Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:00

ЕККУ Кыргызстанга полисмендерин жакынкы апталарда жиберет


Кыргызстанда ЕККУнун полиция күчтөрүнүн киришине нааразылык билдирген акциялар өткөн. Эми анын мандаты өзгөрүлөт, 26-июль, 2010
Кыргызстанда ЕККУнун полиция күчтөрүнүн киришине нааразылык билдирген акциялар өткөн. Эми анын мандаты өзгөрүлөт, 26-июль, 2010

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргызстанга жибере турган полиция кеңешчилеринин миссиясынын курамын жана мөөнөтүн өзгөрттү.

ЕККУ кыргыз милициясын реформалоого көмөктөшүүнүн узак мөөнөттүү форматына өтөт. Бул аталган уюм менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы бир топ сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чечилди жана жума күнү аны уюмга мүчө 56 мамлекет колдоду.

Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек редакциясына уюмдун расмий өкүлү Виржиния Коуллоудоң айтты.

“Биздин уюмга мүчө бүт мамлекеттер Кыргызстанга жөнөтүлүшү керек болгон полиция-кеңешчилеринин миссиясын эми башка бир форматка, "Жарандык коопсуздук демилгеси" деп аталган жаңы долбоорго ылайыкташтыруу чечимин чыгарышты, - деди ал. - Бул дегени 31 эларалык полиция-кеңешчиси Кыргызстанга, анын ичинде, Ошко да барышат. Аларга өлкөнүн өзүнөн жумушка алынган 27 адис жардам берет. Алар баары Кыргызстандагы милиция бөлүмдөрүндө кыргыз милиционерлери менен биргеликте иштешет”.

Маалыматка караганда, жаңы форматта өлкөгө жөнөтүлчү кеңешчилердин мандаты буга чейинкисиндей төрт ай менен чектелбейт. Алар бир жылга барышат.

“Карайым калк ЕККУнун полиция-кеңешчилери менен сүйлөшүүгө укук алышат. Муну өзгөчө белгилегим келет, - дейт Виржиния Коуллоудоң. - Ал үчүн биз өлкөдө өзүбүздүн имараттарды ачышыбыз керек. Азырынча бизде Оштун өзүндө офисибиз бар. Адамдар ал жерге өздөрү да келе алышат. Бул миссиянын мандаты - жергиликтүү милицияга кандай иштөө керектиги тууралуу тренингдерди өткөрүү, алардын ишине көз салуу, биргеликте иштөө. Буга чейинки планда көрсөтүлгөндөн бир гана нерсе алынып салынды. Бул – тартипти орнотуу. Кыргыз бийликтери азыр өлкөдө тартип орнотулду деп эсептешет. Ошондуктан бул милдетти азыркы миссиядан алып салдык”.

Быйыл июнда Кыргызстандын түштүгүндө чыккан улуттар аралык кагылыштан кийин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өлкөгө өзүнүн 52 полиция-кеңешчисин жибере турган болгон. Буга каршы Кыргызстандын өзүндө массалык демонстрациялар болгондон кийин, кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен маселени кароо парламенттик шайлоодон кийинки учурга жылдырылган эле.

Ошентип, кыргыз бийлиги менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Европадагы коопсуздук уюму акыр аягында ал миссиянын мүнөзүн өзгөртүүнү чечти. Миссия жакынкы апталарда ишке киришээри кабарланууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG