Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:35

Путиндин сынчылары “эркин Орусияны” эңсешет


Путиндин сынчылары “эркин Орусияны” көздөшөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00

Путиндин сынчылары “эркин Орусияны” көздөшөт

Орусиянын оппозициячыл активисттери “Эркин Орусия форуму” деп аталган жыйынын Вильнюста өткөрүштү. Форумда четте жүргөндөр менен катар өлкөнүн өзүнөн барган активисттер чогулуп, Орусиянын президент Путинден кийинки өнүгүү сценарийлерин талкуулашты.

Орус оппозициясынын Литвадагы “Эркин Орусия форуму” жаңжал менен да коштолду.

Мамлекеттик телеканал - ВГТРКнын тобу форум өтүп жаткан мейманканага кирип, катышуучулардын айрымдары менен чатакташкандан кийин Литвадан чыгып кетүүгө көрсөтмө алышты. Форумдун уюштуруучулары мурдараак орус журналисттери чагым жасоосу мүмкүндүгүн билдиришкен эле.

Орусиялык телекабарчылар тобунун башчысы Павел Зарубин Литвадан “кесиптик ишмердикке байланыштуу” чыгарылдык деп ырастаса, Литванын мамлекеттик коопсуздук департаментинин өкүлү Витаутас Макаускас муну “өлкөнүн улуттук коопсуздугуна туулган ыктымал коркунучка” байланыштуу деп түшүндүрдү.

Вильнюстагы бийликтердин орус журналисттерин өлкөдөн чыгаруу чечими алдында алар тышкы иштер министри Линас Линкявичустун форумга чогулган оппозициячыл активисттер менен кечки сый тамагынын үстүнө да тартуу үчүн кирип барышкан эле.

Орус тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова журналисттерди чыгаруу чечими үчүн Вильнюс менен катар Брюсселди да сындап, Еврошаркетти “кош стандарт” саясатын жүргүзүп жатат деп күнөөлөдү.

Эки күнгө созулган “Эркин Орусия форумунун” катышуучулары Орусиянын президент Путинден кийинки өнүгүү сценарийлери, саясий айыпкерлерди, көз карандысыз медианы колдоо, өлкөнү клептократияга айланткан коррупция менен күрөшүү маселелери боюнча пикир алышты:

- Бүгүн, тилекке каршы, Батыш өлкөлөрү, Европа, АКШ азыр деле, менимче, Орусиядагы кырдаалды адекваттуу баалашпайт. Путиндин режими туудурган коркунучту алар мурдагыдай эле аягына чейин түшүнүшпөйт. Азыр чечкиндүү аракеттер зарыл болуп турат. Биз тарыхтан билгендей, диктатордун бийликте турган ар бир күнү карама-каршылыктын кунун көтөрөт, - деди кабарчылар менен маегинде Путиндин туруктуу сынчыларынын бири, шахмат боюнча мурдагы дүйнө чемпиону Гари Каспаров.

Ал эми Орусия Мамлекеттик думасынын Крым анексиясына каршы чыккандан кийин бийликтер айып тагып, издөө салган депутаты Илья Понамарев өз сөзүндө оппозиция өзгөрүүлөрдү ириде орус коомунун бийликке көз каранды эмес катмарында жасоого көңүл буруусу керектигине токтолду:

- Менимче, оппозиция жана бул жерде чогулгандар үчүн башкы милдет - таптык аң сезимди калыптандыруу. Бул жерге келгендердин көпчүлүгү болжол менен бир социалдык катмарга таандыкпыз. Бул социалдык катмар коомдун жаңы авангарды болуп калышы керек. Биз өзгөрүүлөр жүрүшүнө кызыкдарбыз жана өз ара уюшуу менен эң биринчи бир социалдык катмардын ичинде алектенүү зарыл.

Орус оппозициясынын Борис Немцовду эскерген жүрүшү. Москва, 27-февраль, 2016-жыл.
Орус оппозициясынын Борис Немцовду эскерген жүрүшү. Москва, 27-февраль, 2016-жыл.

"Эркин Орусия форумунда” быйыл күздөгү парламенттик шайлоо жана ага оппозициянын катышуу мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды. Бирок айтылган көпчүлүк пикирлерге караганда, оппозициячыл активисттер арасында шайлоонун ачык - айкын жана эркин өтүшүнө ишеним жоктой:

- Эл жашоо деңгээлин президент Путин менен байланыштырбайт жана кайра эле ал үчүн добуш берет деген тобокелчилик албетте жок эмес. Бирок, менимче, эң ыктымалдуу сценарий - эл жашоо шарты начарлашын Путиндин саясатынан көрүп, ага азыраак добуш бериши. Анткен менен менде Путин акыркы он беш жылда курган шайлоо машинасына ишеним анчалык жок, - деди орус өкмөтүн президент Борис Ельциндин тушундагы вице-премьери Альфред Кох.

Күздөгү парламенттик шайлоого азыр Орусиянын либералдык оппозициясы да даярданууда. Маселен, лидерлеринин бири мурдагы премьер Михаил Касьянов болгон ПАРНАС партиясы шайлоо тизмесин аныктоо үчүн келерки айда интернет аркылуу добуш берүү өткөргөнү жатат.

Бирок алар шайлоого либералдык оппозициянын дагы бир саясий партиясы “Яблоко” менен чогуу, бир саясий күч катары бара алабы же жокпу азырынча белгисиз.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG