Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Койдун баркын көтөргөн жарлык


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир ай мурда, тагыраагы 24-февралда президент Садыр Жапаров тажияда мал союуга тыюу салган жарлык чыгарган. Өлкө башчы анда чектөөлөр ашыкча чыгымга жол бербөө максатында ишке кире турганын түшүндүргөн эле. Бул жарлык элетте кандай иштеп жатканын апамдан айрылганда өз көзүм менен көрдүм.

Ооруканада үзүлгөн өмүр

Узакка созулган операциядан кийин жандандыруу бөлүмүнө которулган апам эсине келбей жашоо менен кош айтышты.

Апамдын акка моюн сунганын ошол жерде иштеген дарыгерден уктук. “Кайрат кылгыла” деди башын жерге салып. Үмүт акыркы болуп өчөт тура, ага чейин айыгып кетет деген ишеним бар эле. Бирөө башка чапкандай дендароо боло түшүп, эжем ыйлай баштаганда эсиме келдим.

Кийимдерин алып кеткени апам жаткан палатага бардык. Бейтаптар жана аларга келгендер башыбызга келген кайгыны айттырбай эле түшүндү. Ар бир кыймылыбызга баам салып, аяган көздөр менен карап отурушту.

Ыза болуп, буулугуп турсам да дарыланып жаткан эжелерге ден соолук тилеп чыга бердим.

Сөөктү айылга алып кетмей болуп өлүкканага бардык. Ал жерде иштеген адис колума алакандай кагаз карматты. Анда "Мээнин “түрк ээри” деген жериндеги өтө чоң шишик, 31-март, 2022-жыл" деген жазуу бар экен.

Туугандардын чечими...

Тажияны бир тууган байкем жана башка туугандар уюштурду. Сөөктү алып келгиче, айылдын молдосу, милиция жана айыл өкмөттүн кызматкерлери келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетиптир.

Милиция кызматкери “бодо мал сойбойм” деген тилкатка кол койдуруп, аны видеого тартып алганын айтышты. Туугандар кеңешип бир кой союп, калган этти сатып алууну чечкен экен. Тажиянын эртеси байкем бир кой союлуп, базардан 33 килограмм эт алып келгенин айтты.

Байкашымча, Чүй боорундагы айылдардын жашоочулары молдонун айтканын эки кылбайт экен. Президенттин жарлыгына макул болуп, каяша айткандарды деле байкабадым.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда өлүк чыккан үйдө мал союуга тыюу салганын Facebook баракчасы аркылуу билдиргени эсибизде.

Президент анда уулу Дастан каза болгондо туугандары үч жылкы союуну сунуштап, бирок ага макул болбой койгонун мисал келтирген.

"Мен "кереги жок, тоок дагы сойбойсуңар" деп эч нерсе сойдурбай койдум. Алар "алыстан көп киши келет, ачка кетиребизби, сөзгө калабыз" деп мени ынандырганга аракет кылышты. "Айта беришсин, мен той берген жокмун, аза күтүп жатам" деп караманча каршы болдум".

Токмок шаарындагы мал базары
Токмок шаарындагы мал базары

Апамдын тажиясында айылдын молдосу дагы ушул маанидеги сөздөрдү айтты.

“Туугандар, аза күтүп жаткан киши канча мал соем, кандай жилик тартам деп бушайман болбосун. Бул той эмес, сөөк жерге берилгенден кийин эле үй-жайыңарга тарай бериңиздер, тамакка кирүү шарт эмес. Алыстан келген куда-сөөк, таеке-жээндер гана киргени туура. Илгери, тажияга алыс жактан туугандар келгендиктен, аларга тамак-аш тартылчу, азыр заман башка”.

Молдонун бул сөзүнөн кийин топурак салуу үчүн жайга баргандардын көбү жолдон эле тарап кетти. Мурдагыдай казан-казан эт кайнап, бешбармак тартылган жок. Ашпозчу бир койдун эти менен палоо басты.

Бирок... Жетиликке деп дагы бир кой алууга туура келди. Өлкө башчынын буйругунан кийин мал базарда жылкы арзандап, кой алгандар көбөйүптүр. 12 миң сомдон 30 миңге чейин сатылып, семиз кочкорду 80 миңге баалап турган кишини көрдүм.

Тажиядан кыркылыкка чейинки убакытта дагы канча кой союларын так айта албайм. Бирок жума сайын куран окутулганда далай кой мууздалса керек.

Чектөөнүн айынан куран окутуп келгендер үчүн улам кой ала берип, бодо малдын баасы чыгып каларын байкадым.

Элдин айтымында, президенттин жарлыгынан буйтап, жылчык тапкандар да бар экен.

Бодо мал ордуна дароо бир нече кой сойгондор, тажия өткөндөн кийин жылкы же уй баласын курмандыкка чалгандар болуп жатыптыр.

Жеке пикиримде, жакшы ниет менен чыккан жарлык кынтыксыз ишке ашуусу зарыл. Болбосо, жыл айланбай унутулуп, "эски адатты" кайталап калбайбызбы деген суроо туулат...

Автордун пикири "Азаттыктын" карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG