Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

АКШ: Европадагы союздаштар жалгыз калбайт


Барак Обама Польшадагы алгачкы демократиялык шайлоонун 25 жылдыгына арналган салтанатка катышты.
Барак Обама Польшадагы алгачкы демократиялык шайлоонун 25 жылдыгына арналган салтанатка катышты.

АКШ президенти анын өлкөсүнүн Чыгыш жана Борбордук Европадагы өнөктөштөрү эч убакта жалгыз калбасын убада кылды.

Барак Обама бул тууралуу кечээ, 4-июнда Варшавада, Польшадагы туңгуч демократиялык шайлоонун 25 жылдыгына арналган салтанат учурунда билдирип, Кошмо Штаттардын өнөктөштөр алдындагы милдеттенмесин Орусиянын Украинадагы аракеттерине байланыштырды.

Варшаванын Сепил аянтына чогулган алты миңдей адамдын астында сүйлөп жатып Барак Обама Украинадагы учурдагы кырдаалды Польшада мындан 25 жыл мурда болгон окуялар менен салыштырып:

- Европаны бириктирүү үчүн канча кан төгүп, каражат короткондон кийин жаңы кылымды аныктоо үчүн биз кантип 20- кылымдын "кара тактикасына" жол бере алабыз? Эркин жана көз каранды эмес Украина Европа, Орусия, АКШ жана дүйнөнүн калган бөлүгү менен бекем алака-катышка жана соодасын өнүктүрүүгө муктаж. Анткени биз бүгүн бул жерде майрамдап жаткан прогресске украин эли да татыктуу жана алар буга умтулууда, - деди.

Обама Орусиянын Украинада жасаган иштерин сынга алып, Москванын чагымдары анын мындан ары да изоляциялануусуна алып барарын кошумчалады:

- Империя аркылуу таасир көрсөтүү күндөрү артта калды. Чоң мамлекеттер кичине өлкөлөрдү коркутуусуна, өз эркин тапанча такоо менен таңуулоосуна, беткапчан адамдар имараттарды ээлеп алуусуна жол берилбөөсү керек. Коңшудан уурдалган жерди калем менен эле чийип, мыйзамдаштырып алуу мүмкүн эмес. Биз Орусиянын Крымды оккупациялоосун жана Украинанын суверенитетин бузушун кабыл албайбыз.

Орусиянын Крымды аннексиялап алуусу, Украинанын түштүк-чыгыш чек арасына аскер жайгаштыруусу Чыгыш жана Борбордук Европанын майда өлкөлөрүн алар НАТОнун мүчөсү экенине карабай камтамага салганы белгилүү. Мындан улам Кошмо Штаттардын президенти Европага азыркы келишинде бул чөлкөмгө кошумча аскер күчтөрүн жана курал-жарак жөнөтүү үчүн 1 миллиард доллар сарпталаарын да жарыялады.

Кечээ, 4-июнда Варшавада сүйлөп жатып Обама Польша, Эстония, Латвия, Литва, Румыния “эч убакта жалгыз калбайт” деп убада кылды.

Польша борборунда АКШ президентинин Украинанын шайланган президенти Петро Порошенко менен жеке жолугушуусу да өттү. Обама Петро Порошенконун президенттикке шайлануусун “даанышман чечим” деп атап, ага өлкөнү "өтө оор мезгилде башкаруу вазийпасы туш келгенин" белгиледи. Жолугушуудан кийин журналисттер алдында сүйлөп жатып Обама:

- Азыркы өткөөл жараян жана реформа учурунда биз жардам көргөзө алуучу кошумча чараларды талкууладык. Украинанын күч органдары менен армиясын өлкөнүн айрым бөлүктөрүндө чыгып жаткан көйгөйлөрдү жөнгөрө алуусу үчүн аларды машыктыруу жана кесиптик чеберчилигин арттыруу боюнча чараларды сүйлөштүк.

Варшавадагы жолугушуунун артынан АКШ Украинанын коопсуздук күчтөрүнө чыгыштагы жикчилдер менен күрөшүүсүнө 5 миллион долларга жабдуу жагынан жардам көргөзөрү жарыяланды. Анын ичинде бронжилеттер жана түндө колдонулуучу көз айнектер болот.

Бул аралыкта орус президенти Путин америкалык администрацияны эки
жүздүүлүк үчүн айыптап, анын Украинага байланыштуу Орусияны изоляциялоо аракетин “агрессивдүү” деп атады.

Орус президентинин ырастоосунда, Украинанын чыгышында орус аскерлери жок. Путин бул тууралуу 4-июнда француз журналисттерине берген интервьюсунда айтты. Орус президенти билдиргендей, ал Обама менен диалогго даяр, "бирок бул АКШ президентинин тандоосу болот".

Путин да, Обама да ушул аптада Францияда Экинчи дүйнөлүк согушка АКШ, Канада, Британ күчтөрүнүн кошулушунун 70 жылдыгын белгилөөгө катышат. Бирок эки президенттин көзмө-көз жолугушуусу мерчемделген эмес.

XS
SM
MD
LG