Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:49

НАТОнун мааракеси доомат менен коштолду


НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери.
НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери.

Вашингтондогу мааракелик иш-чараларга НАТО мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери катышууда.

Шаршембиде 29 өлкө кирген бул уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг АКШ Конгрессинде сүйлөп, Орусия жараткан коркунуч тууралуу эскертти.

Орусия аскердик кубатын барган сайын арттыруу менен катар ракеталар бонча келишимди бузуп жатканын белгилеген Йенс Столтенберг «биз жарыша куралданууну, жаңы кансыз согушту каалабайбыз, бирок Москвага көп ишене бербешибиз керек» деди.

Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

«НАТОнун бирдиктүү позициясы айкын. Орусия Орто жана жакын аралыкка учуучу ракеталар жөнүндөгү келишимди бузуп жатат. Европада АКШнын жаңы ракеталары жок, бирок Орусияныкы пайда болду. Мен Орусияны келишимди аткарууга үндөй берем. Убакыт өтүп жатканы менен азырынча Орусиянын бул багытта кандайдыр бир кадам таштаганы байкалбайт. Бир эле тарап урматтаган макулдашуу биздин коопсуздугубузду камсыз кылбайт. Демек биз ошол келишимсиз дүйнөдө жашоого даяр болууга тийишпиз», - деди уюмдун баш катчысы.​

Сөз болгон келишим 5 500 чакырым аралыкка уча ала турган өзөктүк жана башка ракета комплекстерине тыюу салат.

АКШ Орусияны «тыюу салынган ракеталарды сынап жатат» деп айыптап, бир тараптуу түрдө макулдашуудан чыккандан кийин Москва да документтин шарттарын аткарууга милдеттүү эмес экенин билдирген.

Столтенберг альянс Европада өзөктүк комплекстерди жайгаштырууга ниеттенбей турганын, бирок Орусияны тизгиндеш үчүн натыйжалуу чара көрөрүн маалымдады.

Баш катчы сөзүнүн бир топ бөлүгүн НАТО менен АКШнын өз ара мамилелерине арнады.

АКШ Сенатынын жана Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү уюмду жакташканы менен президент Дональд Трамп Ак үйгө келе электе эле НАТОну көп сындачу. Президенттик өнөктүгүндө АКШ президенти ал түгүл блоктун «эскиргенин жана кымбатка турганын» айтканы бар.

Трамп ошондой эле блоктун мүчөлөрүн «коргонуу тармагына жетиштүү каражат бөлүшпөйт» деп айыптап келатат.

3-апрелде мааракеге арналган жыйында АКШнын вице-президенти Майк Пенс Европанын экономикалык жактан өнүккөн ири өлкөсү Германияны «Орусия тараптан жаралган коркунучка жетиштүү көңүл бурбай келатат» деп сындады:

Майк Пенс.
Майк Пенс.

«Германия бүгүн да ички дүң өнүмүнүн 2 пайызын бирдиктүү коргонууга жумшоодон баш тартып келатат. Көптөгөн аракеттерден кийин 2024-жылга карай коргонууга ички дүң өнүмүнүн бир жарым пайызын сарптоого араң көндү. Бирок немис парламентинин кароосуна жаңыдан коюлган быйылкы бюджеттин долбоорунда ошол убадасы да камтылбай, 1,3 пайыз деп жазылыптыр. Германия көбүрөөк аракет кылууга тийиш».

Баш катчы Столтенберг НАТОнун мүчөлөрү акыркы эки жылда коргонуу чөйрөсүнө 41 миллиард доллар коротушканын, кийинки жылы бул сумма 100 миллиард долларга жетерин билдирди.

НАТО 1949-жылы аскердик кубаты өсүп жаткан СССРди ооздуктап туруу максатында негизделген. Улам кеңейип отуруп уюмга ушу тапта 29 өлкө кирет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG