Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

НАТОнун жолу кайрадан ачылды


Пакистан 5-июлдан тарта НАТОнун күчтөрүнө Ооганстанга курак-жарак ташыган жолдорун кайрадан ачты. Талиптер болсо НАТО аскерлерин Ооганстанга өтүүгө “убара болбогула” деп эскертти.

5-июлда таң эртелеп НАТОнун курал-жарагын жүктөгөн машинелердин алгачкы партиясы Пакистандын түштүк аймагы аркылуу Ооганстанга кирип барышканы маалым болду.

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн аба аркылуу жаңылышкан соккусу 24 пакистандык аскердин өмүрүн алган окуядан бери сегиз ай өттү.

24 аскерин жоготкон күнү эле Пакистан НАТОнун Ооганстанга курал-жарак алып өтчү жолун дароо бууп, АКШнын кечирим сурашын талап кылган. Сегиз ай ичинде Исламабад менен Вашингтондун бир нече ирет сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпай, тараптар бир пикирге келе албай жүрүшкөн болчу.

3-июлда АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон 24 пакистандык аскердин өлүмүнө “терең кайгыруу” билдиргенден кийин, жакынкы күндөрү Пакистан жолду ачууга макул болгонун айткан болчу.

Коридор ачылганына кубанган НАТОнун Ооганстандагы эл аралык күчтөрүнүн өкүлү, генерал Гюнтер Кац буларды айтты:

- Пакистан коридорду ачып бергени үчүн биз абдан кубанычтабыз. Исламабад бул жолду ачуу менен Ооганстанга, жалпы эле аймактын келечеги үчүн чоң салым кошууда. Пакистан биз менен аскерий жактан да кызматташтыкты уланта берет деп ишенебиз.

Пакистан расмийлери коридордун ачылышын "эки өлкөнүн тең жеңиши" деп баалашты. Жол жабылгандан кийин НАТО чоң суммадагы каражат сарпталганына карабай, курал-жарагын Орусия жана Борбор Азия аркылуу ташып турган.

Пентагондун маалыматына ылайык, Пакистан аркылуу транзит жабылган күндө, башка жолдор аркылуу курал-жаракты ташууда АКШ ай сайын 100 миллион доллардан ашыкча чыгымга учурап турат экен.

Жол ачылар алдында Пакистандын маалымат министри Камар Заман НАТОнун миңдеген жүк ташуучу машинелери Ооганстанга жөнөгөнү даяр турганын айткан болчу:

- Учурда НАТОнун машинелери жүктү Ооганстанга жеткирүүгө дилгир турушат. Исламабад уруксат берери менен жолго чыгышат.

НАТО буга чейин Ооганстанга сокку урчу жоочуларды өз аймагында калтырууда деп Пакистанды айыптаган болчу. Эми коридор ачылгандан кийин АКШ террорчулар менен күрөшүүдө оор операцияларды өткөрчү пакистандык аскерлер үчүн 1 млрд. доллардан ашуун каражат бермей болду.

Пакистан бийликтери НАТОнун курал-жарагын ташыган машинелерди Ооганстандын чек арасын кесип өтүүдө талиптердин чабуулунан сактануу үчүн кандайдыр бир ыкма ойлоп тапканча бир нече күн күтүүгө туура келерин билдирди. Талиптер болсо НАТОнун жүгү кайрадан Пакистан аркылуу Ооганстанга өтчү болсо катуу чабуул коюп, "айдоочуларыңар тирүү чыкпайт" деп сестентти.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG