Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Өзбек-ооган чек арасында франциялык жаран кармалды


Өзбек-ооган чек арасында кармалган франциялык жаран.
Өзбек-ооган чек арасында кармалган франциялык жаран.

Франциянын жараны Ооганстандан Өзбекстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган деген шек менен кармалды. Сурхандарыя облустук Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, ал 26-ноябрда Өзбекстанга темир жолдун изи менен жөө өтүүнү көздөгөндө колго түшкөн.

Текшерүү маалында анын жанынан психотроптук препарат деп саналган 26 даана Topalgic жана 50 мг Tramadol табылган.

Милициянын маалыматына караганда, териштирүү иштери Бажы башкармалыгы менен чогуу жүргүзүлүүдө. Кеңири маалымат берилген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG