Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Президент Жапаров азыр добуш уурдоого мүмкүн эмес экенин айтты


Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин бири. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин бири. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров aryba.kg сайтына чакан интервью берип, Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо жакшы өткөнүн, муну эл аралык байкоочулар да, эл да айтып жатканын билдирди.

Өлкө башчы шайлоодо бийлик Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) басым кылбаганын, эгерде мындай факты аныкталса, токтоосуз отставкага кетүүгө даяр экенин кошумчалады.

"Серверди түшүнгөнү деле, түшүнбөгөнү деле сайрап жатып калышты. Айрымдары элдин башын айлантып, өздөрү таблица чийип ала коюп сүйлөп чыгышты. "Мына, ушинтип уурдайт добуштарды" дешип. Кимде ким добуш уурдаган болсо, аны Кудай жазаласын. Бирок, азыр техниканын заманы. Азыр добуш уурдай албайсың. Эгер бийлик тараптан басым болсо, БШКнын башчысы, адистери же участкалык шайлоо комиссияларынын 31 миң мүчөсү “бийлик ушинтип басым жасады, анан биз ушинтип добуш уурдадык” деп айтып чыгышсын. Мен токтоосуз эле отставкага кетип калайын", - деди Жапаров.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчысынын маегинин мазмуну туура экенин "Азаттыкка" билдирди.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Шайлоо күнү добуш берүү аягына чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын Маалыматтык шайлоо системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Боршайкомдун техникалык адиси добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча автоматтык эсептөөчү урналардан түшкөн маалыматтарды сайтка чыгарууда талапкерлер алган добуш партияга кошулуп калганын айтты.

Садыр Жапаров, Борбордук шайлоо комиссиясы жана Улуттук коопсуздук комитет система техникалык адистердин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип келишет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG