Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:17

БШК Ташиевди шайлоодон четтетти


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Борбордук шайлоо комисиясы 28-сентябрдагы чечими менен “Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевди шайлоодон четтетти. (Жаңыланды)

“Республика Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин парламенттик шайлоого талапкерлиги каттоодон алып салынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Буга анын “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан талапкер Абдыманап Абдыбахаповго кол көтөргөнү себеп болгон.

Эки талапкер араздашкан окуя 26-сентябрда “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук штабында түштөн кийин болгон. Партиянын маалымат кызматынын өкүлү Тынычбек Мамаевдин ырасташынча, Ташиев Абдыбахаповго эч себепсиз кол көтөргөн:

- Ал он чакты бала менен Сузак районундагы Атабеков айыл аймагындагы Бегабад айылында жайгашкан “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын штабына бастырып кирип келип, эшикти жаап, эч кимди киргизбей, үчөө-төртөө болуп алып сабаган. Ортодо чыр деле болбоптур. Окуяга күбө болгондордун айтымында, жөн эле кирип келип, кулагынан бурап, муунтуп урган экен.

Учурда Абдыманап Абдыбахапов кабыргалары сынганын айтып, Жалал-Абад шаардык ооруканасында жатат. Ал өзү окуя тууралуу кенен-кесири маалымат берүүдөн баш тартты:

- Мен телефондон жооп бербей эле коеюнчу. Жолугушканда айтып берейин. Азыр ооруп жатам.

Абдыманап Абдыбахаповду дарыгерлер текшерип жаткан видео
Ташиев талапкерди сабаганбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00

​“Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев бул окуяны атайын уюштурулган чагым, каралоо аракети деп баалады:

- Штабга жолугалы, сүйлөшөлү деп чакырган экен. Сүйлөшкөндөй деле болгон жокпуз. Түштөнүү убагында футболка, тапичке, трико кийип эле отургам. Анан чакырганынан жарым саат убактым бар, барып келейин деп келгем. Бирок барган эле убакта булар мени чагымга түртүп, мени менен мушташууга аракет кылышты. Футболкамды айрып коюшту. Өзү эле чалынып-чулунуп, отургучтардан жыгылып, “мени урду, өлтүрдү, кабыргаларымды сындырды, мен азыр журналисттерди чакырым, арыз жазам” деп кыйкырып-өкүрүп калды. Мен бул чагым болгонун ошол жерден түшүндүм. Чындыгында алар уюштурган журналисттер, милициялар да даяр экен. Алар дароо эле пайда боло калышып, айтып-жазып, кыскасы, каралай баштады.

Бул окуя боюнча Жалал-Абад милициясы кылмыш ишин козгоду. Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Нурдин Насыркуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, жабырлануучунун кабыргалары сынганы азырынча тастыктала элек:

- Рентгенге эмес, УЗИге түшкөн экен. Ал жерден сынык жок деп чыгыптыр. Азыр эми дүйшөмбү күнү рентгенге түшөм деп жатат. Дем алыш күн болгондуктан рентген иштебейт экен. Ошол жакка түшкөндөн кийин аныкталат го. Бул окуя боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иш козгодук.

Шайлоого аттанган партиялардын өкүлдөрү араздашкан фактылар буга чейин да катталган.

Өткөн аптада Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда “Кыргызстан” партиясынын үгүтчүсү Бектур Назаров бычак жеген. Аталган партия буга байланыштуу “Республика Ата-Журт” партиясынан талапкер Азизбек Эсеновду күнөөлөп чыккан.

Андан мурдараак “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан шайлоого бараткан Кочкор-Ата шаардык кеңештин депутаты Кабылжан Кимсамбаев Жогорку Кеңештин депутаты, ”Бир Бол” партиясынан талапкер Нурбек Мурашев аны сабап салганын айтып, милицияга арыз жазган.

Үгүт өнөктүгү башталар алдында “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын тизмесиндеги Тазабек Стамкулов баштаган топ “Бир Бол” партиясынын активистин токмоктоп коюшканы тууралуу маалымат тараган.

XS
SM
MD
LG