Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Дүйнө Филиппинге жардам берүүдө


Филиппинге жер-жерден гуманитардык жана техникалык жардам жеткирилүүдө.

Бир нече күн мурун Азиянын түштүк-чыгышындагы бул өлкө "Хаян" деген тайфунга туш болгон. Маалыматтарга караганда, жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендердин саны мурда болжолдонгондон алда канча көп болушу мүмкүн.

Кошмо Штаттары Филиппиндин жээгине учак ташыган кемесин жөнөттү. Пентагондун маалыматына ылайык, америкалык аскерлер гуманитардык жана медициналык жардам көрсөтүүгө көмөктөшөт. Гонконг портунан жөнөгөн “Жорж Вашингтон” кемесинде 5 миңдей жоокерден тышкары 80 учак менен тик учактар баратат.

АКШ бардыгы болуп 20 миллион долларга гуманитардык жардам жиберди. Атап айтканда, жапа чеккен аймакка азык-түлүк, чатыр, дары-дармек жеткирилүүдө.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги архипелагга куткаруучулар менен доктурларды, көчмө госпиталды жөнөттү.

Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон тайфундан жабыркагандарга 16 миллион доллардык жардам берилээрин билдирди. Британ деңиз күчтөрүнүн аскердик кемеси Филиппинге бир нече күндөн кийин жетмекчи.

Маалыматтарга караганда, 8-ноябрдагы катуу шамал менен суу ташкынынан миңдеген киши набыт болду. Улуттар уюму 660 миңдей киши жер которгонун билдирди. БУУнун гуманитардык жардам боюнча өкүлү Жон Гинг:

- Бүтүндөй аймактар толугу менен кыйрап калды. Аман калгандарга жардам көрсөтүү, каза тапкандардын сөөктөрүн жайга берүү негизги максатыбыз. Куткаруучулар топтору жер-жерлерде иштеп жатышат жана кошумча күч келе жатат.

Анын айтымында, жер-жерлердеги куткаруучулар трагедиянын масштабы мурда болжолдонгондон чоң экенине күбө болушууда. Адистер ар кандай инфекциялардын жана илдеттердин жайылышын алдын алуу керектигин белгилешет.

Улуттар уюмунун гуманитардык жардам боюнча агенттигинин жетекчиси Валери Амос Филиппинге аттанууда. Уюм азырынча 25 миллион доллар бөлүп берди. Гуманитардык иштердин ири бөлүгү азыр Лейте аралындагы Таклобан деген жерде жүрүүдө.

Кабарларга караганда, суу астында калган шаар толугу менен урандыга айланды. Күбөлөр шаар тургундары тамак-аш издеп, ээсиз калган үйлөрдү тинтип жүрүшкөнүн айтышат.

Жергиликтүү аэропорт коопсуз жерге тезирээк кетүүнү каалаган элге толуп калды.

"Өлбөстүн күнүн кечирип жатабыз. Үй-жайсыз калдык, бардыгынан айрылдык. Жээрге, ичээрге эч нерсе жок", - дейт жергиликтүү жашоочулардын бири.

Расмий маалыматтарда өлкөнүн 41 чөлкөмүндө 9,8 миллион киши жабыркаганы айтылууда.

Филиппиндин тарыхында мурда болуп көрбөгөн тайфун Вьетнам тарапка жылган.

XS
SM
MD
LG