Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:23

Батыровдун мүлк чатагына акимдин аты илешти


Кадыржан Батыров
Кадыржан Батыров

Кадыржан Батыровдун мүлкү боюнча Сузак районунун акими Абдимуктар Маматов жана башка кызмат адамдарынын үстүнөн козголгон кылмыш иши сотко өттү.

Прокуратура аларга мүлк жашырган деп айып койду. Бирок азыркы район башчысы, кезегинде райондук Мамкаттоонун жетектеген Абдимуктар Маматов ал айыптоону четке кагууда.

Облустук прокуратура билдиргендей, район акими менен кошо райондук сот аткаруучулар кызматынын өкүлүнүн, райондук мүлктү каттоо башкармалыгынын бөлүм башчысынын үстүнөн козголгон кылмыш иш да сотко жөнөтүлдү. Жалал-Абад облустук прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Нурлан Сагынбаев тергөө учурунда бардык жагдай аныкталды дейт.

- 2011-жылы Кадыржан Батыровдун бардык үй мүлкү сот аркылуу конфискацияланган. 2013-жылдын февраль айында соттун конфискация чечимин аткаруу максатында Сузак райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө аткаруу барагы жиберилген. Ошол учурда Батыровдун талаш жараткан турак жайын сот аткаруу бөлүмүнүн башчысы Кожоакматов аткарууга милдеттүү болгон. Бирок ал турак жайды өз кызматын так аткарбай, мамлекеттин пайдасына өткөрбөй, жаап жашырып койгон. Ушул багытта Кылмыш-жаза кодексинин 305, 316-беренелери менен Сузак районунун акими (мурда мамкаттоонун райондук бөлүмүнүн башчысы) Абдимуктар Маматовго, райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн башчысы Динислам Кожоакматовго, райондук мүлктү каттоо башкармалыгынын каттоочусу Медетбек Тилекеевге карата кылмыш иши козголгон. Азыр айыбы угузулуп, сотко жөнөтүлдү.

Маалыматка караганда, прокуратура 2010-жылдагы калабага айыпталып, сыртынан өмүр бою камалган Кадыржан Батыровдун Сузактын Дмитриевка айылында жайгашкан 6 миллион 705 миң сомдук турак жайы мурунку президент Курманбек Бакиевдин тууганы Санжар Бакиевдин пайдасына өткөрүлгөнүн мыйзамсыз болгон деп аныктады.

Кадыржан Батыровдун талаш жараткан үйү, Сузак району
Кадыржан Батыровдун талаш жараткан үйү, Сузак району

Ал эми аким Абдимуктар Маматов бул иш ал 2011-жылы райондук Мамкаттоонун башчысы болуп турганда алешемдиктен улам туура эмес катталып калганын, бирок Санжар Бакиевдин наамына жазыла электигин билдирди. Абдимуктар Маматов ушул тапта эмгек өргүүсүндө экенин айтты.

- Батыровдун ал үйүн 2011-жылы соттон бизге дарек боюнча кагаз келгенде ушул кишиге таандык деп тактап берген экенбиз менин колум менен. 2013-жылы ал үйгө сот аркылуу 3 жолу камак коюлуп, 2015-жылы Санжар Бакиев соттошуп, ушул үйдү алыптыр. Азыр бул маселе бир жаңсыл чечиле элек. Өкмөткө эч кандай зыян келген жок. Мүлк ордунда турат. Кызматкерлердин адашуусунан улам ушундай түшүнүксүз жагдай болуп калды. Териштирилип жатат.

Батыровдун тууганы Гүлчехра Алимова орган кызматкерлери Бакиевдерге, атап айтканда, 2010-жылы бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси, маркум Жусупжан Бакиевдин уулу Санжар Бакиевге мүлктү мыйзамсыз өткөрүп берип койгон болчу дейт. Анткени бул турак жайды Кадыржан Батыров 1998-жылы эле тун уулу Батыржандын наамына мурас катары калтырган экен. Эми ал сот ишине катышып, үйдү өз ордунда калтыруунун аракетин көрөрүн айтат.

- Мен башында эле айткам, бул иш мыйзамсыз болуп жатканын. Кантип эле бирөөнүн атындагы турак жайды документтерди бурмалашып, Бакиевдерге берип коюшат. Буга сот аткаруучулар менен мүлк каттоо башкармалыгынын кызматкерлери кийлигишип, документтерди мыйзамсыз жасап өткөрүп берип жатышкан. Мурдагы соттун чечимдеринде да бул үй конфискациялоого кирген эмес болчу. Эми башталып жаткан сот отурумдарына катышып, далил кагаздарды көрсөтөм. Бул үй эч кимге берилбеши керек.

Батыровдун мүлктөрүнүн бири
Батыровдун мүлктөрүнүн бири

Бирок прокуратуранын пикиринде, Батыровдун турак жайын баласына мурастаган документ жасалма болушу мүмкүн. Ошол себептүү бул ишти азыр УКМКнын облустук башкармалыгы карап жатат. Эгерде бул факты аныкталса турак жай толугу менен мамлекеттин карамагына өткөрүлөт.

Кадыржан Батыров 2010-жылдагы июнь окуясына күнөлүү деп табылып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Андан соң бардык мүлкү 2011-жылы соттун чечими менен конфискацияланган. Анын негизинде Батыровго жана анын жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка алынып, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн болчу. Талаш жараткан турак жайы бул объектилердин катарына кирбей калган.

XS
SM
MD
LG