Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Ташкенттин тил саясаты Москваны чычалатты


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Орусиянын президенти Владимир Путин. 5-апрель, 2017-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Орусиянын президенти Владимир Путин. 5-апрель, 2017-жыл.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын тил саясатын сынга алды. Буга Ташкент «тил саясаты - ар бир өлкөнүн өзгөчө укугу» деп жооп берди.

25-апрелде Өзбекстандын Юстиция министрлиги мамлекеттик иш кагаздарын өзбек тилинде жүргүзбөгөн тараптарды айыпка жыгууну камтыган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Талкууга чыккан долбоор Москванын да көңүлүн өзүнө бурду. Өткөн аптада Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова өзбек элинин көбү ал мыйзамды колдобойт, орус тилин колдойт деген мааниде комментарий берди.

Мария Захарова/
Мария Захарова/

«Өзбекстанда каралып аткан мыйзам долбооруна биз да көңүл бурдук. Бирок коомдук пикирге байкоо салганыбызда өзбек элинин көбү турмушта орус тилинин кеңири колдонулушун жактаганы байкалат», - деди Захарова. Москванын өкүлү «эң башкысы - өзбек эли иштеш үчүн, билим алыш үчүн Орусияны тандап жатат» деп баса белгиледи.

Ташкент Москванын мындай билдирүүсүнө дароо реакция кылып, Өзбекстанда жашаган башка улуттардын өкүлдөрүнө «эне тилинде окууга, ал тилде билим алууга жана мамлекеттик органдарга кайрылууга эч кандай тоскоолдук жоктугуна кепилдик берилерин» билдирди.

Өзбекстандын тышкы иштер мекемесинин билдирүүсүндө «мамлекеттик тил тармагын көзөмөлдөөгө байланышкан маселелер өлкөнүн ички саясатынын өзгөчө укугу болуп эсептелет жана ага сырттан кийлигишүүгө жол берилбейт» деп айтылат.

Ал арада коңшу Өзбекстандын Юстиция министрлигинин басма сөз катчысы Севара Орунбаева орус тилдүү маалымат сайттарын «чагымчылдык менен алектенүүдө» деп сындады.

Өзбекстанда иштеп туруп, өзбек тилин урматтабагандарды айыпка жыгуу - эң жакшы чечим

«Орусиянын «Regnum» агенттиги «Өзбекстан мамлекеттик органдарда орус тилин колдонгон адамдарга айып салат» деп жазды. Ошол эле учурда Vesti.uz сайты «Өзбекстан Пушкиндин тилине айып салууга ниеттенүүдө» деди. Айырмасын байкап жатасызбы?» - деди министрликтин катчысы. ​«Өкмөт өзбек тилин урматтоого гана чакырып жатат. Мамлекеттик кызматкерлер Өзбекстанда иштеп, жашап жатышат. Өзбекстанда иштеп туруп, өзбек тилин урматтабагандарды айыпка жыгуу - эң жакшы чечим».

Ташкент-Москва: «тыңчылардын» сыры менен чыры

Орусия менен Өзбекстандын мамилесин тымызын муздаткан окуя буга чейин да болгон. Ушул жылдын март айында Өзбекстандын Улуттук коопсуздук комитетинин бир нече кызматкери «Орусиянын пайдасына чыккынчылык кылган» деп соттолду. Алардын арасында эс алуудагы подполковник, Коргоо министрлигине караштуу «Мекенчил» журналынын кабарчысы Калошин, эмгек жолун тээ КГБдан баштаган Рафик Сайфулин жана Акбар Ярбабаев аттуу жарандар бар. Алардын баары «Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган, мамлекеттик сырды ачкан» деген беренелер менен соттолгону маалым болгон.

«Алар тыңчылык жана мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу аркылуу Өзбекстандын эгемендигине, аймактык кол тийбестигине, коопсуздугуна, коргонуу жөндөмүнө жана экономикасына атайылап зыян келтирген» деп айтылган.

Мурунку дипломат, учурда Швейцарияда качып жүргөн Алишер Таксанов «Сайфулин жана башка күч кызматкерлери Москванын пайдасы үчүн иштеши толук мүмкүн» деген пикирин айткан.

Алишер Таксанов.
Алишер Таксанов.

«Бул окуя качкындарды, оппозиция өкүлдөрүн Орусиядан кармап, Өзбекстанга мыйзамсыз кайтарып берип турганы орус ФСБсы менен өзбек коопсуздук кызматы бекем карым-катнашта иштешет дегенди далилдейт. Ошол эле Рустам Иноятов, ошол эле коргоо министри Камилов - КГБнын жемиши. Каримов Орусиядан оолак турууга аракеттенген», - дейт өзбек дипломаты. Анын пикиринде, азыркы бийлик коопсуздук кызматтарын «тазалаганга аракет кылып» жаткандай.

2016-жылы Шавкат Мирзиёев Өзбекстанда президенттик кызматка киришкен соң Улуттук коопсуздук кызматынын мурунку башчысы Рустам Иноятовду кызматтан алган. Жаңы лидер социалдык тармактарга катталып, анын жасаган иштери өзбек тилинде гана эмес, англис тилинде да коомчулукка айтыла баштаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG