Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Болочок коалиция: КСДПга ким өнөктөш болот?


26-октябрда президент Алмазбек Атамбаев жаңы коалиция куроо мандатын КСДПга тапшырган. 
26-октябрда президент Алмазбек Атамбаев жаңы коалиция куроо мандатын КСДПга тапшырган. 

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери, депутат Иса Өмүркулов коалициялык көпчүлүк түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

КСДП фракциясы менен “Республика – Ата Журт” фракциясы парламенттик көпчүлүк коалициясын куроо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов башкаруучу биримдикти түзүүнүн жалпы принциптери боюнча гана пикир алмашуу болуп, өкмөттөгү жана парламенттеги жогорку кызмат орундары тууралуу сөз боло электигин билдирди.

“Республика – Ата Журт” фракциясы оппозицияда калганга да даяр экенин белгилеп, партиянын программасын аткарууга мүмкүнчүлүк берилсе гана башкаруучу коалицияга кирерин жарыялаган шарт өзгөрүлбөй турганын билдирди.

Жыйынтыгы чыга элек сүйлөшүү

Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов 31-октябрда болочок коалиция түзүүнүн шарттарын талкуулоо үчүн “Республика – Ата Журт” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов менен жолугушту. Бул сүйлөшүүлөрдө тараптар ортосунда кандай негизги маселелер талкууга алынганы азырынча белгисиз. Анткени жолугушууда тараптар башкаруучу коалициянын шарттары, өкмөттүн курамы жана түзүмү боюнча кандай макулдашууга жетишкени кабарланган жок.

Жаңы коалицияда кимдер болот?

Жаңы коалицияда кимдер болот?

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция тарап, учурда жаңы курамга кирчү фракциялар, парламенттик оппозиция, өкмөт, премьер-министр боюнча түрдүү жоромолдор айтылууда.

КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов коалициянын негизги принциптери боюнча гана сүйлөшүүлөр жүргөнүнө токтолду:

- Бул жолу өкмөт тууралуу кеп болгон жок. Анан, албетте, башкаруучу коалиция тарап, өкмөт кеткен соң, бул маселе дагы талкууланат. Анан эми өкмөт башчы ордунда калат деген ойдомун. Ал эми өкмөттүн курамында бир топ өзгөртүүлөр болушу мүмкүн. Анан эми негизги принциптерди аныктап алсак, бир эле фракциянын программасы эмес, болочок коалициялык макулдашууда бардык фракциялардын пландары камтылгандан кийин анан мунаса таба алабыз. Референдумду өткөрүү, андан кийин сот органдарын жана күч түзүмдөрүн реформалоо сыяктуу негизги маселелерде бири-бирибизди колдосок, ошонун негизинде биригебиз.

“Республика – Ата Журт” фракциясынын шарты

Анткен менен саясат талдоочулар башкаруучу коалицияны түзүүдө негизги маселе болгон жогорку кызмат орундарын бөлүштүрүү жагы азырынча ачык айтылбай турганын белгилешет. Адатта сүйлөшүүлөрдө парламенттеги чоң дымагы бар фракциялар болочок өнөктөштөрүнө өз программаларын кабыл алууну сунуштаган практика бар. Ал эми программа кабыл алынса мына ошол партиянын өкүлдөрү өкмөттөгү чечүүчү кызмат орундарына барышы керектиги өзүнөн-өзү түшүнүктүү.

“Республика - Ата Журт” фракциясынан депутат Руслан Казакбаев партиянын программасын аткаруу мүмкүн болбосо, анда фракция оппозицияда калганга деле даяр экенин төмөндөгүчө белгиледи:

- Эгер биздин программабызды аткарууга мүмкүнчүлүк берсе, биз анда бардык партиялар менен иштешебиз. Ал элдин жашоо турмушун оңдоого багытталган программа. Биздин баштапкы бул шарттыбыз өзгөргөн жок. Бул жерде кеп кызмат орундарын алууда эмес. Тигил же бул кызмат орундарын бергенде эле мына ошол программа ишке ашат дегенге болбойт. Сүйлөшүүлөр “мына ошол программаны кабыл алууга жана аны аткарууга макулдук беребиз” дегенден башталышы керек да. Былтыр биз оппозицияда калганда парламенттеги бир дагы комитет төрагалыгы турсун, анын орун басарлыгын дагы ыраа көрүшкөн эмес. Акыйкатчыны тандап жатканда биздин талапкер эки турдан өтүп, жалгыз өзү калганда дагы колдобой коюшпадыбы. Бул деген мына ошол убакта элдин кызыкчылыгын эске алган жана мамлекеттик көз караш эмес болчу. Анан эми азыр мынакей, шарт-жагдай өзгөрдү...

Болочок коалиция кандай болот?

Буга чейин КСДП фракциясы “Бир бол”фракциясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок анын жыйынтыктары дагы ачыкка чыга элек. Ошондой эле башкаруучу коалицияны түзүүгө ыңгайсыздык болбосун деген негизде жакында эле “Кыргызстан” фракциясы жетекчисин алмаштырды.

Исаевди четке сүргөн чечим

Исаевди четке сүргөн чечим

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясында бийлик алмашты. Референдум боюнча мыйзамга каршы добуш берген Канатбек Исаев фракция лидерлигинен кетип, анын ордуна Алмазбек Батырбеков шайланды. Исаев фракция башчылыгынан өз каалоосу менен кеткенин айтканы менен, мындай кадам парламенттеги коалиция куроого байланыштуу экенин саясий эксперттер белгилешүүдө.

Саясат талдоочулар учурда КСДП + ”Кыргызстан” + “Бир бол” же “Республика – Ата Журт” фракцияларынан турган башкаруучу коалициянын түзүмү куралат деген божомолго көбүрөөк ыкташууда. “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов болочок коалициянын курамына карата төмөндөгүчө мүнөздөмө берди:

- КСДП башкаруучу коалицияны бузуп жатканда “булар акаевчи, бакиевчилер экен, алар менен жолубуз бир эмес” деген жүйөнү келтирген болчу. Анан эми азыр соңку маалыматтар боюнча “Бир бол” фракциясын коалицияга алып кирели деп жатышат. Анан бул фракцияда дагы мурдагы бийликте иштеген кишилер көп. Анда кандай болуп калат деген суроо туулат. Ошол үчүн андай-мындай деп бөлүп, кетирилген кемчиликти бирөөгө жүктөй бергенди токтотуш керек дегенбиз. Бүгүн “Республика – Ата Журт” ​фракциясы менен сүйлөшүү болгон экен. Бирок кандайдыр бир жыйынтыктуу чечим болгон эместей. Анан калса азыр алдыда катаал кыш жана көйгөйлүү жаз турганда “Республика – Ата Журт”фракциясы бирөөнүн негативдүү жүгүн моюнга алгысы келбейт болсо керек. Анткени анын лидери эмдиги жылы президенттик шайлоого катышканы турат.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Ошол эле кезде парламенттеги азчылыкты “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс” түзөрү ачыкка чыгып калды. Буга жогорудагы эки фракциянын бири дагы кошулушу мүмкүн. Бирок ошол эле кезде саясат талдоочулар төрт фракциядан турган кеңейтилген башкаруучу коалиция куралышы мүмкүн экенин дагы четке кагышпайт. Канткен менен бул жолу башкаруучу көпчүлүктү же оппозициялык азчылыкты түзгөн болочок бирикмелердин кимиси кандай фракциялардан турары президенттик шайлоо жакындаган сайын актуалдуу маселеге айланууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG