Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Парламент тарайт, тарабайт...


Кыргызстанда парламент таркатылат деген сөз президенттик шайлоодон кийин күч алган. Президент аны четке какканына карабай мындай сөздөр токтой элек.

Азыркы Жогорку Кеңеш Президенттин толук көзөмөлүндө турат жана анын оозунан сөзү чыга электе баарын аткарууга даяр. Бирок ага карабай Жогорку Кеңешти таркатуу тууралуу сөздөр токтой элек. Эгерде таркатуу жөнүндөгү сөздөр буга чейин маркум Медет Садыркуловдун парламенттеги тарапкерлерин айдоо үчүн керектиги айтылса, азыркы мезгилде парламентте реалдуу көп партиялуулукту камсыздоо, бийликке лоялдуу оппозиция болуп бере ала турган “Ар намыс”, “Ак шумкар” жана “Жаңы Кыргызстан” өңдүү партияларды алып келип, Социал-демократтарды саясий аренадан четтетүү, андагы Роза Отунбаеванын безге сайган билдирүүлөрүнө парламент трибунасынан орун бербөө үчүн таркатылышы ыктымалдыгы белгиленүүдө.

Жогорку Кеңештеги акыркы структуралык өзгөрүүлөрдөн соң парламенттеги Медет Садыркуловдун тарапкерлери комитеттерден
четтетилди. Маселен, Эрик Арсалиев, Кабай Карабеков Эл аралык иштер жана парламенттик кызматташтык комитетинен, Галина Куликова Билим берүү, илим жана маданият комитетинен, Орзубек Назаров жаштар, спорт жана гендердик саясат комитетинен четтетилди. Бул комитеттердин айрымдары жоюлуп, айрымдары кайра түзүлдү.

Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Зайнидин Курманов Конституцияга өзгөртүү жана кошумчалар киргизилгенден кийин парламентти таркатуу шарты пайда болуш мүмкүндүгүн белгилейт:

- Эми Жогорку Кеңеш жөнүндө эмне деп айтылат? Эгерде Жогорку Кеңеш 120 же 130 депутаттан турат деп жазылып калса, балким ошо кадамга (таркатуу) барыш керек. Бирок өткөөл жоболорго жазылып калышы мүмкүн Жогорку Кеңеш кезектеги шайлоодо шайланат деп. Анда эч кандай жаңы парламенттик шайлоо болбой калышы мүмкүн.

Президент Курманбек Бакиев болсо 1-сентябрда парламенттеги сөзүн Жогорку Кеңештин таркатылбашынан баштаган эле:

- Парламентти таркатуу жөнүндөгү ар кандай имиштер орунсуз экенин ачык айтып коеюн. Жогорку Кенешти таратуу эч кимдин оюнда жок. Буга эч кандай зарылчылык да жок. Бул сөздөр негизсиз ушактар. Урматтуу депутаттар, шайлоонун таймаштары артта калды. Эми иштей турган кез.

Бирок Президенттин мына ошол эле сөзүндө азыркы парламентти “легендарлуу парламент” сыяктуу тарыхый чечимдерди кабыл алууга үндөгөн. Ал эми “легендарлуу парламенттин” таркап кеткени да белгилүү. Ошондуктан азыркы парламентти “легендарлуу парламент” сыяктуу болгула деген Курманбек Бакиев, мүмкүн таркап кетүүнү да эскертсе керек.

Белгилүү болгондой, “Ак жол” партиясы да, фракциясы да азыркыдан башка саясий кырдаалда ар кандай күчтөрдүн компромиси менен түптөлгөн. Азыркы мезгилде Президент баарын бекем көзөмөлүнө алган чакта ага гана лоялдуу, ошол эле учурда демилгелүү жаштарды парламентке алып келүү зарылчылыгы чыгышы ыктымал.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин айтымында, башкаруу системасын реформалоонун натыйжасында парламентти жаңылаш керек деп жогору жактан сөз айтылса эле баары дароо чечилет. Жаңы шайлоо болот. Анын натыйжасында жаштар парламентке келет дейт Молдалиев:

- Жаштар келет. Азыркы шаардык кеңешке келген жаштардын бир тобу эми бул парламентке келет. Анткени алардын артында турган таасирдүү күчтөр жогорку бийликтерге, жогорку баскычтарга келди. Анан аларды, өз команданы алып келиш керек болууда.

Жогорку Кеңешке Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорлор ушул кезге чейин түшө элек. Эгерде өзгөрүүлөр Президенттик институтаттарга гана байланыштуу болсо, анда долбоорлор тез эле түшүшү керек эле. Мүмкүн анда депутаттардын тагдырына байланыштуу өзгөрүүлөр болгондугуна байланыштуу, маселен Зайнидин Курманов айткандай Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны өзгөрүүсү, долбоорлордун парламентке келиши кечеңдеп жатат..


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG