Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Түндүк Корея кайрадан коркутууга өттү


Жол башчы Ким Чен Ын аскерлер менен жолуккан учур. 4-мартта, 2016-жыл.
Жол башчы Ким Чен Ын аскерлер менен жолуккан учур. 4-мартта, 2016-жыл.

Түндүк Корея өлкөнүн өзөктүк дүрмөттөрү күжүрмөн даярдыкка келтирилгенин ырастоодо. Мунун алдында БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы санкцияларды кеңейткен болчу. Түндүк Корея режими эл аралык коомчулуктун бул чечимин ачуулануу менен кабыл алган.

Жол башчы Ким Чен Ын өлкөнүн өзөктүк күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирүүнү буюруганын Түндүк Кореянын мамлекеттик кабар агенттиги жана телеси жума күнү жарыялады:

- Биз өздүк коргонуубузду чыңдайбыз жана спутниктик супердержавага айлануу үчүн алга карай жыла беребиз. Жол башчы тарабынан улуттук коргонуу үчүн жайгаштырылган өзөктүк дүрмөттөрдү кайсыл учурда болбосун атуу үчүн күжүрмөн даярдыкка келтирүү зарылдыгы белгиленди. Биздин чарабыз түрдүү ыкмаларды жана аспаптарды, анын ичинде карандай күч менен аёосуз жооп берүүнү да камтыйт, - деди мамлекеттик теленин диктору өкмөттүн билдирүүсүн окуп жатып.

Баяндамачылар Пхеньяндын соңку билдирүүлөрүн аскерий риториканын жандануусу катары баалашууда. Адатта Түндүк Корея мындай риторикага кырдаал чыңалган учурда барат.

Аскерий эксперттер Пхеньяда азыр өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү жана узак радиуска уча ала турган ракета бардыгынан күмөн санашканы менен дүйнө державалары жана коңшулары аны эл аралык коомчулуктун талабын угуп, эпке келүүгө чакырышууда.

Маселен АКШ тарап, Түндүк Корея жетекчилигине “чагымчыл аракеттерден оолак болуу зарылдыгын эскертсе, жакынкы коңшу Түштүк Кореянын президенти Пак Хын Ке буларды белгиледи:

Түштүк Кореянын аскерлери
Түштүк Кореянын аскерлери

- Мен Түндүк Кореяны өзөктүк курал режимдин коопсуздугунун кепили деген иллюзиядан арылууга дагы бир жолу чакырам. Ал өзгөрүү жолуна мүмкүн болушунча тез түшүүсү керек. Эгер ал дагы чагымга бара турган болсо, бул үчүн кандай кун төлөөгө туура келерин көргөзүп, катаал жазалоого чакырам. Биз ошондой эле өз өлкөбүздү коргоо эркибизди да көргөзөбүз.

Түндүк Кореянын өзөктүк куралды жана өзөктүк ракеталарды өнүктүрүүсү эл аралык коомчулук үчүн кабыл алынгыстыгын Жапония да эскертсе, Пхеньянга таасир көргөзө алат деп айтылып жүргөн Кытай коңшусунун өзөктүк куралга жетүү мүдөөсүнө ар убак каршы болуп келгенин, бирок бул талаш маселени жөнгө салуучу чечим табылат деген ишенимде турганын билдирди:

- Кытай Түндүк Кореянын өзөктүк курал планына ар убак чечкиндүү түрдө каршы болуп келген. Анткени ал аймактык тынчтыкка, стабилдүүлүккө, Кытайдын жана башка коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч туудурат. Биз буга дайыма каршы болуп келгенбиз, бирок чечим табылат деген ишенимдебиз, - деди Кытай парламентинин өкүлү Фу Ин.

Жаңы санкциялар

Соңку айларда Пхеньяндагы режимдин күчүн көргөзүү аракети кайрадан байкалууда. Ал быйыл январда дагы бир өзөктүк сыноо өткөрүп, ага катар спутниги бар ракетасын учурган.

Түндүк Корея ракета аткан учур.
Түндүк Корея ракета аткан учур.

Буга жооп иретинде БУУнун Коопсуздук кеңеши 2-мартта Пхеньянга каршы санкцияларын кеңейткен. Бир добуштан кабыл алынган резолюцияга ылайык, Түндүк Кореяга эми көмүр, темир, түстүү металлдарды экспортоого тыюу салынат.

Ага катар 16 компанияга, соода ишине тартылган 12 жеке адамга жана расмий өкүлгө карата чектөө чаралары да коюлду.

Санкциянын баштапкы долбоорунда Пхеньянга авиациялык отун сатууга да тыюу салуу сунушталган эле.

Бирок бул жобону ал өлкөдө экономикалык кызыкчылыгы бар Орусия резолюциядан алдырып салды. БУУнун артынан Пхеньянга каршы санкциясын Евробиримдик да кеңейтти.

Батыш дипломаттарынын ырастоосунда, санкциялар Түндүк Кореянын режимин жана башкаруучу чөйрөлөрүн гана бутага алат. Ансыз деле кыйынчылыкта, тамак-аш тартыштыгында жашап жаткан карапайым элге зыянын тийгизбейт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG