Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Ташиев: Элдин тынчтыгы депутаттыктан да жогору


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-сентябрда “Республика Ата-Журт” партиясынын тизмесинен Камчыбек Ташиевдин талапкерлигин алып салды. Бул чечимди Биринчи Май райондук соту да кубаттады.

Ага 26-сентябрда "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын Сузактагы штабы талкаланып, талапкер Абдыманап Абдыбахапов сабалганы себеп болгон. Абдыбахапов өзүн Ташиев тарапташтары менен келип сабап кеткенин билдирген. Сот чечиминен кийин саясатчы менен чакан маек курдук.

"Азаттык": Камчыбек мырза, Биринчи Май райондук соту да БШКны колдоп, сизге каршы чечим кабыл алышты. Эми мындан аркы кадамдарыңыз кандай болот?

Ташиев: Биз бардык кадамдарыбызды мыйзам чегинде жүргүзөлү деген оюбуз бар. Шайлоочуларыбыздын баарына кайрылып, шайлоо тынч өтүшү үчүн эч кандай чагымга алдырбагыла, митингдерге чыкпагыла деп чакырып атабыз. Анткени мамлекеттин тынчтыгы менин депутат болуш-болбошуман дагы өтө маанилүү.

"Азаттык": Сиз анда бул чечимди моюндагандай сезилип атасыз. Дегеле, мындан ары жогорку сот инстанцияларына кайрыласызбы же ишти ушул бойдон калтырасызбы?

Ташиев: Эч кандай бул чечимди моюндаган жокпуз. Себеби БШКнын чечими мыйзамсыз. Болбогон окуяны атайын арыз жаздыртып, ошонун негизинде атайын даярдаган шоу болду. Чагымчылдык болду. Анткени биринчи маалымат боюнча берилген аныктамалардын бардыгы туура эмес экенин азыркы дарыгерлердин аныктамалары далилдеп атат. Ал адам эч кандай жаракат алган эмес. Ал адамдын кабыргасы же башка жери сынган эмес, мээси чайкалып, бир жери жарылып же көгөргөн эмес. Жөн эле анткорлонуп, атайын даярдалганы көрүнүп турат.

"Азаттык": Камчыбек мырза, эми дагы сотко кайрыласызбы? Ушуну айтпай жатасыз?

Ташиев: Эми, албетте, Жогорку Сотко беребиз. Эгер ал сот карабай турган болсо маселенин күрөшө турган мыйзамдуу жолу көп. Иш муну менен эле бүтүп калбайт. Анын үстүнө саясат жаңы эле башталып атпайбы.

"Азаттык": Сизди талапкерликтен алууга мурда “Республика” партиясынан жылдырылган БШК мүчөсү да макулдук берген экен. Мындан улам Ташиевдин тизмеден чыгарылышына анын өнөктөшү Өмүрбек Бабановдун да кызыкчылыгы бар деген кептер чыгып атат. Кандай комментарий бересиз?

Ташиев: Бул такыр туура эмес маалымат. Себеби БШКда же башка жерде деле, ошол эле “Республика” же “Ата-Журт” партиясынан шайланган депутаттар деле башка партияларга өтүп, өзүнчө саясат жүргүзүп атпайбы. Ошол сыяктуу эле мурда “Республикадан” жылдырылган шайлоо комиссиясынын мүчөсү биздин азыркы партияга тиешеси жок.

Ачык эле айтайын, бул маселеге Өмүрбек Токтогуловичтин эч кандай тиешеси жок. Өмүрбек Токтогулович экөөбүздүн ортобузга чагым кылып, уруштурайын деген аракеттерди жасап атышат. Бирок биз алардын баарын акылга салып, түшүнүп эле турабыз.

"Азаттык": Мындан ары Бабанов менен бирге болосузбу? Канча убакыт бирге болосуз?

Ташиев: Эми сөзсүз бирге болобуз. Себеби биз депутаттык үчүн эле эмес, мамлекетти өзгөртөбүз деген чоң максатты алдыбызга койгонбуз. Ага сөзсүз жетебиз деген оюбуз бар.

"Азаттык": Ташиевдин ушуну менен саясый карьерасы бүттү деген пикирлер чыкты. Коомчулукта эми кийинки шайлоого чейинки беш жылда сизди эмне жумуш кылат деген кызыгуу күч.

Ташиев: Кандайча беш жыл эмне кыласыз? Саясат эми башталып атпайбы. Беш жыл, он жыл саясат менен күрөшөм. Акыйкаттык келмейин күрөштү токтотпойм. Бардык эле саясатчылар депутат болуп парламентте отурушу керек эмес да.

"Азаттык": Анда сизди бийликтин башка бутагынын же саясаттын кайсы жагынан көрсөк болот?

Ташиев: ​Убакыт келгенде көрөрбүз эми, аны азыр божомолдоонун кереги жок.

XS
SM
MD
LG