Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:46

Москвада кокаин чыры сотто каралууда


Орусиянын элчилигинин мектебинде табылган маңзат, 2016-жыл
Орусиянын элчилигинин мектебинде табылган маңзат, 2016-жыл

Москва менен Буэнос-Айресте үч жыл мурда Орусиянын Аргентинадагы элчилигиндеги табылган 12 чемодан кокаин тууралуу сот иши башталды. 

Москва менен Буэнос-Айресте үч жыл мурда Орусиянын Аргентинадагы элчилигинде табылган 12 чемодан кокаинге байланыштуу сот иши жүрүп жатат.

Москвадагы Солнцевский соту ишти 27-ноябрда карай баштады. Ал эми Буэнос-Айрестеги сот 2020-жылдын 26-февралына белгиленген.

Орус элчилигиндеги маңзат чыры боюнча алты адам айыпталып жатат. Алардын төртөө Орусияда, экөө Аргентинада камакта отурат. Москвада камакта отургандар - Андрей Ковальчук, Али Абянов, Владимир Калмыков жана Иштимир Худжамов.

Сот күнөөлүү деп тапса, маңзат аткезчилигине жана ири өлчөмдө маңзатты мыйзамсыз сатуу аракеттерине айыпталган бул адамдар 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Алар адвокаттары менен бирге кылмыш ишинин материалдары менен таанышуудан баш тартып, ишти прокуратурага кайтарууну талап кылышууда.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, кылмыштуу топтун башчысы Андрей Ковальчук Украинада 1968-жылы туулган, 2013-жылы Орусиянын жарандыгын алган.

Ковальчук 2010-жылдан баштап Буэнос-Айрестеги орус элчилигинин кызматкерлери менен жакын мамиле түзүп, расмий жолугушууларга катышып, өзүн айрым учурда Германиядагы элчиликтин кызматкери, кээде ТИМдеги атайын кызматтын өкүлү катары тааныштырып жүргөн.

Кийин маңзат чыры коомчулукка чыкканда ал кездеги Аргентинадагы орус элчиси Виктор Коронелли Ковальчукту «күчтүү көз боёмочу» деп атаган. Дипломатиялык өкүлчүлүктө маңзат 2016-жылы табылганына карабай элчи кызматында кала берген жана 2018-жылы июнда Мексикага которулган.

Тергөөнүн божомолунда, Ковальчук элчиликте завхоз болуп иштеген Али Абянов аркылуу Орусияга жүктөрүн жөнөтүп жүргөн. Акыркы жолкусунда Абянов ишинен Москвага которулуп кетип, дээрлик 400 килограмм маңзат элчиликтен 650 метр аралыкта жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктүн мектебиндеги жертөлөдө кала берген.

Элчиликтин мектеби, 2018-жыл
Элчиликтин мектеби, 2018-жыл

Ошол эле жылы ноябрда жаңы чарбачы 12 чемоданды таап чыгып, Орусия менен Аргентинанын атайын кызматы маңзаттын ээсин аныктоо боюнча жашыруун операция жүргүзгөн.

Акыры ун салынган чемодандар 2017-жылы декабрда Москвага Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдин учагы менен алып келинген. Анткен менен кийин жогорку кызматты ээлеген бул аткаминердин кылмышка катыштыгы жокко чыгарылган.

Ал эми Москвада бул жүктү алып кетүүгө барган орусиялык Владимир Калмыков менен Иштимир Худжамов камакка алынган.

Дипломатиялык каналдар аркылуу маңзат ташыган деп айыпталып жаткан Андрей Ковальчук былтыр июлда Германияда камакка алынып, Москвага экстрадиция болгон. Ал кофе, тамеки жана баалуу таштарды ташып жүргөнүн айтып, көрсөтмө бербей келет.

Адвокат Абубакар Вадаев камактагы Ковальчуктун өмүрүнө эки жолу кол салуу болгонун кабарлаган. Биринчисинде, ага зымы ачык электр чайнеги, экинчисинде, шорпонун ордуна уу кошулган май жөнөтүлгөнү кабарланган. Ал эми Аргентинада бул кылмыш боюнча полициянын мурдагы кызматкери Иван Близнюк жана кеме механиги Александр Чикало айыпталып жатат.

Экөөнүн тең теги орус, кош жарандыгы бар. Алар былтыр февралда камакка алынган, эл аралык деңгээлде маңзат сатууга аралашканы үчүн 18-20 жылдан абакка кесилиши мүмкүн. Бирок экөө тең айыптарды четке кагып, элчиликтин кызматкерлерине ишенгенин айтып келет.

Близнюк менен Чикалонун иши келерки жылы 26-февралда Буэнос-Айрестеги мамлекеттик коопсуздук, коррупция жана маңзат иштерин караган федералдык сотто каралат. Башында Чикалонун укуктарын коргоп, эми Близнюктун адвокаты болгон Лилиана Борисюк айыптоолор телефондук байланыштарды тыңшоолорго жана көчөлөрдөгү камераларда тартылып калган видеолорго негизделип жатканын айтууда.

Ошондой эле адвокат Борисюк телефондогу сүйлөшүүлөрдө орус элчилигинде коопсуздукка жооптуу болгон биринчи катчы Олег Воробьевдун аты аталганын белгилеген. Бирок 12 чемодан кокаин табылганда бул орусиялык кызматкер атайын кызматтардын операциясына катышып, кийин Близнюк менен Чикалого каршы көрсөтмө берген.

Буэнос-Айресте Иван Близнюк менен Александр Чикало мурдатан тааныш болгон. Близнюк Андрей Ковальчук менен 2013-жылы орус элчилигинде коопсуздук кызматкери болуп иштеген Николай Шелепов аркылуу таанышканын айтууда. Ал кезде өзү Буэнос-Айрестин полициясында Бразилия, Индия жана Орусиянын элчиликтери менен байланыштагы офицер болуп иштеп жүргөн. Кийин орус элчилигине Николай Шелеповдун ордуна келген Олег Воробьев менен жакындан тааныш болгон.

Ал эми Шелепов болсо Андрей Ковальчук менен аны Близнюк тааныштырганын, анда Ковальчук өзүн Германияда жашаган «барон фон Босснер» деген ылакап аты бар Константин Лоскутниковго иштерин, Орусия менен Германияга аргентиналык эт, кургак сүт, май ташууга кызыкдар экенин айтканын баяндап берген.

2016-жылы Аргентинадагы орус элчилигиндеги кызматынан биринчи Николай Шелепов, кийин Али Абянов которулгандан кийин Ковальчук Буэнос-Айрестеги Близнюкка байланышып, орус элчилигиндеги байланыштары аркылуу мектептеги чемодандарды салып жиберүүнү өтүнгөн. Близнюк менен Чикало мектептеги 12 чемодан кокаинди мурда көрбөгөнүн айтып келет.

12 чемодан маңзат
12 чемодан маңзат

Адвокат Лилиана Борисюк «элчиликтеги маңзат чырына» шек саналган айрым адамдар кармалгандан кийин эле Орусия менен Аргентинанын кызматтарынын тергөөдөгү кызматташтыгы дээрлик токтогонун белгилейт. Ал Близнюк менен Чикалого айып тагууга негиз болгон документтер дипломатиялык каналдар аркылуу алынганын кошумчалайт.

Буэнос-Айрес расмий орус элчилигинде 389 килограмм кокаин табылганын кабарласа, Москва 362 килограмм деп билдирген. Аргентина бийлиги табылган маңзаттын партиясын 50 млн. еврого баалаган.

Бул маңзат толугу менен Буэнос-Айрестеги крематорийде былтыр август айында өрттөлгөн. Экспертизада чемодандарда бир дагы адамдын кол издери табылган эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG