Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Киммо Килюнен: Биздин корутунду 3-майда жарыяланат


Эл аралык комиссиянын жетекчиси, фин саясатчысы Киммо Килюнен.
Эл аралык комиссиянын жетекчиси, фин саясатчысы Киммо Килюнен.

Июнь коогасын иликтеген Эл аралык комиссиянын жетекчиси Киммо Килюнен интернетте жарыяланган материалдарга алардын тиешеси жоктугун "Азаттыкка" билдирди.

“Азаттык”: Киммо Килюнен мырза, Кыргызстандагы интернет маалымат каражаттарында Эл аралык комиссиянын баяндамасынын үзүндүлөрү катары маалыматтар жарыяланды. Ал маалыматтарды сиз тастыктай аласызбы?

Киммо Килюнен: Ачыгын айтканда, интернетте жарыяланган материалдарды тааныбаймын. Интернетте көптөгөн материалдар бар. Ал жердеги материалдар биздин баяндама эмес. Биз өзүбүздүн баяндаманын үстүнөн иштеп жатабыз. Комиссиябыз дагы чогулат. 3-майда “Кабар” маалымат агенттигинде саат 15:00дө маалымат жыйынын өткөрөбүз. Мына ошондо баяндама даяр болот. Азыр даяр эмес. Азыркы кезде мен жазып жатам. Ал эми интернеттеги көптөгөн материалдарга мен комментарий бере албаймын.

“Азаттык”: “24kg” жарыялаган маалыматтардын кайсы бир бөлүгүн тааныйсызбы же алардын сиздерге такыр эле тиешеси жокпу?

Киммо Килюнен: Мен айтаарым, биз ал маалыматты тааныбайбыз. Ал биздин баяндама эмес. Биз өз баяндамабыздын үстүнөн иштеп жатабыз. Биздин ишибиз соңуна чыга элек. Азыр жазып жатабыз. Анан комиссия кайрадан чогулат. Карап көрөт. Дагы көптөгөн актуалдуу элементтер бар. Аларды дагы бир ирет карап көрөбүз. Анткени биз көптөгөн кошумча маанилүү маалыматтарды алдык. Ошондуктан аларды жазып жатабыз. Ал эми интернетте жарыялангандарды билбеймин жана аларды тааныбаймын.

“Азаттык”: “Чөөнүн убактысы” деген жаңжалдуу китеп Финляндияда басылган, Киммо Килюнен да фин деп, сизди кээ бир депутаттар ал китеп менен байланыштырып жатат. Сиз буга комментарий бере аласызбы?

Киммо Килюнен: Мен такыр билбеймин. Ал китепти көрдүм. Бирок ал кандай чыкканын билбеймин. Кимдир бирөөлөр ал китеп Финляндияда чыкты деп жатат. Бул жакта ушунча көп китептер басылып жатат. Миңдеген китептер чыгат. Ошондуктан ал жөнүндө эч нерсе билбеймин. Китеп биздин колго башка материалдардай эле тийди. Биз андай 5 миң документ, сүрөт алганбыз. Биздин баяндама ал китептен көз каранды болбойт.

“Азаттык”: Сиз 3-майда “Кабарда” маалымат жыйынын өткөрөбүз дедиңиз. Мына ошондо баяндама толук түрдө расмий жарыяланабы?

Киммо Килюнен: Ооба. Биз 3-майда, шейшемби күнү жарыялайбыз. Ошол кезге карай биздин баяндама даяр болот.

“Азаттык”: Килюнен мырза, сиздин баяндамада Кыргызстандагы комиссиялар сурай албай калган кишилердин, маселен Кадыржан Батыровдун көрсөтмөлөрү барбы?

Киммо Килюнен: Мен баяндамада бар маалыматтар жөнүндө шейшемби күнү гана айта алам. Азыр эч нерсе айта албаймын. Кимден алдык, кимди сурадык аны да айта албаймын. Анткени биз азыр иштешибиз, жазышыбыз керек.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG