Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

НАТОнун ири машыгуусу башталды


НАТОго мүчө он бир мамлекеттин күчтөрү катышкан Латвиядагы машыгуу, Адази, 29-октябрь 2017-жыл.
НАТОго мүчө он бир мамлекеттин күчтөрү катышкан Латвиядагы машыгуу, Адази, 29-октябрь 2017-жыл.

НАТО 25-октябрда “Кансыз согуш” аяктагандан берки эң ири аскердик машыгуусун баштаганы турат. Орусия НАТОну негизи жок коркунучту жүйө кылып, аскердик аракетин күчөтүп жатат деп айыптады.

65 кеме, 250 учак жана тик учак, 10 миң аскердик унаа жана 50 миң жоокер. Түндүк атлантикалык аскердик альянс “Кансыз согуш” аяктагандан бери мынчалык ири машыгууну өткөрө элек болчу.

Күчтөрдүн биригиши деген мааниге келген “Trident Juncture-2018” аттуу бул машыгуунун биринчи фазасы бейшемби күнү Норвегияда башталды. Ага НАТОго мүчө 29 өлкөнүн баары, ошондой эле Финляндия менен Швециянын күчтөрү да катышат. Машыгуунун биринчи фазасы 7-ноябрга чейин, экинчиси 13-ноябрдан 24-ноябрга чейин созулат.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг шаршемби күнү Брюсселде өткөн маалымат жыйынында бул машыгуу дымактуу экенин, көп күчтү талап кыларын айтып, уюмга мүчө өлкөрдүн кудурети менен биримдигин көрсөтө турганын белгиледи:

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

- Бул машыгуу (Trident Juncture – 2018) биздин өлкөлөргө жана потенциалдуу душманга так белги берет. НАТО карама-каршылыкты көздөбөйт, бирок биз өз өнөктөштөрүбүздү бардык коркунучтардан коргоого даяр турабыз.

Столтенберг түздөн-түз Орусияны айыптабаса да, соңку жылдары Европадагы коопсуздук тармагындагы кырдаал начарлап кеткенин баса белгилеп, бул жолку машыгуу НАТО жаңы шартка кандайча ыңгайлашканын да көрсөтөрүн кошумчалады.

Орусия менен НАТО соңку бир канча жылдан бери бири-бирин чагымга жана агрессияга жол берди деп айыптап келет. Түндүк атлантикалык альянстын мүчөлөрү Орусиянын 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялаганын, Украинанын чыгышындагы жаңжалдардагы болжолдуу ролун кескин сынга алышкан.

Өз кезегинде Москва НАТОнун Советтер Союзу ыдырагандан кийин Варшава пактына кол койгон мамлекеттердеги жана Балтика өлкөлөрдө таасирин күчөткөнүн чагымчыл аракет деп мүнөздөп келет.

"Чыгыш-2018" машыгуусуна катышкан орус аскерлери, 15-сентябрь, 2018-жыл.
"Чыгыш-2018" машыгуусуна катышкан орус аскерлери, 15-сентябрь, 2018-жыл.

Орусия 2017-жылдын сентябрь айында Беларус жана НАТОго мүчө бир катар өлкөлөр менен чектеш аймактарында “Батыш-2017” машыгуусун өткөргөн. Бир жылдан кийин Коргоо министрлигинин Борбордук жана Чыгыш аскер округдарынын бардык полигондорунда 300 миң аскердик кызматкер катышкан “Чыгыш-2018” аттуу ири машыгуусун уюштурган.

37 жыл мурда, жарыша куралдануу күч кезинде Советтер Союзунун эң ири машыгуусуна да мындан эки эсе аз аскер катышканы маалым.

Орусия менен Беларустун Коргоо министрликтеринин 24-октябрда Минскте өткөн биргелешкен жыйынында орус коргоо министри Сергей Шойгу НАТОну негизи жок коркунучту жүйө кылып, аскердик аракетин күчөтүп жатат деп айыптады:

Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу.
Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу.

- НАТОнун биздин чек арабыз жанындагы аскердик активдүүлүгү “Кансыз согуштан” бери болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. Ал үчүн Түндүк атлантикалык альянс Орусиянын коркунучу жөнүндө мифти колдонуп келет. Чек ара аймагындагы оперативдүү-аскердик даярдыктын масштабы кеңейип жатат.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин айтымында, бейшембиде баштала турган машыгууда аскерлер “Түндүктүн күчтөрү” жана “Түштүктүн күчтөрү” деген эки топко бөлүнөт. Бирөө баскынчы тараптын, экинчиси НАТОнун коргоонуу күчтөрүнүн ролун аткарат.

Бул жолку машыгууда аскерлердин Түндүк атлантикалык альянстын мүчөсү Норвегиянын суверендүүлүгүн коргоого канчалык даяр экени сыноодон өтмөкчү.

- Сценарий ойдон чыгарылганы бышык. Бирок андан үйрөнө турган сабактар реалдуу болмокчу, - деди Столтенберг.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG