Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Партиялар шайлоо мыйзамын талкуулашты (видео)


Партиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү шайлоо чегин талкуулоо үчүн жыйынга чогулушту.

«Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Ак Шумкар», «Улуттар биримдиги» партияларынын өкүлдөрү жана жарандык активисттер келген жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев да сүйлөдү.

Ал парламентке өтүү чегин 5 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатканын, коомчулук бардык партияларга ыңгайлуу, атаандаштыкты түзгөн мыйзам кабыл алышына жардам бериши керектигин айтты.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкекте өтүп жаткан форумда азыркы шайлоо системасына жаштар, коомчулук ишенбей калганын билдирди. Текебаев «азыр жаштар шайлоо системасын өзгөртүп, жөнөкөй жарандар депутат болууга шарт түзүүнү каалайт», - деди.

Ал ошондой эле саясий партия түзүүнү жөнөкөйлөштүрүүнү сунуш кылып, «айрым учурда оппозициялык партиялардын мүчөлөрү жетпейт экен деген шылтоо менен тоскоолдук болот» деди саясатчы. Андан тышкары партиялардын шайлоого блок түзүп барууга уруксат берүү керектигин да белгиледи.

Түз эфир

Буга чейин Кыргызстанда партиялардын Жогорку Кеңешке өтүү чегин 9 пайыздан 7, 5, 3 пайызга чейин түшүрүү сунушу айтылган.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке улам кийинки чакырылыш шайланган сайын парламентке өтүүнүн босого чеги да көтөрүлүп баратат. 2010-жылы ал беш пайыз болсо, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо жетиге көтөрүлгөн.

Депутаттар Жогорку Кеңешке партиялардын өтүү чегин жетиден тогуз пайызга көтөргөн мыйзам долбоорун 2017-жылы кабыл алып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG