Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

COVID-19: үч бейтап каза болуп, оору дагы 50 адамдан аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. Ага ылайык, коронавирус болгондор Бишкек шаарында көп (24 адам).

Жалпысынан Кыргызстанда CОVID-19дан 2755 бейтап каза болуп, оору жуктургандардын саны 183 510 адамга жетти.

Ушул тушта ооруканада 400дөй бейтап, дагы ушунча киши үйүндө дарыланып жатат.

Өлкөдө ооруга каршы 2 миллиондон ашык адам эмделди.

Инфекциянын жаңы "Омикрон" штаммына байланыштуу 1-декабрдан тарта Кыргызстанга кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш. Жаңы штамм катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт.

Саламаттык сактоо министрлиги аталган штамм аныкталган өлкөлөрдөгү жагдайга байкоо салып, маалыматтарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына берет.

Мамлекеттик органдарга COVID-19дун жаңы штаммына байланыштуу толук даярдыкта туруу тапшырмасы берилди. Бишкек бул жаатта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен да чукул консультация өткөрдү.

Түштүк Африкада 11-ноябрда аныкталган коронавирустун бул түрү мурдагыларга салыштырмалуу тез тарап жатканы, буга чейин вирустун башка штаммдары менен ооругандарга жукканы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG