Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Пакистан: өрт 200дөй кишинин өмүрүн алды


Пакистан бийлигинин маалыматына ылайык, Карачиде киийм тигүүчү фабрикада 11-сентябрда чыккан өрт 200дөй кишинин өмүрүн алып кетти.

Карачи шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Тарик Камал Аюбдун айтымында, өлгөн 30дай кишинин сөөгү таанылгыс болуп күйүп кеткендиктен, алардын жада калса жынысын аныктоо мүмкүн болбой жатат.

Өрттү өчүрүү бир нече саатка созулуп, ага 40тай машине тартылган. Набыт болгондордун саны дагы өсөт деп күтүлүүдө. Шафик Ахмад аттуу куткаруучу "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Өткөн түндөн бери иштеп атабыз. Ошондон бери 110-111дей сөөктү таптык. Дагы 250дөй киши имараттын ичинде камалып калган. Дээрлик 24 саат бою иштеп, араңдан зорго биринчи кабатты тазалоого жетиштик. Дагы 2 кабат бар.

Өрт тутанган кезде ишканада канча киши иштеп атканы тууралуу так маалымат жок. Жарадар болгондордун көбүн цехтердин терезелеринен секирип, ар кайсы жерлери сынгандар түзөт. Өрт өчүргүчтөр иске ууланган бир топ кишинин денелери сыртынан бекитилген жер төлөөдө табылганын айтышат.

Ооруканага жеткирилген жумушчулар жалын 2 мүнөттүн ичинде бүтүндөй имаратты каптаганын айтып беришти.

Фабрикага жакын жашаган катардагы адамдар жумушчуларды куткарууга аракеттенишкен. Кырсыкка өз көзү менен күбө болгон жергиликтүү жашоочу Мохамад Исхак:

- Кайда чуркап, оттон кайда качарын билбей, далбастап жаткан адамдарды көрдүм. Кээ бирлери өйдөкү кабаттардан секирип жатышты. Ошол жерге чогулган адамдар аларга жардам берүүгө аракеттенип, тепкичтерди алып келип жатышты. Кээ бирлери тепкичтен түшүүгө үлгүрүштү. Башкалары жерге кулап атышты.

Жумушчулардын жакындары болсо бейтапканалардын жанында кабар күтүп жатышат. Алардын бири – Жанат Гүл кайнисинин дайынын билүүгө келген:

- Ал кассир болуп иштечү. Бир жылдай мурун үйлөнүп, балалуу болмок. Борбордук оорукананын жанында турганыма 2 сааттан ашты. Сөөгү табыла элек. Башка жерлерден да издедим, бирок таба албадым.

Өрттүн себеби азырынча белгисиз. Айрым божомолдорго караганда, ал өндүрүштө пайдаланган химиялык заттардын күйө башташынан чыккан болушу мүмкүн.

Карачидеги кырсыкты алдында эле, шейшембиде күндүз Лахор шаарында бут кийим тигүүчү ишканада өрт чыгып, ал жерде 25тей киши набыт кеткен.
Андыктан адистер жумушчулардын коопсуздугун камсыздоону, эрежелердин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтышат.

XS
SM
MD
LG