. Бул жерге жумуш орундарын түзүүнү сурагандар, айлык акыны көтөрүүнү талап кылгандар митингге чыгат. Бул жолу эч ким көрүнгөн эмес. Бирок жакындаганда гана бактын түбүнө килем, жууркан төшөк салып алып жаткандарды байкадык. Алар жумуш талап кылган жаштар экен.

Бекзат кесиптик-техникалык окуу жайдын автомеханик кесибин бүткөн. Ал 11-майдан бери мэриянын алдында жумуш сурап турат (“Азаттыктын” кабарчысы аны менен 17-июнда да көрүшкөн). Анын айтымында, мэрия төрт адистик боюнча 160 адамды окууга жөнөткөн. Бирок алар ишке орношот деген кепилдик жок. Бекзат маселе чечилмейинче мэриянын алдында тура берерин айтып жатат. Ал жана анын тегерегиндеги жаштар мунайдын башында туруп жаштарга жумуш жетпегенине, дипломду алып бирок өз кесиби боюнча иштей албай жатышканына нааразы.

“Мен жакында эле үйлөндүм. Азыр ата-энемдин акчасына жашап жатам. Таанышың болбосо жумушка кире албайсың. Ишке орношуу үчүн канча акча береримди билбейм. Аны алган адам өзү айтат да. Биз жок дегенде мунай өндүрүүнүн айланасында туруктуу ишке баргыбыз келет. Айлыгы 300 миң теңгеге чейин болсо”, - дейт Бекзат.

Бекзат аким каякта экенин эч ким билбей турганын, эки айдан ашык убакыттан бери нааразылык акцияга чыккандардын бири да аны көрө электигин айтып берди. Жергиликтүү бийликтен эч кандай колдоо болбогонуна нааразы болгон каарманыбыз аялы медайым болуп иштээрин, айына 90 миң теңге маяна алаарын кошумчалады.

Бекзат Избаев жана Жаңы-Өзөндүн жумуш издеген жаштары.
Бекзат Избаев жана Жаңы-Өзөндүн жумуш издеген жаштары.

Жаңы-Өзөндө жаштар барып эс ала турган жерлер аз. Биз жолуккан жаштар чоң шаарлардагыдай соода борборлору, парк, театр болсо деп кыялданарын айтышты. Былтыр эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Жаштар театры ачылганы тууралуу маалымат тараган. Бирок ал маданий иш-чараларды уюштурган драмалык ийрим экен. Нурмухан Жантөрин атындагы облустук театрдын артисттери маал-маалы менен эле келип, иш-чараларды уюштуруп турушат.

Жаңы-Өзөндө кечкисин эл чогула турган жайлардын бири – борбордук аянт. 2011-жылы элге ок атылган аянтка азыр фонтан салынып, көрктөндүрүлгөн. Бул жер карапайым эл чогула турган бирден-бир жай. Политехникалык коллеждин студенти Алымбек “муревейчик” (саатына 40-50 километрге чейин жүрүүчү чакан электр прицеп) менен эл ташып, акча табат.

“Бул жерде эки жылдан бери “муравей” айдайм. Аянтта балдарды ташыйм. Саат 17:00дөн түнкү 12ге чейин иштеп, күнүнө үч миң теңге табам. Иш кыйын да, оңой да эмес, мага жагат. Кийим-кече, тамак-ашка жетет”.

Алымбек архитектордун кесибин окуп жатат, келечекте жеке бизнесин ачып, ушул аянтчага окшогон чоң долбоорлорду ишке ашыргысы келет. Ал да шаарда эс алуучу жайлар аз дейт.

Аянтта балдарды ташып акча тапкан Алымбек Сансызбаев.
Аянтта балдарды ташып акча тапкан Алымбек Сансызбаев.

Ал эми шаардагы медициналык коллежде окуган 26 жаштагы Асель үч жылдан бери “Бөкөн Жаныбек” базарында кездеме сатат.

“Жазында кездеме соодасы жакшы болот, фестивалда (Батыш Казакстанда 14-мартта бири-биринин үйүнө конокко барышат – ред.). Айрыкча кыз-келиндер бири-бирине белекке бере турган кездеме, көйнөк, жоолук издешет. Тойлордо кыздар, келиндер бир түстүү кездемеден көйнөк тигүүнү трендге айландырышкан. Ошондо кездемеге суроо-талап күчөйт”, - дейт Асель.

Ал Маңгыстау облусунда кездеме чыгарылбаганы жумушундагы эң чоң көйгөй экенин билдирди. Ал Алматыда да кездеме аз экенин, товар негизинен Бишкектен Алматы аркылуу келерин айтып берди.

Шаардагы эл көп чогулган жайлардын дагы бири бул – мечит. Биринчи кичи райондогу борбордук мечиттен бир топ жаштарды көрүүгө болот. Карыялар да көп. 32 жаштагы Бектур Актауга көчүп кетип, кайра Жаңы-Өзөнгө кайтып келген. Ал соода менен алектенет, компьютерлерди оңдоп, көзөмөл камераларын орнотот. Бектур жашоосуна ыраазы, келечекте баары жакшы болот деген үмүттө.

“Кудайга шүгүр, мурдагыга караганда, абал бир аз жакшырып калды. Өлкөбүз тынч. Жумуш маселеси бар дечи, бирок иштейм деген адамга жумуш табылат. Жаңы-Өзөндө эл көп болгондуктан жумуш таппай калышы мүмкүн. Бул көйгөйлөрдү жогору жактагылар чечпесе, бизге окшогон карапайым эл анын жолдорун билбейт да. Ички саясатта эмне болуп жатканын билбейбиз. Биз өлкөбүз үчүн күйгөн жаштарбыз. Дуба кылабыз. Намаз окусак, баары жакшы болот”.

Жаңы-Өзөндө мугалим болуп иштеген Нурзат Абилда.
Жаңы-Өзөндө мугалим болуп иштеген Нурзат Абилда.

Тараздык Нурзат 2018-жылы Жаңы-Өзөн шаарындагы Билим берүү жана инновация лицейине жаш мугалим болуп которулган. Ага чейин башка шаарларда да сабак берип жүргөн Нурзат Жаңы-Өзөндөн көргөн эки көйгөйүн белгиледи. Биринчиси, билим берүүнүн сапатынын төмөндүгү.

“Казакстандын батыш аймактарында, анын ичинде Маңгыстау облусунда билимдин сапаты төмөн. Аны статистика да көрсөтүп турат. Бул Жаңы-Өзөндөгү балдардын жөндөмсүздүгүнөн эмес, кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугунан деп ойлойм. Негизи балдардын билимге болгон көз карашы башка аймактардын балдарынан кем эмес. Көздөрү күйүп турат. Тоскоолдуктардын бири мектеп жана мугалимдердин жетишсиздиги, мектепте, класстарда балдардын саны көп. Бул да билимдин сапатына терс таасирин тийгизүүдө. Мугалимдердин жетишсиздигинен кээ бир мугалимдер ашыкча жүк менен иштеп жатат”.

Жаңы-Өзөндөгү жаш мугалим байкаган экинчи көйгөй – бул социалдык ажырым.

“Бир үй-бүлөнүн статусу өтө жогору, экинчисинки өтө төмөн. Бул дароо байкалат. Тараз сыяктуу башка шаарларда орточо киреше менен жашаган орто катмар бар. Ал эми бул жерде орточо киреше тапкандар, өтө аз жана өтө көп киреше тапкандар арбын. Бирөө миллиондогон айлык алган мунайчы, бирөө өтө аз айлыкка карап отурган карапайым жумушчу. Бюджеттик мекемелердин адистери, мамлекеттик кызматкерлер айына 100 миң теңге алышат. Бул миллион менен 100 миңдин ортосунда чоң айырма эмеспи? Бул ажырым окуучулардын ортосунда тирешүү жаратып, баланын өзүнө болгон ишенимин азайтат. Ошентип балдар өздөрүн кем сезип, ата-энесин күнөөлөп, байлардын балдарына, коомго таарыныч, көрө албастык ойгонот”, - дейт Нурзат.

Макала “Азаттыктын” казак кызматынын сайтынан которулду. Түп нускасы бул жерде.

Которгон: Бакыт Төрөгелди уулу

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG