Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Пакистан: кан базардагы канабайрам


Базардагы жардыруудан кийинки пакистандык шийиттердин каршылык акциясы.
Базардагы жардыруудан кийинки пакистандык шийиттердин каршылык акциясы.

Пакистандын Ооганстан менен чектешкен аймагындагы базардын ичине коюлган бомбаны жардыруудан 24 адам мерт кетип, жетимиштен ашуун адам жарадар болду.

Пакистандын бийлик өкүлдөрү бул жардыруу 13-декабрь күнү Парачинардагы базар сатармандар менен алармандарга толгон учурга туура келгенин айтып, бул террордук акт эң эле мыкаачылык менен даярдалган кылмыш болгонун белгилешүүдө. Бул террористтик чабуул үчүн "Лашкар-э-Жангви" жоочулар тобу жоопкерчиликти өзүнө алды.

Кандуу жекшемби

Пакистандын Ооганстан менен чектешкен аймагындагы чек арадан анча алыс эмес Парачинар шаарынынын борбордук базарында 13-декабрь жекшемби күнү эл топтолгон учурда бомба жардырылган. Бул жардырдуудан жок эле дегенде 24 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши жаракат алды. Пакистандын бийлиги жардыруу жекшемби күнү базар элге толуп, жыкжыйма соода кызып турган учурга туура келгенин белгиледи.

Бомба жарылуусунан жаракат алгандарды ооруканага алып баратат
Бомба жарылуусунан жаракат алгандарды ооруканага алып баратат

Пакистандын жергиликтүү телеканалдары жардыруудан улам жүздөгөн адамдар базардан башаламан качып баратканын, полиция базарды курчоого алганын жана тез жардам машинелери "ызылдап" жүргөнүн көрсөтүштү. Аймактагы оорукана дарыгери жаракат алгандардын көбү оор абалда экенин, өлгөндөрдүн саны дагы көбөйүшү ыктымалдыгын билдирди. Алгачкы маалыматтарда 12 адам мерт болгону кабарланып жаткан. Аздан соң бул жардыруудан каза болгондордун саны 15ке барып, анан соңку маалыматтар боюнча мерт кеткендердин саны 24 адамга жеткени кабарланды. Мындагы уруу аксакалдары чогулуп, бул кандуу окуяны айыпташты:

- Ар кыл уруу башчылары бүгүн чогулуп, кандуу жардырууда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, бул жардырууну айыпташты. Жабыркаган үй-бүлөлөргө өздөрүнүн колдоосун билдиришти.

Жиктешүүдөн чыккан жектешүү

Бул террордук чабуул үчүн жоопкерчиликти Пакистандагы "Лашкар -э-Жангви" террордук тобу өзүнө алды. “Ислам мамлекети” тобу менен тыгыз байланыштагы бул уюмдун өкүлү "Рейтер" агенттигине телефон чалып, “жардыруу Сириядагы мусулмандарга каршы жасалып жаткан зордук-зомбулук үчүн өч алуу” экенин билдирген. Мурда декабрдын башында кабарлангандай, пакистандык шийит жоочулары Сирияда “Ислам мамлекети” тобуна каршы согушка катышып жаткан. Башар Асаддын армиясы тарапта согушкан мына ошол жалданма шийиттердин көпчүлүгү Пакистандын мына ушул Парачинар шаарынан болчу. Парачинар шаары пакистандык шийиттер эң жыш отурукташкан шаар болуп эсептелинет. Коопсуздук кызматынын өкүлү бул окуя туурасында мына буларга токтолду:

Жарылуу болгон жерде
Жарылуу болгон жерде

- Жардыруу болду. Аны жанкечти ишке ашырдыбы же башка жол менен болдубу, азырынча белгисиз. Учурда мына ошол жардырууга тиешеси бар деп шектелген бир адамды коопсуздук кызматы кармады. Азыр ал камакта отурат. Азыркы учурда болсо коопсуздук күчтөрү окуя болгон жерди курчап, иликтөө иштерин жүргүзө башташты.

Негизинен суннилер эң көп жашаган Пакистанда шийиттердин бул шаарда жыш отурукташканы дайыма карама-каршылыкты пайда кылып, кырдаалды курчутуп келген болчу. Куррам аймагындагы бул Парачинар шаары соңку жылдарда согушкерлердин зордук-зомбулугунан арылбай, ошол эле учурда суннит жана шийит мусулмандары ортосундагы кагылышуулардын очогуна айланганы менен белгилүү. Эки ортодо буга чейин дагы жанкечтилер калктуу жерлерде өздөрүн жардырып, ондогон адамдар каза болгон учурлар буга чейин дагы катталган болчу.

Пакистандын армиясы бул аймакты согушкерлерден тазалоо максатында мында тез-тез атайын операцияларды жүргүзүп турат. Парачинардагы террордук акт Пакистан бийлигинин Түндүк Вазирстандагы көтөрүлүшчү урууларга каршы атайын операциясынан кийин болду.

XS
SM
MD
LG