Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Электр заряды курт жеген тишке даба


Ар бир адам тиш ооруларынын алдын алууга тийиш.
Ар бир адам тиш ооруларынын алдын алууга тийиш.

Кыргызстанда эң көп катталган тиш ооруларынын бири – кариес. Дүйнө жүзү боюнча бул дартка жылына дээрлик эки жарым миллиард адам чалдыгат. Британияда кариести пломбасыз, оорутпай жана тишти өгөөлөбөй айыктыруунун жолу табылды.

Ар бирибиз эле өмүрүбүздө жок дегенде бир жолу тиш доктурдун дарылоочу отургучунан качкыбыз келсе керек. Тишти өгөөлөп, каналдарын чукуп тазалоо кимге болбосун жагымсыз. Тиш доктурдун жылтыраган аспабынын зырылдаган добушунан көпчүлүк коркот.

Дүйнө калкында эң кеңири тараган тиштин дарты – кариес. Мындан жылына дүйнө боюнча эки жарым миллиард адам жабыркайт.

Стоматолог окумуштуулар тишти чукуп, өгөөлөп, ал жерге пломба коюп бейтапты беймазага салбаган дарылоо усулун ойлоп табышты. Тагыраак айтканда, жаңы ыкма тишти такыр оорутпайт жана эч кандай ооруну басаңдатчу укол, дары-дармекти талап кылбайт.

Шотландиялык "Реминова" илимий ишканасы ойлоп тапкан ыкманын өзөгү – тиштин табигый жол менен айыгуусуна өбөлгө түзүү. Стоматолог окумуштуулар бул жаңы усул "курт жеген" тиштин ооруганын басаңдатып, электр заряды менен тиштин жоголгон минералдарын кайра калыбына келтирет.

Тиш доктурга жылына эки жолу көрүнүп туруу керек.
Тиш доктурга жылына эки жолу көрүнүп туруу керек.
Кариес бир нече баскыч менен оорлошот. Биринчиден, тишти каптаган эмаль бузулганда, көзгө көрүнбөгөн жарака кетип, андан тиштеги минералдар сыртка чыга баштайт. Эгер тиш көпчүлүк минералдарын жоготсо, ал кариеске чалдыгат. Кадимки дарылоо ыкмасында "курт жеген тиш" атайын машине менен тазаланып, тиштин нервдери дарыланып, ал эми кариес баскан тиш – пломба менен жамалат. Тиштин сөөгү чирип түшүп, каналдары катуу сезгенген учурда ал тургай тишти жулдурууга туура келет.

"Реминова" ишканасынын жаңы ыкмасында болсо кальций жана фосфат минералдары тишке нур менен жөнөтүлөт. Бул баалуу минералдар тиштин өзүн-өзү дарылоосун тездетип, кариеске чалдыккан тишти табигый жол менен айыктырат. Мындай жаңы усул үч жылдан кийин кеңири тарашы мүмкүн. Электр заряды ооруга чалдыккан тишти минералдар менен нурдантат. Ал нурлар тиштин табигый кайра минералдашуу процессине өбөлгө түзөт.

Бул ыкма электрондук тездетилген жана күчөтүлгөн кайра минералдаштыруу деп аталат.

Профессор Найжел Питтс мындай усул азыркы стоматологияда кариести дарылоо ыкмаларынан кыйла арзан болорун белгилейт. Профессор кайра-кайра пломба койдургандын ордуна тишти кайра минералдаштыруу натыйжалуу экенин айтууда.

Кыргызстанда да курт жеген тишти дарылоодо алдыңкы усулдар колдонулат. Кыргыз стоматологдору да кайра минералдаштыруу ыкмасын колдоноорун Кыргыз-орус славян университетинин Балдар стоматологиясы жана бет-жаак хирургиясы кафедрасынын жетекчиси Ильшат Юлдашев айтып берди.

Кыргызстандагы эң көп тараган тиш оору – кариес.
Кыргызстандагы эң көп тараган тиш оору – кариес.
Реминерализация бизде дагы бар. Жаш балдар алты-жети жашка чыкканда жаңы тиштер чыгат. Баланын ден соолугу начар, же жеген тамак-ашында кальций болбосо, организмде реминералдашуу жакшы жүрбөй, деминерализация башталат. Бул деген кальцийдин тиштен жуулуп чыгышы. Баланын ден соолугу чың, жеген тамак-ашы жакшы болсо, тиште кайра минералдашуу жүрүп, ал кариеске чалдыкпайт. Жаш баланы эмканага алып келип, реминерализация жасаса, ал кариес менен оорубайт, – деп белгиледи Юлдашев.

Стоматолог окутуучунун айтымында, Кыргызстанда тиш ооруларын алдын-алуу жагы колго алынып, профилактикага өзгөчө көңүл бурулушу керек.

Кыргызстанда стоматология тармагы 1931-жылы түптөлгөн. Кыргыз мамлекеттик медицина институту 1960-жылдан бери стоматолог дарыгерлерди даярдайт.
Кариести дарылоонун жаңы ыкмасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG