Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Ташиевдин кооптонуусуна Ак үй жооп кайтарды


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Президенттик аппарат "Республика Ата-Журт" партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин Ош шаарындагы шайлоочулар менен жолугушуу учурунда региондор ортосунда араздашууну жараткан сөз айтты деп айыптады.

“Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин 6-cентябрдагы Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушууда Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы кошумча шайлоо участоктору тууралуу билдирүүсүнө Ак үй дароо жооп кайтарды.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов талапкер Ташиевдин "бийлик партиясы өз электоратын көбөйтүү үчүн президент туулуп-өскөн аймакта жаңы шайлоо участокторун ачып жатат" деп айтканын “саясий кутум” деп атады.

- Бул билдирүүдө региондор аралык маселеге да басым жасалганы билинүүдө. Ким тарабынан болбосун мамлекет башчысынын атын өз мүдөөсүнө пайдалануу өтө орунсуз жосун деп эсептейбиз. Бул жогоруда аталган Камчыбек Ташиевге да тийиштүү. Мамлекет башчысынын Кыргызстандын бардык аймагындагы кадыр-баркы жалпы элдик шайлоо менен бекемделген жана шайлоо участокторунун санына, алар жайгашкан орунга көз каранды эмес, - деди Алмаз Үсөнов.

Камчыбек Ташиев шайлоочулар менен жолугушууда жогорудай сөз айтканын танбайт. Сокулук жана Аламүдүн райондорунда кошумча шайлоо участкалары ачыла турган болсо, участкалар бийликтин партиясына кызмат кылып калышынан кооптонуп атканын Ташиев “Азаттыкка” төмөндөгүдөй түшүндүрүп берди^

- Эми ошол жакта шайлоо участоктору ачыла турган болсо, алар ал жактан көп деле добуш топтой албайт. Бирок бийликтин партиясынан дагы шайлоого кетип жатпайбы. Мындайда шайлоо участкалары бийликке жагалданып ийиши мүмкүн болуп турат. Себеби, президент Аламүдүн районунан, премьер-министр Сокулук районунан болуп жатпайбы. Ошондуктан башка райондон шайлоо участокторун ачып, ал жакта ачуунун кереги жок эле деп атам. Биз ушундайды токтотушубуз керек.

Кыргызстанда жалпысынан эки миңден ашык шайлоо участкасы болсо, Бишкекте алардын саны 200гө көп. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында кошумча шайлоо участкалары Бишкек жана Ош шаарларында ачылып, баш калаада эле алардын саны 39га жетет.

БШКнын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеев, эки негизги шаардан башка аймак-райондордо кошумча шайлоо участкалары ачылбай турганын айтты. Бирок кээ бир кошумча шайлоо участкалары Бишкектин жака белинде болгондуктан, алар Сокулук жана Аламүдүн райондоруна чектеш жайгашкан.

- Кошумча участкалар Бишкек менен Оштон башка район, шаарларда жок. Бул ички мигранттарга деп ачылгандыктан, негизгисинен алардын басымдуусу Бишкек менен Ошто. Аламүдүн менен Сокулук районунда участкалар жок, бирок алар деле шаар менен чектешип кетет да. Ошондой чектешкен райондордо бар. Кыскасы, Бишкек менен чектешкен Аламүдүн, Сокулукта бар.

БШК Бишкектеги кошумча участкаларга эле шайлоо күнү 200 миңден ашык жаран келет деп болжолдоп жатат. Себеби, паспорттогу дареги Бишкекте болбогону менен алар биометрикалык маалыматты борбордо тапшыргандыктан кошумча участоктордо добуш бере алышат.

1-сентябрда парламенттик комитеттин отурумунда БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов жаңы конуштагылардын добушу чоң күчкө ээ болуп калгандыктан, партия талапкерлери алардын көңүлүн алууда түрдүү амалды издеп жатканын айткан. Абдраимов айрым талапкерлер жетиштүү добуш алуу үчүн Бишкектеги тааныш-билиштерин өзүнө тиешелүү участкаларга алып барып шайлоого катышууга арыз жаздыртып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG