Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

НАТО Чыгыш Европада аскерин көбөйтөт


Андерс Фог Расмуссен (оңдо) АКШнын коргоо катчысы Чак Хейгел менен НАТОнун жыйыны алдында, Брюссель, 3-июнь, 2014
Андерс Фог Расмуссен (оңдо) АКШнын коргоо катчысы Чак Хейгел менен НАТОнун жыйыны алдында, Брюссель, 3-июнь, 2014

НАТО Орусияны Украинадагы абал үчүн сындады. Анын алдында АКШ Европадагы аскерин көбөйтүү планы тууралуу айткан.

НАТО Орусиянын Украинадагы "жоопкерсиз жана мыйзамсыз аракеттери жалпы Европанын бүтүндүгүнө, эркиндигине жана тынчтыкка олуттуу сыноо жаратып жатат" деди. Анын алдында АКШ Европадагы аскерлеринин санын көбөйтүш үчүн каражат бөлүү планы тууралуу айткан.

НАТОнун Брюсселдеги жыйыны блок чыгыштагы мүчө мамлекеттеринде аскерлерин жайгаштырыш керекпи-жокпу деген маселени карайт. Баш катчы Андерс Фог Расмуссен талкуу алдында сүйлөгөн сөзүндө бул маселенин көтөрүлүшүнө башкы себепти атады.

- "Кансыз согуш" бүткөндөн бери НАТО Орусияны тирешүү эмес, кызматташтык, стратегиялык өнөктөштүккө кошконго такай аракет жасап келди. Бир убакта Орусиянын конструктивдүү аракеттери евро-атлантикалык аймакта коопсуздукту жана стабилдүүлүктү курууда маанилүү бөлүктү ойноп турган, - деди Расмуссен.

Бирок, Расмуссендин пикиринде, "бүгүн Орусиянын жоопкерсиз жана мыйзамсыз иштери бүтүн Европага, эркиндикке жана тынчтыкка олуттуу маселе чыгарып жатат".

НАТО менен Москванын мамилеси быйыл мартта Орусия Украинанын бир бөлүгү болуп турган Крым автономиялуу республикасын өзүнө аннексиялап алгандан кийин бузулган. Расмуссен азыр Кремлди “Европанын чек арасын кайра түзгөнгө далалат жасап жатканы” үчүн айыптаганы да ошондон.

- Орусия өзүнүн геосаясий максаттарына жетиш үчүн чек араны кайра чийип, Европаны бөлүп, эгемен өлкөлөрдү бейстабилдештириш үчүн күч колдонууга даяр экенин көрсөттү. Орусиянын аракеттери бүтүндөй евро-атлантикалык аймактагы коопсуздукка, стабилдүүлүккө коркунуч жаратып жаткандыктан биз анын альянска кыска мөөнөттө жана узак мезгилде тийгизиши мүмкүн болгон кесепеттерин өтө кылдат ойлонушубуз керек, - деди альянстын баш катчысы.

Ушул эле күнү АКШнын президенти Барак Обама Польшага сапары маалында Чыгыш жана Борбордук Европада аскерлердин санын көбөйтүш үчүн бир миллиард доллар бөлүү планы бар экенин айтты.

- Биз америкалык аскерлердин, армиянын, Борбордук жана Чыгыш Европада ар кайсы мамлекеттерде орун алмаштыра турган аба күчтөрүнүн санын көбөйтүшүбүз керек. Биз өзүбүздүн Украина, Молдова жана Грузия өңдүү досторубуз менен өнөктөштүгүбүздү күчтөндүрүшүбүз зарыл. Алар өздөрүнүн коргонуу пландарын сунушташат, - деди Обама.

Варшавада президент Бронислав Коморовский менен биргелешкен маалымат жыйынында сүйлөп Обама НАТОнун мүчөлөрүн жамааттык коопсуздукту бекемдеш үчүн коргонууга коротулчу каржынын көлөмүн көбөйтүүгө үндөдү.

Америкалык президент Москвага да кайрылып, Украинадагы сепаратисттер куралын ташташы үчүн таасир этүүгө чакырды.

Ал АКШ азыр Орусия менен мамиленин жакшырышын каалай турганын, “Москваны коркутууга аракет кылбаганын” айтты. Ошол эле маалда, непада Орусия Украинадагы абалды бейстабилдештирүүнү уланта берсе ага каршы санкцияларды дагы күчтөндүрүүгө Вашингтон даяр экенин белгиледи.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG