Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Пакистан НАТОго жолдорун кайра ачат


АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон ноябрдан бери жабык турган, НАТО Ооганстанга курал-жарак ташыган жолдорду Пакистан кайра ачарын билдирди. Бул маалыматты Пакистан бийликтери да тастыктады.

Клинтондун айтымында, Ооганстанга баруучу жүк ташуучу жолдор ачылып жатканын ага Пакистандын тышкы иштер министри Хина Раббани Кар телефондон бышыктады.

НАТОнун Ооганстандагы операциялары үчүн чоң мааниге ээ болгон бул жолдор ноябрда АКШнын абадан урган соккусунда калпыстык менен 24 пакистандык аскер набыт болгондон кийин жабылып калган эле. Клинтондун сөзүн Пакистандын маалымат министри Камар Замар Кайра да бышыктады:

Ооганстандагы өзгөрүүлөргө көмөк көрсөтүү үчүн өкмөттүн коргонуу комитети Пакистандан бул өлкөгө баруучу жер үстү менен өткөн байланыш тилкелерин кайра ачат. Комитет бул пайда табуунун эмес, биринчи кезекте суверендүүлүк принцибинин маселеси экендигин бышыктады.

2-июлда Вашингтондо сүйлөгөн Хиллари Клинтон пакистандык аскерлердин өлүмүнө "өкүнүч" билдирди.

Исламабад бул жолдордун ачылышы үчүн Кошмо Штаттарынан кечирим суроону талап кылып келген эле. Мамлекеттик департамент жарыялаган билдирүүдө айтылгандай, Пакистандын тышкы иштер министри Кар мамкатчы Клинтонго "жолдорду ачканда Пакистан мурдагыдай эле жүк ташуу үчүн жол акысын сурабайт" деп ишендирди.

Министр мындай чечим Ооганстандагы жана жалпы эле аймактагы тынчтыктын жана коопсуздуктун келечеги үчүн зарыл деди.

Буга чейин чек арадан өткөн миңдеген жүк ташуучу унаалар үчүн Пакистан АКШдан эбегейсиз акы сурап жатыптыр деген сөз тараган. Ошого байланыштуу экендигин ким билет, май айында Чикагодо өткөн НАТОнун саммитинде жолдорду кайра ачуу тууралуу сүйлөшүү үзгүлтүккө учураган.

Жолдордун жабылышы НАТОну Ооганстанга Орусия жана Борбор Азия аркылуу өтүүчү чыгашалуу түндүк жолдорун колдонууга мажбурлаган.

2-июлда Пакистандын жаңы өкмөт башчысы Ража Первез Ашраф НАТОнун Ооганстанга жүк ташыган жолдорунун жети айдан бери жабык турушу өлкөнүн АКШ жана башка НАТО өлкөлөрү менен алакасына кедергисин тийгизип жаткандыгын мойунга алган.

"Талибан" менен согушуп жаткан НАТО аскерлеринин америкалык кол башчысы Пакистандын чечимине колдоо билдирди.

Кабулда жарыялаган билдирүүсүндө Генерал Жонн Аллен талиптер менен согушта ооган жана НАТО аскерлери менен катар пакистандыктардын кошуп жаткан салымына да ыраазычылык билдирди.

Анын аралыгында пакистандык талиптер эгер НАТО Ооганстандагы аскерлерине кайра керек-жарак жеткире баштаса, НАТОнун жүк ташуучу машинелерине кол салып, айдоочуларын өлтүрөрүн эскертти. «Талиптер бир да жүк ташуучу унааны өткөрбөйт» деп билдирди "Талибандын" маалымат катчысы Эхсанулла Эхсан.

XS
SM
MD
LG