Ал эртең мененки сөзүндө Украина жөнүндө түз айткан эмес. Бирок суроолорго кезек келгенде согуш жана аны жыйынтыктоо маселесинде Американын ролу алдыңкы планда экени белгилүү болду.
Бул багыт анын Bloomberg TV каналына курган маегинде дагы да ырасталды: анда Марко Рубио узакка созулган жаңжал кантип аякташы мүмкүн экенине өз божомолун айтты.
Ал согуш тараптар үчүн "салттуу жеңилүү" менен аяктарын күтпөй турганын айтып, Орусия баштапкы максаттарына жетиши күмөн экенин белгиледи.
Марко Рубионун айтымында, Москва Донецк облусундагы көзөмөлүнөн тыш 20% аймакты дагы өзүнө алууну көздөп турат. Ал Киев үчүн бул талап тактикалык жана саясий жактан өтө оор экенин моюнга алды.
Анын айтымында, азыр эки тарапка тең ыңгайлуу чечим табуу керек. Ал "бул ыкма иштеши мүмкүн экенин" эскертип, АКШ келишимге жетишүүгө аракет кыларын белгиледи.
Алянстар марафону
Мындан кийин күн бою жогорку дипломатиялык аракеттер уланды. Марко Рубио адегенде "Чоң жетидеги" кесиптештери, анын ичинде Украинанын тышкы иштер министри менен да жолугушту.
Африка менен Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдардан тартып Инд-Тынч океан аймагындагы жана Батыш жарым шардагы коопсуздук басымдарына чейин талкууланды.
Анткен менен Украина күндүн негизги темасы бойдон калды.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Томми Пиготт билдиргендей, Марко Рубио АКШ Венесуэлада туруктуулукту камсыздоого жана Орусия-Украина согушун сүйлөшүү жолу менен жыйынтыктоого кызыкдар экенин кайталаган, ошол эле маалда дүйнөлүк коркунучтарга каршы "Чоң жетинин" көзөмөлүн күчөтүүгө макул.
Жыйын маалында Марко Рубио украин президенти Владимир Зеленский менен 40 мүнөттөй жолугушту. Зеленский Телеграмдагы билдирүүсүндө Рубиого "фронттогу абал, Орусиянын тынымсыз чабуулдары жана алардын өлкөнүн энергетикалык системасына тийгизген кесепеттери" тууралуу маалымат бергенин айтты.
Экөө ошондой эле дипломатиялык багытты кеңири талкуулап, анын ичинде кийинки жумадагы Женевадагы үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү карап чыгышты.
"Женевада пландалган сүйлөшүүлөр натыйжалуу болушу маанилүү жана АКШнын конструктивдүү мамилеси үчүн ыраазычылык билдирем", - деди Владимир Зеленский.
Кеңешүүлөр мамлекеттик катчы менен гана чектелбеди. Зеленский сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы өтөр алдында Стив Уиткофф жана Жаред Кушнерге жолугуп, Абу-Дабидеги мурунку жолугушуулардан берки өзгөрүүлөрдү талкуулады. Айрым жагдайлар азырынча ачык жарыяланбай турганын этияттык менен белгиледи.
Мындан тышкары аларга Марко Рубио менен болгон сүйлөшүү тууралуу маалымат берип, АКШнын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Эки тарап тең Мүнхенден сүйлөшүүлөрдө жылыш бар деген маанай менен кетишти.
Жабык эшик артындагы дипломатия тыйындын бир гана бети. Жыйында Батыш альянсынын келечеги жана анын ичиндеги Американын орду талкууланды.
"Эркин дүйнө" тууралуу сөз жана туруктуулук белгилери
Күндүн башында Марко Рубио маселени стратегиялык өңүттө сүрөттөп, "эркин дүйнөнү" кыйрап бараткан эмес, тескерисинче жаңыланууга жөндөмдүү туруктуу система катары мүнөздөдү.
СССР кулагандан кийин Европадагы АКШнын саясатын түзүүгө маанилүү салым кошкон тажрыйбалуу дипломат Дэниэл Фрид бул кайрылууну конструктивдүү деп баалады.
"Бул Батыштын биримдигинин артыкчылыктарын даңазалап, НАТО сыяктуу негизги институттарды кыйратууга эмес, реформалоого чакырган позитивдүү “эркин дүйнө” тууралуу сөз болду", - деди ал 14-февралда "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна. Муну ал Перл-Харбордон берки Американын чоң стратегиясынын таанымал варианты деп мүнөздөдү.
Дипломат Марко Рубио Орусия жана Кытай сыяктуу атаандаштарды ачык атап, Москванын Украинага каршы согушуна көбүрөөк түз көңүл бурганда болмок деп эсептейт.
Ошентсе да, жалпы билдирүү туруктуураак багытты көрсөткөнүн, курч риторика жана белгисиздик коштогон мезгилден кийин Мүнхендеги ыргак кыйла жубатарлык болгонун белгиледи.
Мындай маанай Мүнхендеги Ukraine House борборунда, Atlantic Council уюштурган кабыл алууда дагы байкалды. Сенаттагы НАТОнун байкоочу тобунун теңтөрагалары - демократ Жинн Шейхин (Нью-Гэмпшир) жана республикачы Томм Тиллис (Түндүк Каролина) Вашингтондун НАТОго колдоосу бекем экенин белгилешти.
Жинн Шейхин альянс АКШнын негизги кызыкчылыктарына кызмат кылганы үчүн сакталып келе жатканын айтты. Ал эми Томм Тиллис "Биздин тагдырыбыз өз ара тыгыз байланышкан, түбөлүккө ушундай болот" деди.
АКШнын улуттук коопсуздук боюнча башкы орун басарынын мурдагы кеңешчиси Алекс Вонг үчүн Мүнхендин өзү символикалык мааниге ээ. Анын айтымында, бул жыйындын өзү трансатлантикалык альянстын туруктуу маанисин көрсөтөт. "Эркин дүйнө" курулай ураан эместигин жана Атлантиканын эки жээгинде тең саясий эрк сакталарын далилдейт.
Марко Рубио 15-февралда Словакия менен Венгрияга жөнөмөкчү. Булар Москвага каршы турууда саясий жактан эки анжы өлкөлөр.
Батыштагы байкоочулар үчүн бул сапар дагы кеңири стратегиянын бир бөлүгү: альянстын чыгыш канатын бекемдөө, саясий борборду турукташтыруу жана ачык айтылса да, айтылбаса да Украинаны трансатлантикалык күн тартибинин өзөгүндө калтыруу.
Шерине