Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:35

АКШ терроризмге каршы кор түзөт


Обама 28-майда Нью-Йорктогу Вест Пойнт аскер академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн алдында сүйлөдү.
Обама 28-майда Нью-Йорктогу Вест Пойнт аскер академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн алдында сүйлөдү.

АКШ президенти Барак Обама тышкы саясат жөнүндө сүйлөп жатып, жалпы дүйнө үчүн эң чоң коркунуч терроризм экенин баса белгиледи. Ал арада айрым талдоочулар америкалык президенттин сөзү элди ынандыра алган жок деп сындашууда.

Обама 28-майда Нью-Йорктогу Вест Пойнт аскер академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн алдында сүйлөгөн сөзүндө Кошмо Штаттардын дүйнөдөгү маанилүү алдыңкы ролун белгилеп:

- Биздин же өнөктөштөрүбүздүн коопсуздугу коркунучка дуушар болсо, Америка бир тараптуу түрдө аскердик күч колдонот. Бирок бул күчтөн мурда мен бардык тараптарды эл аралык кызматташууга жана сабырдуулукка чакырат элем, - деп айтты.

Эл аралык сүйлөшүүнүн жакшы жыйынтыгы катары Обама Иранды мисал келтирип, акыркы он жылда биринчи жолу Тегеранды ядролук программасынан баш тартууну милдеттендирген келишимге кол коюлуусу мүмкүн экенин кошумчалады.

Обама АКШнын мыйзам чыгаруучуларын жаңы түзүлгөн Антитеррордук фондду колдоого чакырды. Беш миллиард долларлык кор терроризмге каршы күрөштүн алдыңкы катарында жүргөн өлкөлөргө көмөктөшүүнү көздөйт.

- Биз өзүбүздүн контр-террористтик стратегиябызды өзгөртүшүбүз керек деп ойлойм. Биздин Ирактагы жана Ооганстандагы тажрыйбадагы ийгиликтерге жана кемчиликтерге таянуу менен террористтик уюмдар башкалкалоого аракет кылган өлкөлөр менен кызматташуубузду күчөтүшүбүз керек, - деди президент.

Обама жаңы түзүлгөн фонд Йемендеги, Сомалидеги көп улуттуу тынчтыкты камсыздоочуларга колдоо көрсөтүп, Ливиядагы НАТОнун, Малидеги француз күчтөрүнө көмөктөшөөрүн кошумчалады.

Обама ушул жылдын аягында Ооганстандагы эл аралык күчтөр чыгарылгандан кийин ооган жергесинде 9 миң 800 аскер каларын билдирди. Эмки жылдын аягында алардын саны эки эсеге кыскартылмакчы. Ал эми контингент Ооганстандан 2016-жылдын соңунда чыгып кетери болжолдонууда.

Обама "Дүйнөлүк коомчулук Орусиянын Украинанын эгемендигине каршы аракеттерин Кошмо Штаттардын лидерлиги астында айыптоого тийиш",- деди.

Сирияда үч жылдан бери басылбаган согуш тууралуу айтып жатып, сириялык оппозицияга колдоо күчөтүлөрүн билдирди.

Акыркы мезгилдерде айрым талдоочулар АКШнын тышкы саясатын “алсыз” деп баалап, Вашингтон “Сириядагы кан төгүүнү токтотууга, Орусиянын Крымды аннексиялашына бөгөт коё албаганын” сындашат. "Нью-Йорк Таймс" гезити Обама Вест Пойнттогу сөзүндө ушул сыяктуу сындарга басым жасап, жооп бергенин жазып чыкты.

"Хьюман Райтс Вотч" уюмунун улук илимий кызматкери Хизер Харлбурт:

- Он жыл бир эле аскерий күчтөр менен сырткы саясатыбызды чечебиз дегенден кийин, Обаманын администрациясы улуттук талкууга жаңы концепцияларды алып чыгууга аракет жасоодо, - деп Обаманын билдирүүсүн "Даражалуу адамдын бийик секиден туруп, сүйлөшүүнүн шартын өзгөртүү аракети” катары баалады.

Ошол эле маалда республикачылар дагы Обаманын сөзү эч кимди ынандыра алган жок деп сындашты.

"Кылым кору" уюмунун илимий кызматкери Майкл Коэн “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна:

- Бул Обаманын саясий беткабы - ал өзүн эки реалдуулуктун ортосунда салмактуу саясатчы катары көрсөткүсү келүүдө. Менин оюмча ал бир аз артта калган тышкы саясатын актоону көздөөдө, - деген көз карашты айтты.

АКШ президентинин кийинки аптада Европада сапары башталат. Обама Брюсселде Чоң жетинин лидерлери менен жолугат жана ошондой эле Экинчи Дүйнөлүк согуштагы өнөктөштөрдүн Нормандияга түшүрүлгөнүнүн 70 жылдыгына арналган иш-чараларга катышмакчы.

XS
SM
MD
LG