Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Баш мыйзамды өзгөртүү долбоору талашка түштү


Конституция күнүнө карата Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөн салтанаттуу жыйын.
Конституция күнүнө карата Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөн салтанаттуу жыйын.

28-апрелде Жогорку Кеңештин беш фракциясы Конституциялык реформа боюнча биргелешкен жыйын өткөрдү. Анда Баш мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча долбоор талкууланды. Фракциялардын биргелешкен талкуусунан кийин долбоор парламенттин комитеттеринин кароосуна коюлат. Долбоордун авторлору күзгү парламенттик шайлоо менен бирге Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштоону көздөшүүдө.

28-апрелде Жогорку Кеңештин фракцияларынын биргелешкен жыйынында Баш мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Долбоор Башкаруучу коалиция тарабынан даярдалып, Президенттик аппарат менен макулдашылган.

Бирок фракциялардын биргелешкен жыйынында талаш-тартыш азыркы Баш мыйзамдын 114-беренеси киргизген чектөөлөрдөн башталды. Ал чектөөлөр боюнча Баш мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү 2020-жылдан кийин гана мүмкүн. Мындай ойду депутаттар Данияр Тербишалиев, Туратбек Мадылбеков жана Асия Сасыкбаева айтып чыкты.

Бирок бул жүйөлөргө макул болбогон Башкаруучу коалициянын лидери Феликс Кулов 114-берененин 3-бөлүмүнө таянып, "референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү киргизүү мүмкүн" деди. Аны депутат Курмантай Абдиев да колдоду:

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

- Конституцияга өзгөртүү киргизүү учурдун талабы. Ал жерде мөөнөттү көрсөтүп, өзгөрткөнгө болбойт деп жатабыз. Бирок кандай кылып ошол мыйзамды кабыл алсак, ошондой жол менен аны жокко чыгарып, өзгөртүү киргизсек болот. Бул элдин колунда.

Сунушталып жаткан жаткан өзгөртүүлөрдүн маани-мазмунуна келе турган болсок, алар президенттин, өкмөт башчынын жана фракция лидерлеринин бийлигин бекемдөөгө багытталган.

Маселен, президенттин жана Жогорку Кеңештин ыйгарым укугу Жогорку Соттун төрагасын жана орун басарларын дайындоодо көбөйөт. Анткени алар президенттин сунушу менен парламент тарабынан шайланат деген жобо сунушталууда.

“Ата-Журт” фракциясынан депутат Дастан Жумабеков Жогорку Соттун жетекчилигин шайлоону президент жана Жогорку Кеңешке өткөрүп берүүнү эскиге кайтып келүү катары баалады:

- Эми бул тескери кетип жатат. Эртеңки күндө сот бийлиги туура эмес иштеп, коррупциялык схемадан чыга албай калса, ошол эле президент, ошол эле парламент жаманатты болот. Анткени соттун төрагасын айландырып келип, президент менен парламентке байлап коюп атабыз. Мен буга таптакыр каршымын.

Долбоордо Коргоо кеңешин өзгөртүп, мурункудай эле Коопсуздук кеңеши деп атоо сунушталган. Бул жагынан да президенттин ыйгарым-укугу кеңейиши күтүлөт. Анткени Коргоо кеңеши кыскараак түшүнүктү камтыса, Коопсуздук кеңеши кеңири түшүнүктү камтыйт. Президент энергетикалык, азык-түлүк жана башка коопсуздуктарга байланыштырып, өкмөттүн ишине кийлигишүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Феликс Кулов
Феликс Кулов

Өкмөт башчынын ыйгарым-укуктарын бекемдөө зарылдыгын Феликс Кулов бийликтин вертикалын бекемдөө максаты менен түшүндүрдү:

- Парламентаризмдин шартында аткаруу бийлиги баштан-аяк натыйжалуу болушу маанилүү. Азыркы Баш мыйзамда жазылбай калган, жаңы долбоордо өкмөт башчы өкмөт мүчөсүн, жергиликтүү бийлик башчысын кызматтан бошото алат. Ошол эле жергиликтүү кеңеш жергиликтүү бийлик башчысына ишеним көрсөтпөй кое алат. Бул өз кезегинде премьер-министрдин жергиликтүү кеңештерди угуп турушуна алып келет.

Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү долбоору кабыл алынса, анда фракция, партия лидерлеринин ыйгарым-укуктары да бекемделет. Анткени ага ылайык депутатты партия жетекчилиги фракциядан чыгаруу укугуна ээ болот. Фракциядан чыгарылган депутат болсо мандатынан ажырайт. Анткени Баш мыйзамда депутат фракцияда гана болот деген жобо бар.

Фракциялардын биргелешкен жыйынында талаш-тартыш жараткан дагы бир жагдай "өкмөт башчылыгына шайланган депутат мандатын сактап калат" деген жобо болууда. Айрым депутаттар "аткаруу бийлигинин башына барган адам кайра депутат болуп келбеши керек" деген ойду айтышууда.

Кээ бир депутаттар Баш мыйзам өзгөртүү жана кошумча киргизүүнү фракцияларда эле эмес, жалпы коомчулукта талкуулоону сунуштады.

28-апрелдеги талкууга азыркы Баш мыйзамдын атасы аталган Өмүрбек Текебаев катышкан жок. Ал бул күндөрү Москвада сапарда жүргөнү маалым.

Фракциялардын биргелешкен жыйынында айтылган сунуштарды долбоорго кошуп, комитет жана парламенттин пленардык отурумуна алып чыгуу сунушталды.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG