Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:47

Камчыбек Ташиев жарыштан чыгарылды


Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында. Бишкек, 28-сентябрь, 2015-жыл
Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында. Бишкек, 28-сентябрь, 2015-жыл

Борбордук шайлоо комиссиясы “Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевди шайлоо тизмесинен чыгарып салды.

Буга анын “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкерди сабап салганы негиз болгон. Бирок “Республика Ата-Журт” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев БШК тергөөнүн жыйынтыгын күтпөстөн шашылыш чечим чыгарганын саясий буюртма деп атоого негиз берерин билдирди.

“Чагылгандай” тез чечим

Борбордук шайлоо комиссиясынын 28-сентябрдагы жыйынында “Республика Ата-Журт” партиясынын тизмесинен Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги алып салынды. Бул чечимди колдоп Борбордук шайлоо комиссиясынын 11 мүчөсүнүн тогузу добуш берди. БШКнын эки мүчөсү - Нурмамат Ашимов менен Гүлнара Журабаева тергөө бүткөнгө чейин жыйынтык чыгарганга эртелик кыларын айтып, чечимге каршы добуш беришти.

Анткен менен Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Алмаз Асаналиев бул иш боюнча тергөөнүн жыйынтыгын күтүп отурууга убакыт жоктугун айтып, ага чейин чара көрүү зарыл экенин белгиледи:

- Тергөө жарым жылда бүтөбү, бир жылда бүтөбү ал өз жолу менен жүрө берсин. Биз бул жерде санкциянын убактысы бүтүп калат, бүгүн чара көрө коюлу деп шашылыш чечим чыгарып жаткан жерибиз жок. Материалдарды карап чыгып, таразалап туруп чечим кабыл алдык. Мындай чечимди эртең же кийинки күнү кабыл алабыз десек кеч болуп калышы мүмкүн эле. Саясий эркибиз жетсе, бул партияны толугу менен шайлоодон четтетсек болот эле. Бирок биз бир адамдын айынан бардыгы жабыркап калбасын дедик. Акыры биз бул окуяга баа бербей отура берсек туура эмес болуп калмак да.

Ошол эле кезде “Республика Ата-Журт” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев Сузактагы окуя боюнча тергөө иштери аягына чыга электе эле БШКнын депутаттыкка талапкер Ташиевдин иш аракетине баа беришин алдын ала даярдалган чагымдын жыйынтыгы катары мүнөздөдү. Нурлан Шакиев бул жагдай туурасында мындай дейт:

- Абдыбахаповдун медициналык корутундусу деле таза чыгыптыр. Кандайдыр бир оор жаракат алганы тастыкталган эмес. Бул окуя боюнча Ташиевдин өзүнө эмес, факты боюнча кылмыш иши козголгон экен. Анын жыйынтыгын күтпөй туруп эле БШКнын аны шайлоодон четтетүү чечимин чыгара койгону бизге таң калычтуу болду.

Жабырлануучунун “кусаматы”

Ташиевдин талапкерлигин алып салууга “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан талапкер Абдыманап Абдыбахаповго кол көтөргөнү себеп болгон. Эки талапкер араздашкан окуя 26-сентябрда “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук штабында болгон. Адистердин айтымында, Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги алынса, анын кол тийбестиги жокко чыгарылып, ага каршы кылмыш ишин козгоп, камакка алууга негиз берет.

Учурда ооруканада жаткан жабырлануучу Абдыманап Абдыбахапов Камчыбек Ташиевди камакка алып, сот жообуна тартууну талап кылууда:

- Ал саясий партиянын штабына өзү каракчылык кылып, бастырып кирип келип жатпайбы. Мен арызымды артка кайтарбайм. Мени ур-токмокко алган Ташиев баш болгон сегиз адам жоопко тартылууга тийиш. Себеби мындай адамдар парламентке депутат болуп шайланмак турсун, кандайдыр бир мамлекеттик кызматка да барууга болбойт. Андай адамдарды акыры бирөө токтотуш керекпи?

Тасмада: Абдыманап Абдыбахапов ооруканада
Ташиев талапкерди сабаганбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00

“Республика Ата-Журт” партиясынын лидерлери- Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча Бишкекте шашылыш маалымат жыйынын өткөрүштү. Партиянын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов маалымат жыйынында БШКнын чечимин мыйзамсыз деп билдирди. Анда ал өзүнүн саясий өнөктөшү Камчыбек Ташиевдин талапкердигин алып салууну “кош стандарттуулук” деп баалады. Бабановдун айтымында, адамды күнөөлүү деп табууга тергөө жана сот органдары гана укуктуу.

Бабанов: БШКнын чечими мыйзамсыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:05 0:00

“Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев нааразылык акциясына чыгууга үндөгөн жактоочуларын тыйып, маселени сот аркылуу чечүүгө кызыкдар экенин белгиледи:

- Мына ошол мени шайлоодон четтетүү тууралуу чечимден соң биздин көптөгөн тарапташтар митингдерди жана ар кандай каршылык акцияларын уюштурууга даярданып жатканы бизге маалым болду. Бирок биз шайлоого төрт күн убакыт калган учурда митинг-пикет өткөрбөй тынч тура туралы деп чечтик. Анан шайлоодо кимдин кандай жыйынтыгы боло турганын карап туруп, анан ошого карата чечим чыгарабыз. Азыр биз сотко бердик. Сот мыйзамдуу чечим чыгарабы же жокпу аны дагы карап турабыз.

Ташиев жарыштан чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:44 0:00

Буга чейин “Республика – Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев шайлоочулар менен жолугушууларда мурда Ак үйдүн коргонунан ашкандыгы үчүн кандайча соттолгону жана кандайча бошотолгону боюнча өлкөнүн саясий жетекчилигин айыптаган билдирүүлөрдү тараткан болчу.​

XS
SM
MD
LG