Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 11-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 21:35

Федермессер: Советтер Союзу өлүмдү танган


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекке «Сорос-Кыргызстан» фондуну көмөгү жана «Эргене» кайрымдуулук фондунун чакыруусу менен Орусиядагы хоспистерге жардам берүүчү «Вера» аттуу кайрымдуулук уюмунун жетекчиси Нюта Федермессер келип, өлүм алдында жаткан адамдарга жардам берүүнүн өзгөчөлүктөрү, стандарттары тууралуу айтып берди.

Редакциядан: Паллиативдик жардам – бул өмүрүнө, ден соолугуна чоң коркунуч келтирген дартка чалдыккан бейтаптардын акыбалын жана алардын үй-бүлөсүндөгү жагдайды жакшырта турган мамиле. Бул - бейтаптардын дартынан улам азап чегишинин алдын алуу, жеңилдетүү аркылуу аларга психологиялык жана социалдык жактан жардам берүү.

Нюта Федермессер айым Мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн ичинен Украинадан башкаларынын бардыгында паллиативдик жардам берүүнүн ыкмалары өнүкпөй, начар болуп жатканын баса белгиледи:

- Өмүрүнүн соңу жакындап калган адамдарга паллиативдик көмөк көрсөтүү, башкача айтканда, алардын жашоосун жеңилдетип, оорусун басаңдатуучу жардам берүү бизде өтө эле начар. Оорунун жан сыздаткан азабын азайтуучу апийим кошулган дарылар менен камсыз кылуу жаатында Украина кичине алдыга жылды. Бирок ал жакта да ооруканадан, үйдөн сапаттуу жардамдашуу өнүккөн эмес. Расмий статистика боюнча Грузияда абал жакшыраак сыяктанат, бирок барып өз көзүң менен көрсөң, анча деле көңүл жылытарлык эмес экенин байкайсың. Бул советтик медициналык саясаттын калдыгы десек болот. Советтер Союзунун убагында «медицина бардык ооруну жеңген, өлүм жок, бардык ооруларды жеңдик» деген ураан менен жашашкан. Биз ал кезде космоско уччубуз. Балетибиз өнүккөнү менен «оор дарттан өлгөндөр жок» деп келишкен. Өмүрү аз калган адамды «жашаган жеринен жардам алсын» деген таш боор жазуу менен ооруканадан чыгарып, туугандарына берип салышчу. Ошол чоң өлкө кулаганы менен анын идеологиясы бизде баары бир калып калды. Бул салттуу түшүнүк дагы көпкө чейин биз менен жашай берет.

Фонддон өсүп чыккан мамлекеттик түзүм

Жашоосу аз калган адамдарга толук жардам бериш үчүн Федермессер айым массалык маалымат каражаттарынын, бийликтин, жарандык коомчулуктун ролу чоң экенин айтат.

Нюта Федермессер.
Нюта Федермессер.

Өзү онколог болуп иштеген паллиативдик дарыгер 15-16 жыл мурда Орусияда паллиативдик жардам жаатында иш баштаган. Бирок башында тилектештери, колдогондор аз болгонун, кийинчерээк аз эле убакыттын ичинде өркүндөп, азыр улуттук фронтко чейин өсүп жетилгенин айтып отурду. Кыргызстандын жагдайынан алып карай турган болсок калкынын саны аз болгондуктан, акыркы сапарга адамдарды «азапка салбай» узатуунун сапатын жакшыртуу алда канча жеңил ишке ашат деген ойдо.

- «Вера» фонду 16 жыл мурда менин апам, Москвадагы биринчи хоспистин башкы дарыгери Вера Миллионщикова кайтыш болгондо түзүлдү. Апам абдан сейрек учуроочу нейросаркодиоз оорусуна чалдыккан. Ага дарыгерлер алгач төртүнчү даражадагы, сөөк жана башка органдарга өтүшүп кеткен өпкө өсмөсү деген туура эмес диагноз коюшкан. Көпкө чейин жашабай турганы белгилүү болгондо өзү жетектеген Москвадагы хоспис ал каза болгондо эмне болот, кантип иштейт деген сарсанаага батты. Ошентип, «Вера» фонду түзүлдү. Биздин фонд апамдын оорусунан улам жаралды десек болот. Ишмердиги апамдын көзү өткөндөн кийин күчөдү. Себеби, биз бир нерсе менен алектенип, апамды жоктоп эле отура бербей, өзүбүздү алаксытышыбыз керек эле да. Анан фонд улам чоңоё берди. Өзүм бир нече жылдан бери аны жетектебей калдым. Мамлекет паллиативге көңүл буруп, расмий ишке өттүм, - дейт ал.

Кыргызстанда өлүмү чукулдап калган кишилерди карай турган атайын жайлар жок.

Онкологиялык оорулардын акыркы стадиясына жеткенде үйүнө чыгарып беришет. Ошондой эле морфин сыяктуу ооруну басаңдатуучу дарыларды алуу да өтө кыйын. Онкологиялык оорусу бар балдарды акыркы сапарга узатуучу «Балдардын биринчи хосписи» ачылганына бир нече эле жыл болду. Чоңдор үчүн кесипкөй паллиативдик жардам берген Бишкектеги «Эргене» фондунун бригадасынан башка топ жок.

Ариф Ибрагимов.
Ариф Ибрагимов.

Орусиядагы «Вера» кайрымдуулук фондунун башкы дарыгери Ариф Ибрагимов мурдагы советтик чөлкөмдү өнүккөн өлкөлөр менен салыштыруу өтө кыйын экенин айтып, хоспис менен паллиативдик жардамды айырмалай билүүнүн өзгөчөлүктөрүн мындайча түшүндүрдү:

- Хоспис менен паллиативдик жардамды бөлүп кароо, албетте толук мүмкүн. Бирок, мындайды өнүккөн Батыш өлкөлөрү гана ишке ашырууда. Паллиативдик жардам кандайдыр бир технологияларды колдонуу менен ооруган адамды дарылоо, аны кайсы бир деңээлде медициналык жактан тейлөө дегенди билдирет. Маселен, онкологияны алсак, паллиативдик бөлүмдөрдө хоспистен айырмаланып, дарыгерлер бейтаптарга толук көңүл бурат. Химия терапиянын паллиативдик курстары жасалат. Жалпылап айтканда адистешкен медициналык тейлөө паллиативде бар. Кандайдыр бир ооруну алсак, анын үч этабы болот. Биринчиси адистешкен дарылоо, операция, диагностика сыяктуу. Дарыгерлер бейтапты айыктырууга аракет кылышат. Кайсы бир этабында оору таптакыр айыкпай калганын билгенден кийин паллиативдик жардам башталат. Анан бейтаптын жашоосу болжол менен бир, эки ай гана калганда хоспистик жардамга өтүшөт.

Федермессер баштаган бир нече адистерди Бишкекке алып келген «Эргене» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова биринчи кезекте тажрыйба алмашууну көздөгөн мындай жолугушуулар өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

Айрыкча, ал Кыргызстандагы паллиативдик жана хоспистик жардамды өнүктүрүү багытында мамлекеттик деңгээлде иш алып баруу, укуктук нормативдик базалар тууралуу да бир топ сабак алышканын айтты:

Таалайгүл Сабырбекова.
Таалайгүл Сабырбекова.

- Чет өлкөлүк адистер келип, биринчи кезекте биз менен тажрыйба алмашуусу өтө маанилүү. Буга кошумча, биздеги кыйынчылыктарга сырткы көз караш менен карап, кемчиликтерибизди айтып, артыкчылыктарыбызды белгилеп берип жатканы да пайдалуу. Маселен биз көп маселелерди чечүүнүн аркасында жүрүп, байкабай, билбей калган учурларыбыз болот. Аларды чечүүнүн туура жолдорун таппай калабыз. Нюта Федермессер өз командасын Бишкекке алып келип, Орусия менен Кыргызстандын ортосунда паллиативдик, хоспитик жардамды уюштурууда кызматташуу, өкмөттүк деңгээлде бирге иш алып баруу маселелери каралууда. Бул биз үчүн өтө пайдалуу.

Кыргызстанда жылына 5 миңге чукул кишиде онкологиялык дарт аныкталат. Алардын жарымы бир жылга жетпей каза болот. Андан тышкары кургак учук, инсульт сыяктуу оор дарт менен жабыркаган адамдарды акыркы күндөрүндө медициналык жактан кам көрүп тейлеген атайын жайлар дээрлик жок. Айла кеткенде коомдук жана жарандык активисттер бул маселени тышкы донор уюмдардын жардамы менен чечип, көмөктөшүүгө бел байлашат. Айрым учурда мындай аракеттин акыбети жакшы натыйжа берип, ийгилик менен коштолуп калат. Эл аралык фонддордун көмөгү менен Аламүдүн районунун Байтик айылында 25 орундуу, Кемин районунда да бир нече орундуу хоспистер ачылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG