Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Маданият - Бек-Абад жолун салып жаткан жумушчулар иш таштады


Маданият - Бек-Абад автожолу.
Маданият - Бек-Абад автожолу.

Бишкек - Ош автожолунун Маданият - Бек-Абад тилкесинде иштеп жаткан жумушчулар төрт айдан бери айлык ала албай жатканын айтып, иш ташташты. Бул тууралуу “Азаттыкка” алардын бири Кыял Абжанов билдирди. Маалымат боюнча, алар август айынан бери айлык алыша элек.

“Бул биринчиси эмес. Акыркы бир жылда адатка айланды. Транспорт министрлигинин өкүлдөрү жолугуп “жакын арада чечилет” деп айтып жатат. “Беш-он күндөн кийин беребиз” деп бизди алдап келишет. Үй-бүлөбүздү багабыз деп араң жүрөбүз. Өзүбүздүн техникаларды карызга оңдотконбуз, азыр карыздарыбыз толтура. Жумушка чыккан жокпуз. Эми президентке кайрылганы жатабыз. Азыр “Азвирт” компаниясы менен өкмөт бири-бирине шылтап айлык маселесин чечпей жатат”, - деди Абжанов.

Маданият - Бек-Абад жолун салып жаткан “Азвирт” ишканасынын Ноокен районундагы кеңсесине чогулган жумушчулар менен Транспорт министрлигинин аймактагы өкүлү жолугуп, талаптарын укту.

Компаниянын маалыматына караганда, ишкана жумушчуларга 60 миң доллар карыз. Каржы жок жолдогу курулуш иштери да токтоп калды. Транспорт министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Акжол Бегалиев айлык маселеси жакынкы күндөрү чечилерин айтты.

67 чакырым жолду салуу иштери Евразия өнүктүрүү банкынын каржылоосунда аткарылып жатат. 60 миллион долларга бааланган долбоорду азербайжандык “Азвирт” компаниясы тендерден утуп, жолду 51 миллион долларга курууда.

Жолду реконструкция 2018-жылы башталган. Бирок пандемиядан жана каржылоонун токтотулушунан улам убакыттан кечигип жатат. Ушул тапта долбоордо каралган жумуштардын 70%дан ашыгы бүтүп калды. Автожол 2022-жылы жайында пайдаланууга берилет. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG