Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Орусиянын Украина аймагындагы "жасалма шайлоосу"


Украинанын Орусия аннексиялап алган Донецк шаарында өткөрүлүп жаткан мыйзамсыз шайлоодо добуш берип жаткан аял. 6-сентябрь, 2023-жыл.
Украинанын Орусия аннексиялап алган Донецк шаарында өткөрүлүп жаткан мыйзамсыз шайлоодо добуш берип жаткан аял. 6-сентябрь, 2023-жыл.

Орусияда аймак башчыларын, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрүн шайлоо башталды. Мыйзамсыз добуш берүү Орусия Украинанын аннексиялап алган аймактарында да уюштурулду.

Киев жана Батыш мамлекеттери бул жараянды "жасалма шайлоо" деп атап, жыйынтыгын таануудан баш тартышты. Орусиянын өзүндө бул жолу калкты онлайн добуш берүүгө үндөп, бул үчүн айрым аймактарда бир куту тамеки убада кылып жатышат.

"Москва агрессиясын шайлоо менен актагысы келет"

Украинанын Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарынын Орусия убактылуу оккупациялап алган райондорунда да мыйзамсыз добуш берүү жараяны башталды.

Бул облустарды Москва аннексиялап алганын жарыялаганы менен, бирин да толук көзөмөлдөбөйт.

Киев тараткан маалыматка ылайык, айрым жергиликтүү тургундарды аймактын орусиячыл бийлиги күчтөп добуш бердиртип жатат. Ал эми Мариуполдун мыйзамдуу мэри Вадим Бойченко калаада мыйзамсыз шайлоо "тапанча мээленип" өтүп жатканын айтты.

"Түшүндүрө алабыз" деген журналисттик долбоор билдиргендей, Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын картасына украин куралдуу күчтөрү бошотуп алган айыл-кыштактар да кирген.

Маселен, ал картага ылайык, шайлоо Краснолиман муниципалдык кеңешинде да өтөт. Донецк облусундагы орустар Краснолиман деп атаган Лиман шаарын былтыр эле украин күчтөрү өз карамагына кайтарып алышкан.

Аннексияланган аймактын фронтко жакын шаар-кыштактарында добуш берүү мөөнөтүнөн мурда уюштурулган. Украиналык укук коргоочу Павел Лисянскийдин айтымында, убактылуу оккупацияланган аймактарда шайлоого баруудан баш тарткан 200дөй адам кармалган. Укук коргоочу кармалгандарды полиция 3-4 саат суракка алып, түшүндүрмө жаздырып, коё беришкенин билдирди. Лисянский муну менен орус бийлиги башкаларды коркутууну көздөөрүн "Настоящее время" каналына курган маегинде кошумчалады.

"Оккупацияланган аймактарда өткөрүлгөн жасалма шайлоонун жыйынтыгы - бул Орусиянын башка аймактарыга ишараты. Муну менен орус пропагандасы "мына көрдүңөрбү, шайлоочулар келип добуш беришти. Алар орус бийлигин каалашат, демек биз баарын туура кылдык" деп баарына жар салат. Москва өзүнүн аскердик агрессиясын Украинанын убактылуу басып алган аймактарында добуш бергендердин көптүгү менен актагысы келет. Бирок алар шайлоого катышкандардын саны өтө аз болгонун, жергиликтүү тургундардын 30% эле калганын, Орусияга депортацияланган украиндердин добушун дагы кошо санашканын айтышпайт", - деди Лисянский.

Киев жана Батыш мамлекеттери Орусиянын Украинанын убактылуу басып алган аймактарында шайлоо өткөрүшүн мыйзамсыз деп эсептейт. АКШнын мамлекеттик департаменти муну "жасалма добуш берүү" деп атады.

Украинанын оккупацияланган аймактарында добуш берүү кандай жол менен болсо да өткөрүлүп жатса да, Орусиянын Украинага жакын аймактарында шайлоо өткөн жок. Белгород облусунун шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимге ылайык, буга аймакка киргизилген "жогорку даярдыктагы режим" себеп болгонун Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова билдирди. Кеп Шебекино шаары жана Журавлевка айылы тууралуу болуп жатат.

"Жогорку даярдыктагы режим" деген эмне экенин жергиликтүү бийлик түшүндүргөн жок.

Орусиянын Украина менен чек аралаш аймактарында соңку кездери атышуулар тууралуу маалымат арбын таркап келет. Жергиликтүү бийлик муну адатта украин куралдуу күчтөрүнөн көрөт. Киев бул маалыматтарга эч комментарий бербейт.

Памфилова Белгород облусун "баатыр аймак" деп атап, ал жактагы эл "душманга туруштук берип, карманып турушканын" айтты.

Украинанын Орусия аннексиялап алган Донецк шаары. 7-сентябрь, 2023-жыл.
Украинанын Орусия аннексиялап алган Донецк шаары. 7-сентябрь, 2023-жыл.

Орус бийлиги калкты онлайн добуш берүүгө үндөөдө

Үч күнгө созулган шайлоодо орусиялыктар 21 аймактын башчыларын, Москванын мэрин, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлашат.

Москванын башчылыгына талапкерлигин койгондордун арасында азыркы мэр Сергей Собянин да бар. Ал бул кызматты 2010-жылдан бери ээлеп келет. Бул жолу бийлик шайлоочуларды онлайн добуш берүүгө катуу үгүттөп жатат.

Жада каласа Орусиянын президенти Владимир Путин дагы онлайн добуш бергени жатканын анын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Буга чейин Путиндин интернет тууралуу пикири жакшы эмес эле.

"Интернет фейк жана маалымат чабуулдарга толгон, ал жакта эч нерсеге ишенүүгө болбойт", - деген эле былтыр орус президенти.

Орусиянын өзүндө шайлоого элди катыштыруу үчүн ар кандай ыкмаларды сунушташты. Бийлик электрондук жол менен добуш бергендер арасында лотерея ойнотулуп, ар кандай байгелер ыйгарыларын убада кылды.

Ал эми Москванын мэри Сергей Собянин добуш берүүгө катышкан шаар тургундарына жана конокторуна 9-10 сентябрь күндөрү аттракциондор жана селкинчектер бекер болорун жар салды.

Орёл аймагынын социалдык коргоо департаменти губернаторду шайлоого калкты элдик ырлар менен чакырууну чечти.

Приморьеде үгүт иштерине пенсионерлерди тартышты. Алар видеороликтерде адаттагыдай Путинди мактап, "Батыштын таасирине каршы күрөшүүгө" чакырышууда.

Алтайдагы Онгудай районунун тургундарына Бирдиктүү Орусиянын талапкерине добуш бергендерге тамеки убада кылып жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG