Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Пакистандагы нааразылык жүрүш


Нааразылык жүрүштүн колдоочулары, Исламабад, 5-октябрь, 2012.
Нааразылык жүрүштүн колдоочулары, Исламабад, 5-октябрь, 2012.

Пакистанда оппозициялык саясатчы Имран Хан Исламабаддан Түштүк Вазиристан аймагына карай жүрүш уюштурду.

Акциянын катышуучулары 335 чакырымды басып өтүп, америкалык пилотсуз учактардын соккуларына нааразылыгын билдиргиси келет:

- Катышуучулар көп болот деп ишенебиз. Жол бою элдер жүрүшкө колдоосун билдирет деп күтөбүз. Өкмөт талиптер жолдорго бомба коюшкан деген коркутуп-үркүтүүлөрү менен иш-чарага тоскоолдук түзүүгө аракеттенип жатканына карабай жүрүшкө чоң кызыгуу бар, - деди мурдагы спортчу, крикет боюнча чемпион Имран Хан.

Ал жүрүшкө америкалык пацифист активисттердин катышуусунан улам исламчылар кербенди бутага алышы мүмкүн деген ырастоолорду четке какты.

- Тынчтыкты жактаган, согушка каршы күрөшкөн активисттер алыс жолду басып келишти. Алар биздин коноктор экенин унутпайлы. Алардын өмүрлөрүн тобокелге салгыбыз келбейт. Талибан кол салабыз деп айтканын уккан эмесмин. Алар болгону биз коопсзудукту камсыздабайбыз дешти. Коопсзудук үчүн Вазиристан эли кам көрмөк.

Пакистандагы талиптердин маалымат өкүлү жүрүштү айыптап, Ханды Батыштын “тактекеси” деп атаган.

“Адилеттүүлүк үчүн кыймыл” деген уюмдун жетекчиси Хандай эле пакистандыктардын бир тобу пилотсуз учактардын соккулары бейкүнөө адамдардын өмүрлөрүн кыйып жатат, андай чабуулдарды токтотуу зарыл деп эсептешет.

АКШ бийлиги пилотсуз учактар Ооганстан-Пакистан чек арасында жашырынган экстремисттерге каршы күрөштө эффективдүү курал экенин ырасташууда. Соккулар абдан так урулат жана өлгөндөрдүн көбү Талибан де Ал-Кайида согушкерлери, - деп айтылып келет.

Жүрүштүн алдында америкалык жана британдык активисттер Исламабадда демонстрацияга чыгышты.

- Уруулар байырлаган Вазиристан чөлкөмүндө жазыксыз адамдарга каршы мыйзамсыз, таш боор соккулар дароо токтотулушу керек. Мыйзамсыз чабуулдарды ЦРУ жүргүзүүдө. ЦРУ – аскердик жабдыктарды колдонгон аскерий эмес уюм. Бул – согуш кылмышы, - дейт өзүн Лос-Анжелестен келген режиссер деп тааныштырган Тайк Берри.

Пакистандын ашынган исламчылар тобунун лидери болсо жүрүшкө күмөн саноо менен карайт:

- Имран Хан менен америкалыктар да жөнөп жатат. Бул абдан шектүү көрүнөт. Эмне үчүн америкалыктар ал жакка баратышат? Алар чабуулдарга чекит койдурууну көздөшсө, эмне үчүн өз өлкөсүндө нааразылыгын билдирип чыгышпайт? – дейт Маулана Ахмед Лудхиавани.

Пакистан өкмөтү Ооганстан менен чек ара аймагында жоочуларга каршы күрөштү колдоорун айтып, ошол эле маалда пилотсуз учактардын соккуларына каршылыгын билдирип келет. Исламабад бийлиги аларды мыйзамсыз жана Пакистандын суверендүүлгүн бузган аракеттер катары сыпаттайт.


Пакистандагы нааразылык жүрүшү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:22 0:00

XS
SM
MD
LG