Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:16

"Бишкектик жетекчи пайда көрбөсө, иш жылбайт экен"


"Project 143" уюмунун сүрөтү. АКШга конокко келген өспүрүмдөр.
"Project 143" уюмунун сүрөтү. АКШга конокко келген өспүрүмдөр.

АКШдагы "Project 143" уюму Кыргызстандагы ишмердиги эмне үчүн токтотулуп жатканына түшүндүрмө берди.

Кыргызстандагы балдар үйүндө тарбияланган жеткинчектерди жылына бир же эки жолу Америкага алып барып коноктоп жүргөн "Project 143" кайрымдуулук уюмунун ишмердиги жакында убактылуу токтотулду.

Кыргыз тарап мындай чечимге уюмдун ишмердигиндеги айрым күмөндүү жагдайлар себеп болду дешсе, "Project 143түн" өкүлдөрү бишкектик айрым жетекчилер жеке пайда таппаганына нааразы болгону үчүн жабылганын айтышат.

Кыргызстандан башка да өлкөлөрдө иштеп келаткан бейөкмөт уюмдун аткаруучу директору Тэмми Шэннон бизге маек курду.

"Азаттык": Шэннон айым, Кыргызстандын социалдык коргоо органдары айрым шектүү жагдайлардан улам АКШдагы "Project 143" уюму менен кызматташуу токтотулганын жарыялады. Ал кандай күмөндүү жагдайлар жана силер кызматташтык токтотулганын кандай түшүндүрөсүздөр?

"Project143" уюмунан алынган сүрөт.
"Project143" уюмунан алынган сүрөт.

Шэннон: Чынын айтсам, Бишкектеги Биринчи Май райондук социалдык коргоо кызматынын өкүлү Зеркүл биздин кызматташтыктан пайда таппай калганы башкы себеп болду окшойт.

Ал бир топтон бери эле "мен кандай пайда табам?" деп эле суроо коюп келатты, анан эч кандай киреше же пайда таппай турганына көзү жеткен соң акыркы бир жыл ичинде бизди жамандап, каралоого катуу киришти.

Мындан башка себеп таба алган жокмун. Ал өзү гана эмес, дагы бирөөлөр биздин "Child Hosting" же "Балдарды коноктоо" программабыздагы кемчиликтер тууралуу макала жазды, андагы маалыматтар туура эмес.

Биз Кыргызстанда "Балдарды коноктоо" программабызды баштаганда, ал жерде ушундай эле ишмердикке адистешкен дагы эки чет элдик программа иштеп жаткан - "WorldLinks" жана "LighNight" деген. Алардын иштеп жатканына бир нече жыл болгон, алар азыр да иштеп жатышат. Жанагы макалада Кыргызстанда биздин эле программа иштейт деп жазылыптыр, биз жалгыз эмеспиз. Кайсы өлкөгө барбайлы, биз, албетте, адегенде элчиликке кайрылып, “Балдарды коноктоо” долбоору менен тааныштырып, ишти эмнеден баштоо, кайда кайрылуу тууралуу расмий маалымат алып даярдык көрөбүз.

"Азаттык": Кыргызстандагы окурмандарга түшүндүрө кетсеңиз, “Балдарды коноктоо” долбоору кандай максатта, эмне болуп түзүлүп калган?

Project143 уюмунун сүрөтү.
Project143 уюмунун сүрөтү.

Шэннон: Биз бул кайрымдуулук долбоорун 2009-жылы баштаганбыз. Андан бери Латвия, Украина, Кытай, Мексика, дагы башка өлкөлөрдө иштеп жатабыз. Максатыбыз – жетим же кайсы бир себептен ата-энесинен ажыратылган, кароосуз калган колдоого муктаж балдарды Америкага алып келип, аларды бул жакта тандалган үй-бүлөлөрдө жашатып, коноктоо. Аларга балдар үйүндөгү жашоо менен кадимки үй-бүлөдөгү жашоонун айырмасын көрсөткүбүз келет.

Максатыбыз ал балдарды асырап алуу болбогону менен, адам болгон соң кээ бир учурда андай балдарды коноктогон үй-бүлө ал бала же кыз менен кандайдыр табигый байланыш, жакындыкты сезип, кийин ал баланы асырап алабыз, бизге бала, бир тууган болсун дегендер чыгат экен.

Негизинен биз конокко алып келген балдар – багып алууга мүмкүн болбогон, ата-энеси же туугандары бар балдар. Дагы бир жолу белгилей кетейин – биз бала багып алууга адистешкен уюм эмеспиз. Бирок алыскы өлкөдөн келген баланы өз үйүнө жашатып, коноктоп калган америкалык үй-бүлөлөр көп эле учурда ал балага кийин кайдыгер болбой, керектүү кийим-кечек, мектепке зарыл буюмдарын, башка белектерди жөнөтүп, кээде акчалай жардам берип, кийин кайра конокко чакыргандар көп эле болду.

Телефон чалып “жакшы окуп жатасыңбы, баары жайындабы” деп сурап, ал балага камкордук кылып, алыста болсо да аны жакшы көргөн адамдар бар экенин сездиргилери келет. Ал үчүн сөзсүз эле баланы асырап алуу зарыл эмес, тууганча жылуу мамилени ушинтип уланта берсе да болот. Балдар үйүндө чоңойгондор ар кандай кооптуу жолдорго түшүп калган учурлар көп эле болот эмеспи, ага көп учурда коомдогу текебердик, кайдыгерлик да күнөөлүү.

Латвияда бизде конокто болуп кеткен өспүрүм кийин майда уурулук кылып абакка түшүп калган экен, ал колониядан чыгарда дарбаза жанында аны ушул Америкада коноктогон ата-энеси күтүп турбадыбы, башка бир да жакыны жок экен.

"Project143" уюму берген сүрөт. Америкада белгиленген туулган күн
"Project143" уюму берген сүрөт. Америкада белгиленген туулган күн

"Азаттык": Балдарды Кыргызстан өңдүү алыскы жерден Америкага алып барууга, бир-эки ай коноктогонго далай эле каражат кетсе керек. Каражатты кайдан аласыздар?

Шэннон: Акчаны ошол балдарды коноктогон үй-бүлөлөр, биздин жакындарыбыздан, жеке каражаттарыбыздан топтолот. Америкада кайсыл бир адал ишке деп коомдук каражат топтоо ресурстары бар, аларды да колдонобуз.

"Азаттык": Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана социалдык коргоо органдарынын расмий каттарында көрсөтүлгөндөй, эмне себептен "Project-143" уюму буга чейин бир нече ирет конок программасы менен АКШга барып келген балдарды кайра-кайра чакыра берген?

Шэннон: Балдарды бир жолу коноктоп ага көнө түшкөн, адамдык байланыш түзүп калган америкалык үй-бүлө кийинки жылы да жайкы каникулда ошол баланы чакыргысы келет экен. Ал бала да ошондой туугандык байланыш уланышын каалайт, мындан башка себеби деле жок бул жерде. Балдар кышкысын төрт жумага, жайкысын беш жумага конокко келишет. Бул убакыт ичинде кадимкидей көнүшө түшкөн учурлар табигый эле көрүнүш го.

"Азаттык": Бул программа менен АКШга барган 64 баланын он сегизи үч жолу, он экиси эки жолу, бешөө төрт жолу тең мына ошол хостинг-программасына катышып, АКШга барып келген экен.

Бул программа менен АКШга барып-келген балдардын арасынан эки баланы мына ошол хостинг-программасы учурунда кабыл алган үй-бүлө асырап алган экен. Мындан сырткары бул программа менен АКШга барып келген башка дагы төрт баланы чет элдик асырап алууга тымызын даярдоо учурунда ал үзгүлтүккө учураганы айтылууда. Мына ошондон улам Кыргызстандын социалдык коргоо органдары балдарды конокко чакыруу программасын аларды ал жактагы бала асырап алуучуларга тааныштырууга алып барышкан деп шектенип жаткан чыгар?

Шэннон: ​Көп кишилер биздин уюмга окшогон долбоорлор кайрымдуулук максатын көздөөрүнө ишене албай, артында башка бир ою бар болсо керек деп шектене беришет экен. Ага көнүп деле бүттүк. Кайрымдуулук баарыбыздын колубуздан келерин жайылтышыбыз керек бардык коомдордо. Бирок биз Америкада өз максатыбызды “Кароосуз калган, балдар үйүндө жашаган башка өлкөлөрдөгү жеткинчектерди өз үйүңүздө жашатып, коноктоп, алардын келечегине бир жаркын үмүт, ар бир бала үчүн дүйнөдө абдан чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин көргөзгүңүз келеби? - деп эле жарнамалайбыз.

Бул балдарды асырап алууга болбойт. Бир-эки айдай коноктоп, өз балдарыңызга берген мээримиңизден бөлүшүп, андай жылуулуктан куру калган балдарга жардам көрсөтөлү, жакшылыктын жарыгын жайылталы деген гана ниет. Тандалган, өз балдарына жагымдуу шарттарды түзө алган үй-бүлөлөр гана андай балдарды коноктой алат. Биз аларды абдан кылдат текшерип, баары жакшы экенине көзүбүз жеткенде гана долбоорго кошобуз. Андай үй-бүлөлөр Балдарды асыроо боюнча Гаага келишиминин талаптарына ылайык тандалат.

Биз бейөкмөт уюм болгондуктан, АКШнын мамлекеттик мекемелери менен иштебейбиз. Биздин бардык документтер, ишмердигибиз Гаага келишимин көзөмөлдөгөн эл аралык агенттикте бекитилет, текшерилет. Андан сырткары биз Кыргызстандан балдарды Америкага алып барыш үчүн Бишкекте, АКШ элчилигинде толгон-токой документтерди толтуруп, талаптарды аткарышыбыз керек. Бул оңой иш эмес. Кыргызстандык же латвиялык, украин балдар кадимки үй-бүлөдө мамилелер кандай экенин, жаныңдагыларга камкордук кылып, жардам беришиң керектигин көрсө, чоңойгондо башка кишилер менен мамиле-катыш түзгөндө, коомдо өз ордун тапканга олжо болот деп ишенебиз.

"Азаттык": Ошол татаал иштердин баарын бүтүргөндөн кийин балдарды Америкага алып бардыңыздар. Алар англис тилин билишпесе керек. Деги коноктоо программасы кантип ишке ашырылат, бир аз айта кетсеңиз.

"Project143" уюму берген сүрөт. Кайрадан конокко келген кызды аэропортто тосуп алуу
"Project143" уюму берген сүрөт. Кайрадан конокко келген кызды аэропортто тосуп алуу

Шэннон: ​Биз балдарга Америкага келе электе эле алар конок болуп жашай турган үйдүн сүрөттөрүн, анда жашаган балдар, ата-энесин айтып, алдын-ала тааныштырабыз. Балдар катуу стресс болбош үчүн аларды өзүлөрүн окуткан мугалими же тарбиячысы, кээде райондук же шаардык социалдык кызматтын өкүлү коштоп келет. Америкадагы аэропортто балдарды коноктой турган үй-бүлөлөр тосуп алышат. Биз ар бир баланы ал жашай турган үйдүн кожоюндары, бала-бакырасы менен жекеме-жеке тааныштырып, алыстан келген бала алардын чоочуп же чүнчүп кетпесин деп өзүн ээн-эркин сезгидей шарттарды түзгөнгө бардык аракетти жасайбыз.

Коноктогон үй-бүлө ээлери бизге улам телефон чалып, баланын маанайын, абалын айтып турушу керек. Андан сырткары Кыргызстандан коштоп келген мугалим же башка расмий адам балдар Америкада жашап жаткан үй-бүлөдө алар менен кошо жашап, бир нече күн байкоо жүргүзө алат. Балдар каалаган учурда аларды коштоп келген эжей-агайына чалып байланышып тура алышат.

"Азаттык": Балдар тил жагынан кыйналышпайбы? Алар англисче сүйлөй албаса керек.

Шэннон: ​Ооба, Америкада аларды коноктой турган үй-бүлөлөр орусча эң керектүү сөздөрдү үйрөнүп даярданышат. Балдарга бул жакка келгиче англисче эң зарыл сөздөрдү үйрөтөбүз. Балдар бардык нерсени бат үйрөнүшөт эмеспи. Жанында котормочулар да болушат башында. Бирок биз үй ээлери менен конокко келген балдар бардык нерсени ар кимиси өз тилинде айтып үйрөнүшүнө кеңеш беребиз. Абдан көңүлдүү да болот.

"Азаттык": Силердин долбоор менен Америкага конокко барган баланы кийин ошол ата-энелер багып алганы силердин Уставды бузуу болуп калган жокпу? Силердин документтерде бала асыроо ишмердиги камтылган эмес да.

Шэннон: Ооба, биз бала багып алууга жардам берген агенттик эмеспиз. Бирок биздин программа боюнча Америкага конокко келген 64 жеткинчек ичинен ошол эки баланы кийин меймандаган үй-бүлөлөр багып алат элек деп кайрылышты. Биз биздин уюмдун статусу ага жол бербейт. Бала асырап алууга адистешкен уюмдарга кайрылгыла деп жооп бердик. Негизи биз коноктогону алып келген балдар багып алууга болбой турган балдар эсептелет. Жакындары, туугандары болушу мүмкүн. Бирок кээ бир балдардын андай статусу ар кандай себептерден улам кийин өзгөрүшү мүмкүн. Кыргызстандан бала багып алуу – абдан татаал, узак жана түйшүктүү иш. Ага батынып, аягына чыгам деген ата-энелер далай бюрократияны, тоскоолдуктарды жеңип чыгышы керек. Аларга жардам бере турган атайын агенттиктер бар, ошолор жардам берсе керек. Биз андай иштерге аралашпайбыз.

"Азаттык": ​ Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы бул уюштуруу иштеринин башында мэриянын астындагы кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунун жетекчиси Алексей Петрушевский турушу мүмкүн экенин айтышкан. Ал адам менен сиздерди эмне байланыштырып турат?

"Project143" уюмунун сүрөтү. АКШдагы аэропорттогу алгачкы жолугушуу
"Project143" уюмунун сүрөтү. АКШдагы аэропорттогу алгачкы жолугушуу

Шэннон: Петрушевский тууралуу ар кандай шектүү маалымат деле ушу Зеркүл тарабынан таратылып жатат деп ойлойм. Эмне үчүн мен эч кандай пайда көргөн жокмун деп нааразы болгон Зеркүл, менимче, ушу мага бербеген акчаны башкага берип атышат деп шектенип эле Алексейге, бизге чабуул коюп, жаманатты кыла баштады. Зеркүлдүн көргөн пайдасы эле – Кыргызстандан биз коноктой турган балдарды бир жолу коштоп келип, бекер жатакана, бекер тамак-аш, жолу, Америкага келип кеткени – баары ал үчүн бекер болду. Балким, ал башкалардан андан сырткары да пайда көрүп көнүп калгандар, анысын айта албайм.

"Биз кайрымдуулук уюмубуз, өзүбүз да акча таппайбыз, силерге да акча бере албайбыз. Мунун баары балдар үчүн гана жасалат" десек ишенбей туруп алды. Мен Кыргызстанга көп жолу бардым. Көп эле адамдар менен жолуктум. Балдар үйлөрүнө барганыбызда Алексей Петрушевский бизден мага эмне пайда деп бир да жолу сураган жок, бизден бир тыйын да үмүт эткен жок. Ал жетектеген балдарды реабилитациялоо борборуна барсаңыз, ал балдарга канчалык камкордук кылаарын, ал жердеги өспүрүмдөр аны кандай жакшы көрөрүн билгенде таң каласыз. Ал балдардан тартипти талап кылганды билет, ошол эле учурда аларды канчалык жакшы көрөрүн да сездирип турат.

Мисалы, быйыл кышта ТЭЦте кырсык болуп балдар үйлөрүндө суук болуп атканын угуп, жылуу жууркан-төшөк, кышкы кийимдерди алып бердик. Бут кийим керек десе анысын алып жөнөтөбүз. Ушундай гана жардам беребиз, акча бербейбиз эч кимге.

"Азаттык": Балдар үчүн башкы пайдасы кандай силердин долбоордун? Алар Америкага барып келгенден кийин кандай таасир алганын айтышабы?

Шэннон: ​Менимче, эң биринчи пайдасы – бул балдар өзүлөрүн эмнеге жете аларын, колунан эмне келерин кайсы бир деңгээлде чектеп жашап келген болсо, биздин долбоорго катышкандан кийин кыялы учуп, мурункудан кыйла бийик максаттарды самай башташат. Билесизби, балдар үйлөрүндө “чонойгондо ким болосуң” деп сураганда, анда жашагандардын көбү шопур болом, дүкөнчү, чач тарач болом деп айтышат экен. Башка кесиптерчи дешсе, аларга жетиш кайдан дегендей жооп беришкен.

Америкага келип, кадимки үй-бүлөдө жашап кеткенден кийин кайра артка барганда балдардын окуусу жакшырып, билим алууга болгон аракети күчөп, жүрүш-турушу өзгөргөнүн көп айтышат. Алар жакшы окуп, үлгүлүү болушпаса, кийинки жолу бул долбоорго кирбей калам деп катуу аракет кылышат. Биз бардык балдар үчүн дүйнөдө айкөлдүк, боорукердик бар экенин, келечекте аларды абдан чоң мүмкүнчүлүктөр күтүп турганын көргөзгүбүз келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
  • 16x9 Image

    Кубанычбек Жолдошев

    "Азаттыктын" иликтөө журналисти. Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG