Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Порошенко Москваны чек араны жабууга чакырды


Украинанын президенти Петро Порошенко, 11-декабрь, Австралия.
Украинанын президенти Петро Порошенко, 11-декабрь, Австралия.

Украин президенти Петро Порошенко Москвадан өлкө чыгышындагы козголоңчуларды колдоону токтотуп, өз аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылды.

Порошенко ошондой эле Орусияны эки өлкө ортосундагы чек араны жабууга чакырды. Ал мындай аргасыз кадам бир нече аптанын ичинде өлкөдө тынчтыкты орнотуп, стабилдүүлүккө жол ачаарын айтты. Бул тууралуу Порошенко 11-декабрда Австралиядагы сапары маалында билдирди.

Москва болсо бул жаңжалга катыштыгы жоктугун дагы эле кайталоодо. Порошенко менен бирге маалымат жыйында сүйлөгөн Австралиянын премьер-министри Тони Эбботт анын өлкөсү эркин Украина менен тилектеш экенин белгиледи.

Бул билдирүүлөр Украинадагы өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл козголоңчулардын “жымжырттык күнүнөн” кийинки жаңы кагылышууларынан соң айтылды, Киев эми козголоңчулар ок атууну толук токтотмоюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү жөнүндө сөз болбостугун эскертти.

Украин президенти Порошенко жана Австралиянын премьер-министри Тони Эбботт.
Украин президенти Порошенко жана Австралиянын премьер-министри Тони Эбботт.

Украина менен Австралиянын ортосундагы алака июль айында малайзиялык лайнер Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөндөн кийин жакындады. Авиакырсыкта мерт кеткен 300гө жакын жүргүнчүнүн отуз сегизи австралиялык жарандар эле.

Киев жана Батыш өлкөлөрү "Боинг" учагын Москва берген ракеталар менен козголоңчулар атып түшүрдү деп айыптаса, Кремл мындай кинени толугу менен четке кагып келет.

Порошенко менен Эбботт энергетика тармагындагы бир катар суроолорду талкуулашты, украин президенти Киев өзүнүн атомдук станциялары үчүн Австралиядан уран жана көмүр сатып аларын билдирди.

“Австралия энергетикалык жактан чоң держава, ал эми Украинанын азыркы абалын эске алганда, энергетикалык коопсуздук абдан маанилүү”,- деди премьер-министр Эбботт.

10 - декабрда Украинанын экс-президенти, Киевдин Орусия, орусиячыл козголоңчулар жана ЕККУ менен болгон жолугушууларындагы өкүлү Леонид Кучма сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы жакынкы күндөрү Минскиде өтпөй калганын билдирди. Буга козголоңчулардын мурда макулдашылган ок чыгарбоо келишимин бузганы себеп болду.

Интерфакс агенттиги билдиргендей, Кучма “Бир тарап ок атышууну токтотууну камсыздап бере албаган кырдаалда, мындай жолугушуунун кажети жок” деп айткан.

Президент Порошенко "Бүткүл дүйнө Украина менен, ал эми Орусия обочодо калууда. Бул деген алар маалымат согушуна сарптап жаткан жүз миллиондогон долларлар эффективдүү болбой жатканын билдирет. Анткени чындык биз тарапта" – деп билдирди Мельбрунда сүйлөп жатып.

Путин жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди.
Путин жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди.

Ал арада 11-декабрда Орусия президенти Путин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди соода жана энергетика тармагындагы кызматташуу жаатында сүйлөшүү жүргүздү.

Жолугушуу алдында Путин Москва менен Нью-Делинин мамилесин “артыкчылыктуу стратегиялык кызматташуу” деп белгилеп, бул жолугушууда атом станцияларын куруу жана аскердик кызматташуу күчөйт деп билдирген.

Рейтер агенттиги болсо Путинди Индияга Орусия аннексиялап алган аймактын башчысы Сергей Аксенов коштоп барганын кабарлады. Аксенов мумбайлык ишкерлер менен бейформал жолугушууларда соодак-сатык тармагындагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Индия Украинадагы кризис үчүн Батыштын Орусияга каршы санкцияларына кошулган эмес.

XS
SM
MD
LG