Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Казакстанга вице-президент керекпи? АКШ жана Кытай тажрыйбасы

мазмуну

  • Казакстандагы конституциялык реформанын олуттуу жаңылыктарынын бири вице-президент кызматын киргизүү. Бул кызматтын негизги милдети дүйнөлүк тажрыйбадагыдай эле.

Президент кандайдыр бир себеп менен кызматтан кетсе, анын ордун басуу. Бирок Казакстанда сунушталып жаткан модель дүйнөлүк тажрыйбадан айрым өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат.

Вице-президент кызматы дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүндө бар. Ал Латын Америкасы, Африка жана Азия өлкөлөрүндө кеңири жайылган. Ал эми Европада болгону үч өлкөдө гана иштейт. Эми Казакстан да Конституцияга өзгөртүү киргизип, вице-президент кызматын кайра жандандырууну көздөөдө.

"Кайра жандандыруу" деп айтууга негиз бар. Анткени эгемендиктин алгачкы жылдарында Казакстанда мындай кызмат болгон эле. Ал учурда эл президент менен кошо вице-президентти да шайлаган. Өлкө тарыхында бул кызматты Эрик Асанбаев гана жалгыз аркалаган.

Эрик Асанбаев (сол жакта). Сурет "Нурсултан Назарбаев. Хроник деятельности. 1992-1993" китебинен алынды.
Эрик Асанбаев (сол жакта). Сурет "Нурсултан Назарбаев. Хроник деятельности. 1992-1993" китебинен алынды.

1991-жылы киргизилген вице-президент кызматы 1996-жылы жоюлган. Ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаев эскерүүлөрүндө вице-президент президент менен премьер-министрдин ортосундагы ашыкча фигура болгонун жазган.

Башка өлкөлөрдө кандай?

Кытай

Коңшу Кытайда да вице-президент бар. Гонконгдогу South China Morning Post басылмасынын маалыматында, анын ыйгарым укуктары чектелүү. Көбүнчө чет өлкөлөрдөгү расмий иш-чараларга катышып, чет элдик конокторду тосуп алуу жана узатуу менен алектенет. Дагы бир өзгөчөлүгү Кытайдын башчысы кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетсе, анын ордун вице-президент баспайт. Бийликке адатта Туруктуу саясий бюронун жети мүчөсүнүн бири келет. Учурдагы Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн саясий бюронун мүчөсү эмес.

АКШ

Ал эми АКШда вице-президент 1789-жылдан бери шайланып келет. Башында бул кызматтын болгону эки милдети болгон. Бири – Сенатта кандайдыр бир маселе боюнча добуштар тең чыккан учурда чечүүчү добуш берүү, экинчиси – президент кызматтан мөөнөтүнөн мурда кеткенде анын ордун басуу.

Мындан тышкары, алгач вице-президенттик кызмат президенттик шайлоодо экинчи орун алган адамга ыйгарылчу. Мисалы, 1797-жылдагы шайлоодо Жон Адамс жеңип, президент болгон. Ал эми андан жеңилген Томас Жефферсон вице-президенттике келген.

20-кылымда вице-президент аткаруу бийлигинин курамына кирип, Министрлер кабинетинин жыйындарына катыша баштаган. Бирок вице-президент дайыма эле өтө жашыруун маалыматтарга жеткиликтүү боло берген эмес. Мисалы, 1945-жылы президент Франклин Рузвельт каза болгондо, анын ордуна келген вице-президент Гарри Трумэн атомдук куралды иштеп чыккан Манхэттен долбоору тууралуу беймаалым экени аныкталган. Кийинчерээк вице-президенттер негизги милдеттеринен тышкары өлкөнүн ички жана тышкы саясатына активдүү катыша баштаган. 1977-жылы Жимми Картердин администрациясы учурунда вице-президентке Ак үйдөн өзүнчө кеңсе берилген.

АКШда президенттик шайлоонун жыйынтыгы Конгрессте расмий түрдө бекитилет. Ал жыйынга вице-президент төрагалык кылат. 2020-жылкы шайлоодо утулуп калган Дональд Трамп жыйынтыкты тааныбоого чакырганда, анын вице-президенти Майк Пенс шайлоонун жыйынтыгын расмий түрдө бекиткен.

АКШнын азыркы вице-президенти Жей Ди Вэнс.
АКШнын азыркы вице-президенти Жей Ди Вэнс.

Бразилия, Индонезия жана Филиппинде вице-президент АКШдагыдай ыйгарым укуктарга ээ. Президент кызматтан мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда анын калган мөөнөтүн вице-президент аткарат. Бирок Филиппинде эл президентти өзүнчө, вице-президентти өзүнчө шайлайт. Башкача айтканда, шайлоочулар президентти бир партиядан, ал эми вице-президентти башка партиядан шайлай алышат..

Бир нече вице-президенти бар өлкөлөр

Айрым өлкөлөрдө бир нече вице-президент бар. Мисалы, Иранда кээде 10, кээде 12 вице-президент дайындалат. Алардын айрымдары министрликтерди жетектешсе, кээ бирлери эл аралык уюмдарга Ирандын кызыкчылыгын коргоо үчүн дайындалат. Президент кызматтан мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда анын ордун адатта биринчи вице-президент ээлейт.

Бириккен Араб Эмираттарында бийлик тең салмактуулугун сактоо үчүн бир президент жана эки вице-президент шайланат. Аларды өлкөдөгү жети эмираттын башчылары шайлайт.

Коста-Рикада эки, ал эми Гондураста үч вице-президент шайланат. Алардын негизги милдети да президент кызматтан мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда анын милдетин аткаруу. Коста-Рикада бул саясий кризисти болтурбоо максатында жасалса, Гондураста ар түрдүү саясий партиялардын күчүн бириктирүү үчүн вице-президенттик кызматка атаандаштык болот.

Швейцарияда парламенттин шайланган өкүлдөрү ар төрт жыл сайын Федералдык кеңештин жети мүчөсүн жашыруун добуш берүү аркылуу шайлашат. Федералдык кеңеш аткаруу бийлигинин милдетин аткарат. Ар бир мүчө финансы, экономика же тышкы иштер сыяктуу департаменттерди жетектейт жана кезек менен президент жана вице-президент кызматын аткарат. Жети мүчөнүн кимиси президент, кимиси вице-президент болорун парламент бекитет. Президент бул кызматты бир жыл гана аткарат, кийинки жылы анын ордуна мурдагы вице-президент келет.

Казакстандагы вице-президент

АКШда жана бир катар башка өлкөлөрдө вице-президент шайланса, Казакстанда аны президент дайындайт. Бул маселе боюнча «Азаттыктын» казак кызматынын журналисттери Мажилистин депутаттарынын пикирин сурашты.

«Азырынча бул боюнча мыйзам кабыл алынмайынча, так бир нерсе айтуу кыйын. Механизмдери азырынча аныктала элек. Бирок кандай болгон күндө да, бул өлкөнүн туруктуулугуна таасир эте турган фактор болушу мүмкүн», - деди Мажилистин депутаты Абзал Куспан.

Депутат Казибек Иса президентти эл шайлагандыктан, вице-президентти өзү дайындаганга укуктуу экенин айтты. Анын кесиптеши Амантай Жаркынбек да вице-президентти шайлоонун кереги жок деп эсептейт.

«Биз президентти бир шайлап, анан вице-президентти өзүнчө шайлайбыз... Анан парламентти шайлайбыз, референдум өткөрөбүз. Бул ашыкча нерсе болуп калат деп ойлойм. Дайындалганы туура. Анткени саясий өнөктүктөр көбөйүп кетет», - деди ал.

Казакстанда вице-президент кызматын түзүү зарылдыгы тууралуу өткөн жылдан тарта көбүрөөк айтыла баштаган. Айрым юристтер парламенттеги эки палатаны бириктирип, ушундай кызматты киргизүү керек деген сунуштарды айтышкан. Былтыр сентябрда калкка жасаган кайрылуусунда Касым-Жомарт Токаев бир палаталуу парламент түзүү демилгесин көтөрүп, вице-президент тууралуу айткан эмес. Бул сунушту ал быйыл январда Кызыл-Ордо шаарында өткөн Улуттук курултай жыйынында билдирди. Ошол жыйында Казакстандын башчысы вице-президентти өзү дайындай турганын айтып, анын милдеттерин белгилеген.

Улуттук курултай жыйынынан бир күн өткөн соң конституциялык реформа боюнча комиссия түзүлүп, Токаевдин бул сунушу колдоо тапкан.

«Вице-президент президенттин тапшырмасы боюнча Казакстан Республикасынын эл аралык мамилелердеги кызыкчылыктарын коргоого катышат. Президенттин атынан Курултай (Токаев бир палаталуу парламентти “Курултай” деп атоону сунуштаган — ред.), өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет. Ошондой эле вице-президент президенттин атынан Казакстандын жана чет мамлекеттердин коомдук-саясий, илимий жана маданий-агартуу уюмдары менен байланыш түзүп, кызматташат. Вице-президенттин башка ыйгарым укуктарын президент аныктайт», - деди президенттин укуктук маселелер боюнча жардамчысы Ержан Жиенбаев Конституция реформасы боюнча комиссиянын 24-январдагы жыйынында.

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, вице-президент мыйзам чыгаруу органынын депутаты боло албайт, башка акы төлөнүүчү кызматты аркалай албайт жана ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынат. Ошондой эле ал саясий партиянын мүчөсү болбошу керек.

Азыркы Конституция боюнча президент өз милдетин аткара албай калган учурда анын ыйгарым укуктары Сенаттын төрагасына өтөт, эгер ал да аткара албаса - Мажилистин спикерине берилет. Жаңы мыйзам долбоорунда президенттен кийин вице-президент турат. Ал эми вице-президент да президенттин милдетин аткара албай калган учурда бийлик Курултайдын төрагасына өтөт.

Казакстандын бийлиги вице-президент институту «бийликтин туруктуулугун камсыз кылуу» үчүн керек экенин билдирет. Башкача айтканда, президент каза болуп калса же ден соолугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүнү чечсе, анын ордун вице-президент басат жана андан кийинки эки ай ичинде президенттик шайлоо уюштурулат.

«Менин түшүнүгүмдө, азыр Токаевди катуу атаандаштык эмес, бийликтин транзити көбүрөөк тынчсыздандырат. Тагыраагы, элитанын ичиндеги белгилүү бир тең салмактуулук системасын түзгөн кандайдыр бир механизм калыптанчудай. Бир жагында - вице-президент, экинчи жагында - бир палаталуу парламент спикери. Анткени авторитардык системаларда бир нече оюнчунун болушу жана алардын бири-бирин тең салмактап турушу абдан маанилүү. Мындай ыкма системаны башкарууну жеңилдетет», - деди саясат таануучу Досым Сатпаев журналист Вадим Борейкого курган маегинде.

Өткөн жылы президент Касым-Жомарт Токаев конституциялык реформа бир жыл бою талкууланып, акыркы чечим референдумга чыгарыларын айткан.

21-январда түзүлгөн конституциялык комиссия 12 жыйын өткөрүп, 11-февралда мыйзам долбоору референдумга даяр экенин жарыялаган. Долбоордо парламент президент сунуштаган талапкерди эки жолу бекитпей койсо, президент парламентти тарата ала турганы жазылган.

XS
SM
MD
LG