Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

ЕККУ: Казакстан өзгөрүүнү өзүнөн башташы керек


Канат Саудабаев - Казакстандын тышкы иштер министри
Канат Саудабаев - Казакстандын тышкы иштер министри

ЕККУдагы америкалык тарап Казакстанды уюмдун жаңы жетекчиси деп колдой турганын билдирди. Бирок өлкө, эгер уюмдагы ишинде ийгиликке жетишем десе, өзүндөгү адам укуктарынын абалын жакшыртышы керектигин айтты.

2-февралда Вашингтондогу жыйында АКШнын Хельсинки комиссиясынын жетекчилеринин бири Алсии Хастингс ЕККУнун жаңы жетекчиси катары Казакстанды АКШ колдой турганын билдирди. Бул колдоо 2007-жылы эле Мадриддеги жолугушууда айтылган экен.

Бирок ал казак тышкы иштер министри Канат Саудабаевге кайрылып, бул колдоо “Казакстан айрым конкреттүү тармактарда алга жылуулар болооруна ишендиргенден кийин берилгенин” эске салды.

“Убадалар сакталат деп ишенем, - деп айтты Алсии Хастингс. - Андыктан, министр мырза, сиздин өкмөт Мадридде берген убадаларын ЕККУнун стандарттарынын негизинде ишке ашыра башташын күтөбүз”.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму дүйнөдө демократияны жайылтып, сөз эркиндигин, ачык-акыйкат шайлоолордун өтүшүн, азчылыктардын укуктарынын корголушун жактап келаткан уюм. Ага 56 мамлекет мүчө.

Борбор Азиядагы мунайга бай Казакстан 2001-жылдан кийин коопсуздук тармагында АКШнын жакын өнөктөштөрүнүн бирине айланды. Ал 2010-жылы ЕККУну жетектөө вазыйпасын алыш үчүн өзүндө демократияны чыңдоого касам ичкен. Бирок өлкөдө өткөн бир дагы шайлоо батыштык байкоочулар тарабынан “акыйкат болду” деген баага татый элек. Мамлекетти 20 жылдан бери бир адам – Нурсултан Назарбаев – башкарып келатат жана ал өзүнө каршы оппозицияны көрө албастыгын далилдеди.

Өлкөдө бир топ эркин гезиттер жабылды. Өкмөттү сындаган укук коргоочу Евгений Жовтис жол кырсыгы үчүн төрт жылга түрмөгө кесилди. Анын ишин Жовтистин кесиптештери “саясий иш” деп да аташкан.

Хельсинкидеги жыйында Казакстан Freedom House уюму тарабынан дүйнөдөгү “эркин эмес” мамлекеттердин катарына киргизилгени, ЕККУдагы жетекчилиги учурунда аткарам деген иштери жакшы көрүнгөнү менен, өзүндөгү абалды жөнгө сала электиги айтылды. Мунун баарын министр унчукпай угуп отурду.

Министр Саудабаев өзүнө сүйлөгөнгө кезек келгенде Жовтистин ишине дегеле кайрылган жок. Ал алдыдагы бир жылда Казакстан ЕККУнун төрагасы катары эмне иштерди аткараарына токтолду. Уюмга мүчө мамлекеттерде адам аткезчилигине, расизм, улутчулдук жана антисемитизмге каршы күрөшүп, диндер аралык диалогду түзүүгө, маданияттар, цивилизациялар ортосунда мамилени чыңдоого аракет кылаарын айтты. Саудабаев аймакта демократиянын өнүгүшүнө, сөз эркиндигин чыңдоого да сөз берди.

Өзүнүн өлкөсүнө карата айтылган сынга жооп берип жатып, албетте, жогоруда жасала турган иштер алгач Казакстандын өзүнөн башталаарына ишендирди.

“Адам укуктары боюнча талкууларыбыз адамдын фундаменталдык баалуулуктары, дүйнөнүн маданий, цивилизциялык ар түрдүүлүгүнө негизделиши керек деп ойлойбуз”, - деди Казакстандын тышкы иштер министри Канат Саудабаев.

Жыйында америкалык тарап Казакстандын ЕККУнун жетекчиси катары иш-аракеттери Борбор Азиядагы башка мамлекеттерди да демократиялык нукта өнүгүүгө шыктандырат деп билдирди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG