Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Орток алфавит: Түрк тилдүү этностордо эгоизм күчтүүбү?

Ушу күндөрү Бишкекте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (КУУ) түркологдордун эл аралык симпозиуму өтүп жатат. Анда азербайжан тилинин жана адабиятынын илимдеги орду, түрк тилдүүлөрдүн фольклору жана орток алфавит жөнүндө сөз болууда.

Түрк тилдүү өлкөлөр латын арибине негизделген орток алфавитке өтүү демилгесин Советтер Союзу кыйрагандан бери көтөрүп келет. Акыркы жолу бул маселе былтыр Азербайжандын Габала шаарында өткөн жыйында көтөрүлгөн. Анда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Чыңгыз Айтматовдун латынга негизделген орток түрк арибинде басылган "Жамийла" повестин президенттерге белек кылган.

34 тамгадан турган, латын тамгаларына негизделген алфавиттин концепциясын Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр эмне үчүн расмий тастыктай элек. Кыргызстан кириллицадан эмнеге баш тартпай жатат? Ага эмне тоскоол болууда?

"Орхон-Энесай жазуусун үйрөнсөк болмок"

Симпозиумда бул маселени айткан түрколог, фольклор таануучу Сулайман Кайыповду учкай кепке тарттык.

- Сулайман агай, буга чейин түрк тилдүү өлкөлөр ортосунда бирдиктүү алфавиттин концепциясы кабыл алынды эле. Бирок ага өтө албай жатканыбыздын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Сулайман Кайыпов
Сулайман Кайыпов

- Орток алфавит 1991-жылдан түрк окумуштууларынын демилгеси менен көтөрүлүп келген маселе. Алар латын арибине өтүп, анын негизинде орток алфавитке өтүш керек, аны менен ар бир түрк тилдүү эл өзүнүн сөзүн туура жаза алышы керек, ошол эле маалда бири-биринин жазганын так окуп, түшүнүшү керек, ошондо гана биз жакындаша алабыз деп айтып келишет. Бул жакшы маселе. Орток алфавит болсо, мен түрктүн сөзүн түркчө окуйт элем, кыргыздын сөзүн түрктөр окуп түшүнсө жакшы эле болбойбу.

Мисалы, казакча кириллица менен жазылган сөздү казакча билгениң үчүн гана окуй аласың. Эгер тыбышка карап окусаң кыйын. Аларда эки "К" тамгасы бар, бирөө куйруктуу. Биз кыргыз деп жазганды "гыргыз" деп окуйт, себеби аларда каткалаң тыбыш куйруктуу "Қ" тамгасы менен берилет. Тамгадагы бир эле айырмачылык жапжакын элдердин ортосун деле алыстатып коет. Эгер латынча орток алфавитке өтө турган болсок, жакшы болмок. Бирок андай болбоду.

- Себеп?

- Орток алфавитти түзүүгө мен дагы катышкам. Кийин дагы кайра каралып, анда дагы катышкам. Түрк тилдүүлөр кабыл алыныш керек дейт дагы, латынчага өтө бергиле дегенде ар бири өзүнчө латын алфавитин жаратып алып жатат. Азербайжандар орток алфавитке окшобогон латынча бир алфавит түзүп алган. Түркмөндөр дагы өзүнчө түзүп, өтүп алышты. Өзбектер дагы, казактар дагы ошентти, азыркыга чейин бирөө дагы мыкты иштеп кете элек.

Президенттерине чейин жетип, “кайра оңдогула” деген маселе коюлуп жатат. Оңдоп да жатышат. Азыр мен латын ариби менен жазылган өзбекче текстти кайсы орфографияга салып окуйм? Өзбектердики көбүнчө англис орфографиясына окшошуп кетет. Өзбекче жакшы билгеним үчүн чала окуп, "аа, баягы сөз турбайбы" деп болжоп билип алам. Казактыкы деле ошондой. Эгер орток алфавитке өтсөк, эч буйдалбай бири-бирибизди түшүнөт элек. Кыргыздар азырынча өткөн жок, бул туура чечим.

Анткени биз өзүбүзчө бир латын арибин тапкан жокпуз, кириллица менен иштеп жатабыз, жакшы эле болуп жатат. Өзбекстанда деле кириллица менен китептер чыгат, себеби латынчаны көпчүлүгү окуй албайт.

- Орток алфавитке өтүү ошондо жакын арада ишке ашпай турган ишпи?

- Орток алфавит деген гениалдуу идея, бирок ишке ашпай келет. Себебин Түркияда да айткам. "Биз орток алфавитти түздүк. Бирок бизге Кыргызстан ыйгарым укук берген эмес, мен кол койсом эле кыргыздар кабыл албайт. Бул иш парламентте чечилиши керек. Силердин парламентиңер орток алфавитти кабыл алсын, анан биздикилер да кабыл алат, өзүңөр кабыл албай, бирок башкаларды өт дей берсеңер эмне болот?" дегем.

Түрк тилдүү элдердин баарында этностук эгоизм күчтүү. Бири күчтүү, бири байыркы болуп өйдөсүнөт. Түрк элдерин жайлай турган ошол маселе. Бир түрк тилдүү эл башка түрк тилдүү элден бир нерселерди кызганат жана көрө албайт. Мындай болбошу керек эле. Түрк окумуштуулары иши кылып латынчага өтө берсек эле болду деп эсептешет.

Алардын саясаты - эптеп кириллицадан кетиш керек, бирок бул жактагы эл сабатсыз болгону жатпайбы. Ага карабайт. Ошол себептүү азырынча кириллица менен иштеп турганыбыз туура деп ойлойм.

- Коомчулукта байыркы Орхон-Энесай жазуусуна өтүүнү сунуштагандар да бар. Рун жазуусун өз алдынча үйрөнүп жүргөндөрдү көрүп калам.

- Эң туурасы ошол. Дүйнөдөгү бардык элдер өз алфавитин таштап салган жери жок. Биз алфавити жок эл болсок, ата-бабаларыбыз алфавит колдонбосо, тамгалардын системасын түзбөсө, башка бирөөнүкүн алып колдонсок болот эле. Орхон-Энесай жазуусу деп жатпайбы, ошонун ичинен Энесай жазуусу кыргыздыкы.

Азыр ошол алфавитке өтөлү десеңиз, айрым кыргыздардын төбө чачы тик туруп, байыркыга кайра кетебизби дешет. Бул өткөнгө кайтуу эмес. Эгер биз азыр кириллица менен теңкатар коюп койсок, бара-бара адамдардын көзү көнүп, кызыккандар аны жазып, окуп, китептерди чыгарып отуруп акырындап өтүп кетет элек. Мына, монголдор өзүнүн эски алфавитине ошентип өтүп жатат, өтүп бүткөнү да калды.

Алар да кириллица менен жазат, анын жанында эски жазуусу турат. Былтыр биз Монголияга экспедиция менен барып келдик, ошондо көрдүк. Канча калды десек, "аз калды, өз алфавитибиз көзгө сүйкүм көрүнөт, аны менен өнүгөбүз" дешти.

Грузиндер биздин заманга чейинки алфавитин унуткан жок. Армяндар дагы биздин заманга чейинки алфавитин өзгөрткөн жок, алар көп жагынан бизден алдыда. Ошол себептүү, латынча, тиги-бу деп отурбай өзүбүздүн байыркы алфавитибизди жандандырышыбыз керек.

Бир күндө эле баарын таштап өтүп кет деген эч ким жок. Андай болсо кыйрайбыз, бирок азыркы жазуунун жанына коюп, бул биздики, ата-бабаларыбыз ушинтип жазган десек, бир-эки муундан кийин толук өтөбүз. Ошондо биздин ким экенибиз билинет. Азыр бир кириллицаны жат деп жатсак, латынча дагы, араб ариби да бизге так ошондой эле жат. Тамга – бул башка элдердин менталитетин чагылдырган чийимдер. Өзүбүздүкү колдонулбай жатат.

- Орток латынча да боло бериши керек да?

- Орток латынча боло берсин. Латын ариби дүйнөгө жайылып кетти. Дүйнөдөгү бүткүл тилдердин латынча транскрипциясы бар. Кытайдыкы иероглиф, алар андан эч качан баш тартпайт. Иероглифтерди алып койсоң, Кытай Кытай болбой калат. Ошол иероглифтер менен жазылган сөздөрдү алар “пиньинь” дешет. Орустардын деле "русская латиница" дегени бар. Ошол сыяктуу эле биздин дагы кыргызча латыныбыз боло берсин.

- Сиз азыр жыйында да айттыңыз. Түрк тилдүүлөр бири-биринин оозеки чыгармачылыгы, адабиятынан көп кабарсыз келишет. Ошол себептүү дагы бири-бирин тааный албай да жатат окшойт...

- Элдик оозеки чыгармачылык – бул адабият эмес. Аны которбойт. Ар бир эл өзүнө таандык оозеки чыгармачылыкты айтат, эпикалык чыгармачылык ошондой. Биздин түрк тилдүү элдерден айырмачылыгыбыз дегенде түшүндүрүүгө өтө татаал фактыга келип такалабыз. Мисалы, башка түрк тилдүү элдин баарында “Коркут ата”, “Көр оглы”, “Алпамыш” эпостору бар. Баарында айтылат. Кыргызда ушул үчөө тең жок.

Бирок бизде “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” бар. Бул эпостор башка түрк тилдүү элдерде колдонулмак турсун, Манас, Семетей, Сейтек деген ысымдар да коюлбайт. Айтылбайт дагы. Бул кубулушту бизден кыйын изилдөөчүлөр келип түшүндүрбөсө, азыркы биздин деңгээлдегилер түшүндүрө албайт. Биз андай теориялык курал менен куралданууга жетише албай калдык. Болжолдоп айтса болот, бирок анын кереги жок. Бирок бул чоң табышмак.

- Бирок түрк тилдүү элдерде салт-санаа, тиричилик жактан окшоштуктар да жок эмес да.

- Батыш Монголиядан баштап Тибетке чейин чоң цивилизация болгон да. Ошол цивилизациянын ээси кыргыз жана башка түрк элдери болгон. Кыргыздар алардын арасында активдүү роль ойногон. Тилдер, салт-санаадан башка генетикалык, типологиялык окшоштуктар бар. Түрк тилдүүлөрдө генетикалык окшоштук көп. Анткени түрк элдери кечээ эле бири-биринен ажырашкан. Эгер мындан 5 миң жыл мурдагы доорго барсак, бардык түрк элдеринин атасы бир киши болуп чыгат. Биз ошол орток атанын арбагына жакшылап кызмат кыла элекпиз.

- Түрк дүйнөсүнүн орток алфавити тууралуу айттыңыз, ошол эле маалда орток тили деген да маселе бар да?

- Бул жагынан эки көз караш бар болчу. Биринчиси - бардык түрк тилдүүлөрдүн сөздүктөрүн алып, баарыбыз түшүнө тургандай бир тил жараталы деген ой айтылган.

Бул жакшы идея, бирок болбойт. Түркиянын башына Ататүрк келгенде тилди жаңылаган. Мурдагы “осмонылча” тилин жок кылып, жаңы сөздөрдү жасап отуруп азыркы түрк тили пайда болгон. Ал убакта бул мүмкүн болчу. Өткөн кылымдын 20-жылдарында убакыт да өтө жай өтүп жаткан. Азыр убакыт ушундай тез өтүп жатат, артынан кууп жетишпейсиң. Ошон үчүн жасалма тил жасап, аны элге сиңирүү мүмкүн эмес. Лениндин убагында деле орток "эсперанто" тилин жаратабыз деп, ал ишке ашкан эмес.

Экинчи көз караш – түрк тилдеринен бирөөнү тандап, орток тил кылалы дешкен. Азыр эми ошол пикир өзүнөн өзү эле жүзөгө ашып бараткандай көрүнөт. Мисалы, чоң жыйындарга барганда кыргыз, казак, өзбек, азербайжан баары орусча же түркчө сүйлөшөбүз. Демек, түрк тили өзүнөн өзү орток тилге айланып баратат.

Орток алфавитке өтүү демилгеси

Латын арибине негизделген орток алфавитке өтүү демилгеси СССР кыйрагандан бери көтөрүлүп келет. Тарыхка кайрылсак, Түркия 1991-жылы апрель-май айларында түрк республикаларынан бирден түрколог окмуштууларды Анкарага чакырып, орток түркчө сөздүк даярдаткан. Андан кийин Мармара университетинде өткөн жыйында орток түрк алфавити деп 34 тамга сунушталган.

Орток алфавит андан кийин 2013-жылы азыркы Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынында экинчи жолу кабыл алынган. 2024-жылы Азербайжандын борбору Бакуда Түрк мамлекеттер уюму түзгөн орток түрк алфавитин иштеп чыгуу боюнча комиссиянын 3-жыйыны өткөн. Анын алкагында 34 тамгадан турган жалпы түрк алфавитинин долбоору кабыл алынган.

2025-жылы Бакуда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган орток түрк арибинде жазылган Чыңгыз Айтматовдун китебин башка президенттерге белек кылган.

Отуз жыл аралыгында түрк тилдүү мамлекеттердин айрымдары өз алдынча латынга өткөн. 1992-жылы Азербайжан, андан кийин түркмөндөр, өзбектер латын арибин кабыл алган. Казакстан акыркы жылдары өтүүгө аракет кылууда.

2023-жылдын жазында Мамлекеттик тил комиссиясынын ошол кездеги төрагасы Каныбек Осмоналиев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып латын арибине өтүүгө даярдык бар экенин айткан. Андан кийин президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлерди тил саясаты, тагыраак айтканда, кыргыз тилин латын арибине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырган.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG