Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:50

"Кыргызстанга барып Вовадан кечирим сурагым келет"


Фабио Селини
Фабио Селини

Италиянын Савона шаарында Кыргызстандан бала асыроо боюнча кылмыш иши каралууда.

Италиялык фирманын төрт кызматкерине алдамчылык беренеси боюнча айып тагылып жатат. Фигуранттардын арасында фирманын Кыргызстандагы эки өкүлү да бар. Сотко берген ата-энелердин бири Фабио Селини алты жыл мурун болгон окуяны калың элге айтып берүү максатында быйыл майда "Элестетсең" деген монологун тартуулаган. Улуу кызын Орусиядан, уулун Бразилиядан асырап алган Фабио бир күнү Кыргызстанга барып, балам деп атоого үлгүргөн кичинекей Вовадан кечирим сурагысы келет.

Жасалма документ, жасалма иш, жасалма сот

Бул окуя 2012-жылы башталган. Италиялык 20 түгөйгө "Айроне" деген агенттик Кыргызстандан бала асыроону сунуш кылат. Болочок ата-энелер Бишкекке барып, аларды италиялык компаниянын жергиликтүү өкүлчүлүгү "Айроне-Онлус" деген ассоциациянын кызматкерлери тосуп алышат. Алар атүгүл балдар менен жолуктуруп, сот чечимин чыгарып, андан кийин бардык документтерди колдоруна карматып италиялыктарды мекенине жөнөтүшөт. Бир нече айдан кийин гана мунун бардыгы аферисттер уюштурган калп экени ачыкка чыгат.

Балдар үйүнүн биринде иштеген адамдар кызмат абалынан пайдаланып, тиешелүү министрликтин уруксаты жок эле чет өлкөлүк кишилерди балдар менен жолуктуруп турушкан экен. Италиялыктарды Бишкектеги Свердлов райондук сотуна алып келип, кадимки униформа кийген прокурор, судьянын катышуусунда жасалма сот процессин да уюштурушкан.

Прокурор, судьянын ролдорун аферисттердин тааныштары аткарган экен. Италиялык түйгөйлөрдүн ар бири фирмага 15 миңдей евро төлөптүр.

"Алдашат деп ойлогон эмеспиз"

"Азаттык": Селини мырза, сиздер Кыргызстандан бала асыроону чечкенде эч нерседен шек санаган эмессиздерби?

Бизге артыкчылык берилип, балабыз менен бир нече күн өткөргөнбүз. Вова ал кезде үч жаштарда болчу. Аны паркка алып барып, сейилдеп, мейманканада сууга түшүрүп, чогуу тамак жеп, тогуз жаштагы кызыбыз менен ойноп, кыскасы кадимки үй-бүлөдөй эле убакыт өткөрүп, биз менен түнөп жатты. Анан бир жарым, эки айдан кийин кайтып келебиз деп коштошуп, Италияга жөнөгөнбүз. Кийин гана интернеттен бардыгы калп, спектакль болгонун, балдар бизге асыроого берилди деген кагаз-документтер жасалма экенин билип жатабыз.

Фабио Селини: Тигил же бул агенттикке бала асыроо менен алектенүүгө уруксат берилип, алардын ишин Эл аралык комиссия көзөмөлдөп турушу керек болгондуктан, албетте, ишенесиң. Теориялык жактан алганда чет өлкөгө бала багып алуу үчүн баратканда андай күмөн саноо болбошу да керек. Тилекке каршы, ушинтип алдашат деп оюбузга да келген эмес, мындай шумдукту алдын ала билүү, элестетүү да мүмкүн эмес эле. Мунун бардыгын кийин гана билип калбадыкпы. Ооба, шек санаткан майда-чүйдө бир нерселер болгон дечи. Бирок биз бала асыраганы келген биринчилерденбиз, процесс жаңы эле башталып жатпайбы, бардыгы эле жылмакай болбой койбойт деп өзүбүздү тынчытып турдук. Кандай көз будамайлоого туш болгонубузду Италияга кайтып келгенден кийин гана билип отурабыз.

"Азаттык": Кыргызстанга баргандан кийин эмне болгонун айтып берсеңиз?

Фабио Селини: 2012-жылдын июнунда дагы беш үй-бүлө менен кошо Бишкекке учуп бардык. Бизге чейин да италиялык бир нече болочок ата-эне барып кетиптир. Өзүн Александр Ангелиди деп тааныштырган адам жана жардамчысы Венера Закирова тосуп алды. Кычыраган "Лексус" машинесин минип жүрүшүптүр. Бишкекте бир жумадай болдук. Балабыз менен да жолугуштук. Ошондо бир кызык, түшүнүксүз жагдайлар болгону чын. Мисалы, балдар үйүнө кирердин алдында Ангелиди бизди сааттап автобуста күттүрүп жатты. Анан балдар үйүнүн жетекчиси менен да жолуктурушкан жок. Бирок жогоруда айткандай, биз биринчи, пилоттук түгөй эмеспизби деп ойлоп койдук. Анын үстүнө ошол агенттикке, алардын Кыргызстандагы өкүлдөрүнө толугу менен ишенгенбиз.

"Азаттык": Демек, барып балдар менен да жолуккансыздар?

Фабио Селини: Ооба, Бишкекке барган күнү эле балдарды көргөнү жөнөдүк. Бизге артыкчылык берилип, балабыз менен бир нече күн өткөргөнбүз. Вова ал кезде үч жаштарда болчу. Аны паркка алып барып, сейилдеп, мейманканада сууга түшүрүп, чогуу тамак жеп, тогуз жаштагы кызыбыз менен ойноп, кыскасы кадимки үй-бүлөдөй эле убакыт өткөрүп, биз менен түнөп жатты. Анан бир жарым, эки айдан кийин кайтып келебиз деп коштошуп, Италияга жөнөгөнбүз. Кийин гана интернеттен бардыгы калп, спектакль болгонун, балдар бизге асыроого берилди деген кагаз-документтер жасалма экенин билип жатабыз. Ошол 2012-жылдын августунда канчалык чоң аферага туш болгонубузду түшүндүк. Сентябрга карай балдарыбызды бир күнү кайрадан көрүп, кучагыбызга алабыз деген бардык үмүтүбүздү үздүк. Биз сотко арыз бергенден кийин Италиянын Астанадагы элчиси Кыргызстандын расмий адамдары менен жолугушкандан кийин биз алдамчылардын тузагына түшүп калганыбызды бышыктаган.

Фабио Селининин жеке архивинен
Фабио Селининин жеке архивинен

"Азаттык": Бардыгы болуп ошол фирмаларга канча акча төлөгөнсүздөр?

Фабио Селини: Документтер, Кыргызстанга барып келген билеттерибизди, башка чыгымдарды кошкондо 13-15 миң евродой короттук. Ага кошумча соттук иштерге, адвокатка да миңдеген евро төлөп келатабыз. Акча албетте маанилүү. Мен акчаны маңдай терим менен тапкамын, үй-бүлөмө коротуунун ордуна алдамчыларга карматып жибердик. Бирок мен өзүм эле эмес аялым, кызым да көпкө чейин абдан кейип, бушайман болуп жүрдүк.

А тиги балдарга кандай сокку болгонун элестетсеңер. Биз аларды кучактап коштошкондо кайтып келебиз, силерди 1-2 айдан кийин алып кетебиз деп убада бергенбиз. Ошондон бери алардан кабарыбыз жок.

"Азаттык": Владимир эмне болгонун азыркыга чейин билбейсиздерби?

Фабио Селини: Жок, эч кандай маалымат ала алган эмеспиз. Түшүнсөңүз, биз Владимирдин жеке жашоосуна аралашууну каалабайбыз. Себеби ошол маалда ата-энеси бар экенин, башка бирөөлөргө асыроого берүү уруксаты жок экенин кийин билдик. Балдар үйүнө ошол маалда кыйын бир жагдайды башынан кечирип, убактылуу жайгаштырылган экен. Ошон үчүн Владимирдин жана жакындарынын турмушуна аралашкыбыз келбейт. Анын үстүнө башка өлкөнүн, Кыргызстандын жараны. Биз жөн гана кандай жүргөнүн, баягы окуя кандай таасир эткенин, андан кандай чыкканын билгибиз келет. Биз, чоңдор, ошондой кыйын кырдаалды кабыл албасак да, түшүнүүгө аракет жасайбыз. Андан чыгуунун жолдорун эптеп табабыз. Жашы жетелек, аң-сезими жакшы калыптана элек балдарга бизге караганда алда канча оор. "Мен сенин атаңмын, сени алып кетебиз, чогуу жашайбыз" деп айтып, бирок сөзүмө турбаганымды эстегенде азыркыга чейин аябай кейип кетем. Мен бул сөздөрдү үйүндө атасы да, энеси да бар балага айтканымды ойлогондо эки эсе жаман болом. Элестетсеңер, наристенин башы адашып, эмнелерди гана ойлогон жок.

"Элестетсең" монологунун жаралышы

"Азаттык": Ошол бугуңузду чыгаруу үчүн башыңыздан кечиргенди сахналаштырууну чечсеңиз керек?

Фабио Селини: Ооба, ичимдеги капаны сыртка чыгаруу үчүн театрга кайрылдым. Экинчи жагынан бала асыроону көздөгөн ата-энелердин гана эмес, жалпы коомчулуктун көңүлүн Италияда көз жаздымда калган окуяга бурууну көздөгөм. Ойлосоңор, канчалаган балдар, үй-бүлөлөр жабыр тартышты, канчалаган эмоция, сезимдер, тагдырлар жөнүндө кеп болууда. Бизде болсо адистер акыркы 30 жылда Италияда бала асыроо тармагында болгон эң чоң жаңжал жөнүндө бир нече кыска макала жазып чектелишти. Монологум аркылуу ошол кургак макалалардын артында бала асырап алып, үй-бүлө курууну көздөгөн тирүү адамдар бар экенин эске салайын дедим.

"Азаттык": Сиз монологуңузду окуганда сахнада Кыргызстандын желеги илинип турду. Кыргызстанга нааразысызбы?

Фабио Селини: Жок деп кесе айтам. Кыргызстанга доомат артуу чоң ката болмок. Кыргызстан – өз мыйзамдары, эрежелери бар укуктук мамлекет. Бул жаңжал Италияда башталганын унутпаш керек. Биз жактан ата-энелер жапа чексе, кыргыз тараптан балдар жабыркашты. Анан алдамчылардын бетин ачкан Кыргызстан экенин да эске салыш керек. Билгениме караганда ал жакта бир нече киши кармалган. Кыргызстанды жаман көрүүгө себебим да жок. Бизди алдаган италиялык компания болгон. Ал жагымсыз окуя үчүн жоопкерчиликти италиялык расмий адамдарга жүктөйм.

"Владимирден кечирим сурагым келет"

"Азаттык": Ошол окуядан кийин Кыргызстанга барбасаңыз керек?

Фабио Селини: Жок, бирок абдан баргым келет. Владимирден кечирим сурагым келет. Бизди алдап кетишкенинде менин, жакындарымдын күнөөсү жок дегилечи. Кайтып келем деген сөзүмө турбаганым үчүн кечирим сурайт элем. Дагы тагыраагы, мага ошол убадамды аткарууга мүмкүнчүлүк беришпегени үчүн кечир деп айтат элем. Бишкектен кетип баратып баланы кучагыма алып, мен келем деп айтып коюп ошол бойдон барган жокмун... Мунун бардыгын Кыргызстандагы адамдарга да айтып берүүнү каалагам.

Түшүнсөңүз, биз Владимирдин жеке жашоосуна аралашууну каалабайбыз. Себеби ошол маалда ата-энеси бар экенин, башка бирөөлөргө асыроого берүү уруксаты жок экенин кийин билдик.

"Азаттык": 2013-2014-жылдары Кыргызстан медиасында жарык көргөн маалыматтарга караганда, Фабио Селини сөз кылган "Айроне-Онлус" фирмасынын өкүлү Венера Закирова камакка алынган. Орус жараны болуп чыккан Александр Ангелиди качып кетип, кийин колго түшүрүлгөн соң Орусияга экстрадицияланган. “Жасалма” сотторго катышкан эки киши да кармалган. Кылмыш иш Бишкектеги балдар үйүнүн ошол кездеги башкы дарыгерине да козголгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG