Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Евробиримдик бюджет тартибин катуулатты


Евробиримдик еврону "сары чакасына" чейин эсептегенге аргасыз болуда.
Евробиримдик еврону "сары чакасына" чейин эсептегенге аргасыз болуда.

Европа Биримдиги бюджеттик тартипти чыңдайлы деп макулдашты.

Дүйшөмбү күнү Брюсселде болгон саммитте фискалдык саясатты катуулатуу жөнүндөгү келишимди Биримдиктин 27 мүчөсүнүн 25и колдоду.

Жаңы, мурдакыга салыштырганда алда канча радикалдуу келишимге Евробиримдиктин лидерлери 1-2-мартта болчу жыйында кол коюшат. Ал күчүнө кирүүсү үчүн кеминде 12 өлкөнүн парламенти бекитүүгө тийиш.
Португалия өкмөтүнүн 10 жылдык бондорунун жылдык төлөмү 15 процентке, беш жылдык баалуу кагаздары боюнча 21,4 процентке барабар. Бул, арийне, бюджеттин жүгүн оорлотууда.


Брюссел келишиминин шартына Британия буга чейинкидей эле кошулбады. Ошон үчүн евромейкиндиктин келерки жыйындарына байкоочу ирети катышат. Чехия болсо документ менен таанышуу зарыл деп чыга келди.

Дүйшөмбү күнү жетишилген келишимге ылайык, уюм мүчөлөрүнүн бюджеттик таңкыстыгы ички дүң продукциянын 0, 5 процентинен жогору болбош керек. Эгер кайсы бир өлкө бул лимиттен чыгып кетсе, токтоосуз санкцияга кабылат. Мурдагы шарт боюнча, бюджеттин дефицити 3 проценттен ашпоого тийиш эле.

Ар бир өлкөнүн чыгаша-кирешесинин баланстуу болуусун болочокто Европа Соту көзөмөлдөйт.

Германиянын канцлери Ангела Меркел(солдо) жана Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэжл Барросу Брюсселдеги саммит учурунда пикир алмашууда. 30-январь 2012
Германиянын канцлери Ангела Меркел(солдо) жана Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэжл Барросу Брюсселдеги саммит учурунда пикир алмашууда. 30-январь 2012
Швециянын премьер-министри Фредрик Райнфелдт Брюсселдеги саммиттен кийин бюджеттин балансын сактоо боюнча жаңы келишим купулуна толгонун билдирди:

- Сиздер бул (келишим) биздин таасирибизди бекемдейт деп айта аласыздар. Бул биз үчүн маанилүү.

“Евромейкиндикке кирбеген өлкөлөр бюджеттик дисциплинага арналган келерки жыйындарга катыша алабы?” деген суроо жөндөлмөйүн Брюсселдеги жыйын бир бүтүмгө келе албай жатты. Себеби Франция келерки жыйындарга евромейкиндиктин 17 мүчөсү гана катышсын десе, Польша еврону колдонууга киргизе элек 10 өлкөнүн да маселени чогуу талкуулаганын талап кылып жатты.

Саммит алдында Польшанын премьер-министри Доналд Туск Монетардык союзга кошула элек өлкөлөр финансылык тартипти бекемдөө боюнча быйылга белгиленген эки жыйындын бирине эле катышуусуна каршы экенин эскерткен эле:

- Польша көптөгөн башка мамлекеттер сыяктуу фискалдык жобо боюнча жоопкерчиликке даяр. Лекин береги өлкөлөрдүн да фискалдык тартипти кандай аткаруу боюнча чечим кабыл алуу жараянына катышуусун талап кылат.

Акыр соңунда евромейкиндикке кирбеген өлкөлөр быйыл болчу эки жыйынга эч кандай шарты жок жана тең укуктуу катышуусуна Франция баш болгон өлкөлөр көнүп, талаш жөндөлдү.

Евробиримдикке мүчө 27 мамлекеттин башчылары күн тартибинде каралбаса да Грекияны финансылык капсалаңдан сактоонун жолдорун да Брюсселдеги жыйында талкуулашты. Грекиянын жаңы өкмөтү акыркы жумаларда менчик компаниялар менен тышкы карызынын теңин кечүү тууралуу сүйлөшүүдө. Эгер Афины борчун тең жарымга азайтканга жетишсе, евромейкиндиктеги өлкөлөр менен Эл аралык валюта фонду өлкөгө 130 миллиард евро өлчөмүндөгү экинчи көмөк пулду берет.

Бул тушта Европанын түштүк ныптасындагы өлкөлөрдүн экономикасы кеселдөөдө. Испаниянын ички дүң жыйымы өткөн жылдын төртүнчү чейрегинде 0, 3 процентке азайып, рецессия башталды. Рецессия Португалияга бюджеттин дефицитин кыскартууга жолтоо болууда. Азыр Португалия өкмөтүнүн 10 жылдык бондорунун жылдык төлөмү 15 процентке, беш жылдык баалуу кагаздары боюнча 21,4 процентке барабар. Бул арийне, бюджеттин жүгүн оорлотууда. Ошондуктан Португалия өкмөтү дагы чечкиндүү аракеттенбесе, Грекиянын тонун кийип калышы мүмкүн.

Францияны да экономикалык илдет жөн калтырбады. Өлкө жогорку кредиттик рейтингин жоготту. Ал эми Италиянын карызы ченемсиз чоң.

XS
SM
MD
LG