Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:17

“Ал-Жазиира” Палестин жетекчилигин маалымат менен муунтууда


"Ал-Жазиира" сыналгы каналынын интернет сайты. AFP PHOTO/Jewel Samad.
"Ал-Жазиира" сыналгы каналынын интернет сайты. AFP PHOTO/Jewel Samad.

Палестин жетекчилиги Израил-Палестин сүйлөшүүлөрү тууралуу “ал-Жазиира” жасаган билдирүүнү жалганга чыгарды. Катардык сыналгы каналдын кабарлашынча, палестиндер үч жыл илгери Чыгыш Иерусалимдин көпчүлүк бөлүгүн Израилге берүүгө макул болгон.

“Ал-Жазиира” сыналгы каналы 23-январда жарыялаган документке караганда, 2008-жылы 15-июндагы сүйлөшүүдө палестин тарап Чыгыш Иерусалимдеги жөөт конуштарынын көпчүлүк бөлүгү Израилге калуусун сунуш кылган.

Анын ордуна узак жылдардан бери автономияны башкарган Палестина боштондук кыймылынын жетекчилиги кайсы бир башка жерлерди сурашкан.

Сунуш ошо кездеги АКШ Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс, Израил тышкы иштер министри Ципи Ливни, мурдакы Палестин өкмөт башчысы Ахмед Курейши жана палестин делегациясынын башчысы Сайеб Эракаттын Иерусалимдеги жолугушуусунда жасалган.

“Ал-Жазииранын” билдиришинче, сыналгы канал береги маалыматтарды акыркы айларда түрдүү булактардан чогулткан жана шаршемби күнү (26-январда) анын башка да бөлүктөрүн ачыкка чыгармакчы.

Бул кабар 1967-жылкы алты күндүк согушта Израил басып алган аймакта өз мамлекетибиз болот деген үмүттөгү көпчүлүк палестиндерде төрага Махмуд Аббас башындагы автономияны башкаруучу Фатх партиясына ишенбөөчүлүк жаратары күмөнсүз.

Анткени, эларалык коомчулук Чыгыш Иерусалимди басып алынган аймак деп эсептейт.

Президент Аббас болсо палестиндер Чыгыш Иерусалимди өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору деп билерин жазбай айтып жүрөт.

Палестин лидери Махмуд Аббас "ал-Жазииранын" маалыматын калпка чыгарууда. Каир. 24-январь 2011
Махмуд Аббас дүйшөмбү күнү (24-январда) Каирде жасаган билдирүүсүндө палестин делегациясы үч жыл мурда Израилге эч кандай сунуш жасабаганын, Израилдин позициясы палестиндерге жаңылыш таңууланып жатканын айтты:

- Мунун максаты башаламандык салуу.
Кечээ көрсөтүлгөн документтерде палестиндердин сунушу деп, чынында эле израилдиктер жасаган сунуш айтылды. Бизде жашырчу эч нерсебиз жок экенин ачык айтам. Бул тууралуу кайсы бир араб өлкөсү же жалпы араптар түгүл бүтүндөй Араб дүйнөсү билет. Ар бир сүйлөшүү, ар бир жасалган же талкууланган сунуш бардык тийиштүү документтер менен бирге ошол замат Араб өлкөлөрүнө кабарланган.

Израил менен сүйлөшүүдөгү палестин делегациясынын башчысы Сайеб
Чыгыш Иерусалимдин араб калктуу чыгыш бөлүгүндөгү жөөттөрдүн Хар Хома конушу
Эракат жана мурдакы өкмөт башчы Ахмед Курейши Египеттин “ал-Аям” гезитине басылган интервьюда, ал”Жазиира” чыгарган маалыматтарды “калп” деп мүнөздөдү.

Ал эми Израилдин мурдакы тышкы иштер министри Шломо Бен-Ами “ал-Жазиирага” берген интервьюда, телеканал жарыялаган документтер көп жылдан берки сүйлөшүүлөр учурунда палестиндер тынчтык үчүн жерди сатууга макул экенин күбөлөгөнүн көрсөтөт деди:

- Мен бул кагаздарды биз палестиндер менен олуттуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн убакка салыштырып, алар биринчи жолу жерди алмаштырууга даяр экенин мойнуна алышканын көрдүм. Палестиндер бу маселени үйдө өтө олуттуу талкуулап келип, конкреттүү идеяларды сунуш эткен. Бул сунуш сүйлөшүүдөгү израилдиктерди таң калтырган. Алар мурда эч качан мындай сунуш жасашкан эмес.

Шломо Бен-Ами 2000-жылы Кэмп-Дэвидде жана 2001-жылы Табада болгон Жакынкы Чыгыш боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн жетектеген.

Израил премьер-министри Эхуд Олмерт Иерусалим маселесин кабарчылар менен ачык талкуулагандан баш тартты.

Палестин боштондук уюмунун төрагасы Йасер Абед Раббо 24-январда Рамаллада сүйлөп, автономиянын жетекчилигин жарыяланган документтердин калп-чынын аныктоо үчүн көзкарандысыз изилдөө жүргүзүүгө чакырды.

Палестиндердин айрым саясий топтору, анын ичинде Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС радикалдуу кыймылы, Махмуд Аббас башындагы бийликти өлкөнүн болочогун сатууда деп сындашууда.

Британдардын “Гардиан” басылмасы да анда Израил-Палестин сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу “ал-Жазиир” сыналгы каналынын колундагыдай жашыруун даректүү кагаздар (документтер) бар экенин билдирди жана алардагы маалыматтардын көпчүлүгү ырасталды деп маалымдады.

XS
SM
MD
LG