Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

ЕМС Грекиянын "эки бутун бир кончко сыйдырды"


Грек парламентинин сырт жагында турган полиция кызматкерлерине демонстранттар ыргыткан "Молотов коктейли" күйүүдө. Демонстранттар өкмөттүн 4,8 миллиард евролук экономикалык чарасына нааразылык билдирүү үчүн көчө жүрүшүнө чыккан. Афины. 11-март 2010
Грек парламентинин сырт жагында турган полиция кызматкерлерине демонстранттар ыргыткан "Молотов коктейли" күйүүдө. Демонстранттар өкмөттүн 4,8 миллиард евролук экономикалык чарасына нааразылык билдирүү үчүн көчө жүрүшүнө чыккан. Афины. 11-март 2010

Евромейкиндикке кирген өлкөлөр өтө зарыл болуп калса, Грекияны дефолттон сактоо үчүн Афиныга кредит берели деп макулдашты.

Европа монетардык союзу, кыскача ЕМС, Грекияга берчү карыз акчанын так суммасы али тактала элек. Бирок, келип түшкөн маалыматтарда кеп 25 миллиард евро жөнүндө жүрүп жатканы айтылат.

Евромейкиндик Грекия кредит берчү болсо, негизги жүк Германиянын борбордук банкынын мойнуна түшөт.

Евромейкиндикке мүчө 16 өлкөнүн финансы министрлери 15-мартта кеч бешимде Грекияга жардамдашуу боюнча орток бүтүмгө келишти. Азырынча анын жобосу жарыялана элек.

Бирок Евробиримдиктин ырасмий булактарынын айтышынча, Грекияга кредит демейдегиден кымбат наркта берилет. Тактап айтканда, карыз коммерциялык кредит ирети берилет. Бул Биримдиктин карызга колкосунан баткан мүчөлөрүнө кредит бербөө жөнүндөгү эрежени бузбайт. Нидерландиянын финансы министри Ян Кеес де Ягердин Bloomberg агенттигине айтышынча, кымбат кредит Грекияны каражатты финансылык базардан алып, сарамжалдуу колдонууга түртөт.

Евромейкиндиктин президенти, Люксембургдун премьер-министри Жан-Клод Юнкер.

Афиныга зарылдык болсо, жардам көрсөтүүнүн маанисин Люксембургдун премьер-министри Жан-Клод Юнкер мындай түшүндүрдү:

- Бул кадамды эл аралык базар Грекияга кандай гана болбосун көмөк көрсөтүлөт деп түшүнбөө керек. Грекияга жардам зарылдык болсо гана берилет. Биз мындай кадамга барабыз деп ойлобойбуз. Бирок биз анын механизми боюнча чечим кабыл алышыбыз керек.

Евромейкиндиктин дөө-шаалары Франция менен Германиянын финансы министрлери да жардам муктаждык болгон учурда гана көрсөтүлөт деген пикирди тутунууда.

Дефолт же өз милдеттенмелерин төлөй албоо коркунучу алдында турган Грек өкмөтү катаал жагдайдан чыгуу үчүн бир катар чечкиндүү кадамдарды жасады. Айтсак, жөлөк пулдар жана пенсияларды кыскартып, 15-марттан тарта кошумча салыктын өлчөмүн жогорулатты. Бул казынага 1,3 миллиард евро алып келиш керек. 1,3 миллиард евро Грекиянын ички дүң жыйымынын 0,5 процентине барабар акча. Андан тышкары күйүүчү майлардан төлөнчү акциздик салыкты көбөйтүү бюджетке 1,1 миллиард евро берүүгө тийиш.


Бул окуяда Евробиримдиктин жетекчилигин Грекиядан да орток валюта - евронун келечеги тынчсыздандырууда. Анткени былтыр ноябрдан бери евро долларга салыштырмалуу 10 процентке арзандап кетти. Эгер еврого ишеним качса, Биримдиктин Испания, Португалия сыяктуу өлкөлөрүнөн инвесторлор качып, евромейкиндик капсалаңга кабылышы мүмкүн.

Грекияны куткаруу планын же эки жактуу кредиттин шартын Евробиримдикке мүчө 27 өлкөнүн жетекчилери бекитиши шарт. Бирок ырасмий булуктар документ Биримдиктин 25-26-март күндөрү Брюсселде болчу саммитине дейре даяр болбой калышы этимал дешет.

XS
SM
MD
LG