Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Руслан Казакбаев ЕККУга байланыштуу көйгөйлөрдү санады


Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

Расмий Бишкек Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ)мүчөлөрүнүн арасындагы ишенимдин кризиси "негизги көйгөйлүү аспектилердин бири бойдон калууда" деп эсептейт.

Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Стокгольм шаарында ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин 28-жыйынынын алдында өткөрүлгөн формалдуу эмес жолугушууга катышканы тууралуу таратылган пресс-релизде айтылат.

Бишкек ЕККУнун алкагындагы милдеттердин аткарылышына байланышкан маселелер "айрым учурларда мамлекеттер арасында саясий максатта колдонулат" деген пикирде. "Мындай жагдайлар Уюмдун ичиндеги карама каршылыктарды күчөтүп, анын эл аралык аренадагы аброюна зыян келтирет",- деп жазылды министрликтин сайтына жарыяланган маалыматта.

Тышкы иштер министри ЕККУнун негизги документтеринде чагылдырылган принциптерди колдоо - катышуучулардын өз милдеттерин аткаруусун камсыз кыларын белгиледи.

Руслан Казакбаев ЕККУ аймагындагы бардык көйгөйлөр жана чакырыктар конструктивдүү диалог менен чечилүүгө тийиш экенин жана бардык катышуучу мамлекеттерден саясий ак ниеттүүлүктү талап кылаарын айтты. Ошондой эле "Талибандын" башкаруусундагы Ооганстандын калкына социалдык-экономикалык жана гуманитардык көмөк көрсөтүү боюнча токтоосуз аракеттер маанилүүлү экенин кошумчалады.

Стокольмдогу формалдуу эмес жолугушуу 1-декабрда өттү. Кыргыз министри иш-чарага ЕККУнун учурдагы төрайымы, Швециянын тышкы иштер министри Анн Линденин чакыруусу менен катышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG