Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Президент Роза Отунбаевага кадырлуу сыйлык ыйгарылды


Кыргыз Президенти Роза Отунбаева АКШ Мамдепартаменти тарабынан уюшулган «Каармандыгы үчүн Эл аралык аялдар сыйлыгын» алган соң, АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон жана АКШнын “Биринчи Айымы” Мишел Обама аны куттукташты. 08.03.2011. Расмий интернет барак.
Кыргыз Президенти Роза Отунбаева АКШ Мамдепартаменти тарабынан уюшулган «Каармандыгы үчүн Эл аралык аялдар сыйлыгын» алган соң, АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон жана АКШнын “Биринчи Айымы” Мишел Обама аны куттукташты. 08.03.2011. Расмий интернет барак.

8-март күнү АКШнын мамлекеттик департаментинде “Каарман аял” эл аралык сыйлыгы тапшырылды. Быйылкы тизменин башында турган Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева бул сыйлыкты АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун колунан алды. Салтанатка АКШнын биринчи айымы Мишель Обама да катышты.

Президент Роза Отунбаева бул эл аралык сыйлыкты дүйнөнүн ар кайсы тарабынан тандалган тогуз аял менен кошо алды.

Алардын ичинен Куба менен Беларустук эки активист Вашингтонго келе алган жок. Биринчиси жабык өлкөдөн чыга албаса, беларустук 20 жаштагы Наста Палажанка укук коргоочулук ишмердиги үчүн жакында эле абактан бошотулган.

Кыргызстандын президентине “Каармандык үчүн” сыйлыгын тапшырып жатып, АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Роза Отунбаева ага татыган алгачкы президент экенин белгиледи:

- Буга чейин бир да мамлекет башчыга мындай сыйлык берилген эмес, бирок Борбор Азиядагы алгачкы аял президент, Кыргызстандын лидери Роза Отунбаеванын эбегейсиз эрдигине, башкаруучулук жөндөмүнө, өжөрлүгүнө тан бердик.

АКШнын мамлекеттик департаментинин маалыматында Роза Отунбаева былтыр апрелдеги элдик толкундоолордон кийин Кыргызстанды бөлүнүп-жарылуу коркунучунан сактап, башка саясатчыларды тегерегине топтоп, өлкөнү кризистен чыгарган убактылуу өкмөттү башкарганы эрдик катары белгиленген.

2011-жылкы “Каарман аял” сыйлыгын алып жатып, президент Отунбаева:

- Мен бул сыйлыкты Кыргызстанда талыкпастан эркиндикке умтулган аялдардын урматына деп кабыл алам. Бул сыйлык кырдаалга карабастан, өздөрүнүн адамдык ар намысын сыйлоого жогору талап койгондорго арналат, - деп билдирди.

Роза Отунбаеванын башкы кайратмандыгы катары АКШнын мамлекеттик департаменти былтыр апрел, июн окуялары өлкөнү башаламандыкка түртө жаздаган шарттан чыгып, Кыргызстандын болочок демократиялык өнүгүүсүнө жол ачкан референдум уюштурганына жана аларга удаа ачык, таза шайлоо өткөргөнүнө басым жасайт.

Хиллари Клинтон бул окуяларга токтолуп:

- Өзүңөргө белгилүү болгондой, калыс шайлоонун артынан эле демократия орной калбайт. Анын артында шайлоодо жеңгендер менен бийликти бөлүшүү эрки, чыныгы демократиялык институттарды куруу, бийликти тынч өткөрүп берүү ниети болмоюнча нагыз демократия түптөлбөйт, - деп белгиледи.

Роза Отунбаева Кыргызстан былтыр татаал окуяларды баштан кечиргенин, алдыда дагы бир топ сыноолор күтүп турганына токтолду. Баарын жеңүүгө эркиндикти сүйгөн элдин күчү жетээрине ишенээрин кошумчалады.

Кыргызстандын президенти соңку эки күн ичинде АКШнын президенти Барак Обама баш болгон бир катар таанымал саясатчылар, Конгресстин алдыңкы мүчөлөрү Жон МакКейн, Жон Керри жана башка жооптуу адамдар менен жолугушуулар өткөрдү.

Барак Обама президент Отунбаева менен жолугушууда Кыргызстандын демократия багытындагы умтулуусуна колдоо билдирип, Ооганстандагы аскердик аракеттерге көмөгү чоң Транзиттик борбор жаатындагы жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

- Манас аба майданындагы Транзиттик борбордун ишмердигинде айкындуулукту камсыздоо аракеттери көрүлдү, мындай иштер дагы да уланат, - деп ишендирди АКШ президенти.

Ошентип, соңку күндөрү Европаны кыдырып бир катар жолугушуулар өткөргөн соң АКШда эл аралык сыйлыкка жана жылуу мактоо сөздөрүнө татыган Кыргыз президентинин сапары бир топ эксперттер тарабынан тышкы саясаттагы ийгилик катары бааланууда.

Ошол эле маалда азырынча Кыргызстанда кырдаал дале татаал бойдон калууда, алдыдагы көйгөйлүү маселелерди чечүү Роза Отунбаева үчүн чоң сыноолор апкелет дегендер да жок эмес.

Июнда Кыргызстандын түштүгүндөгү кандуу кооганы дароо токтото алган эмес деп кыргыз президентин сындагандардын катарына өзбекстандык укук коргоочу Мутабар Тажибаева кошулуп, нааразылык иретинде өзүнө 2009-жылы АКШда берилген “Каармандык” сыйлыгынан баш тартканын жарыялады.

Аягында кошумчалай кетели, Кыргызстандын президентинен башка 2011-жылкы Каарман аял сыйлыгын 8-март күнү Вашингтондо Ооганстандагы Герат вилайетинин башпрокурору Марийа Башир, Пакистанда алыскы айылдарды өнүктүрүү ишин колго алган коомдук уюмдун жетекчиси Гулам Сухра алды.

Булардан башка Камерун, Кытай, Иордания, Венгрияда аялдар укуктарын коргоого, демократиялык эркиндиктерди жайылтууга салым кошкон айымдарга да эл аралык кадырлуу сыйлык тапшырылды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG