Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

Орусия: "Абийир туткундары"


Михаил Ходорковский менен Платон Лебедев
Михаил Ходорковский менен Платон Лебедев

Орусияда ири өлчөмдө акчаны адалдаган деген айып менен түрмөгө кесилген ишкерлер Михаил Ходорковский менен Платон Лебедевге чыгарылган өкүмдү шейшембиде Москва шаардык соту күчүндө калтыргандан кийин, “Amnesty International” аларды “абийир туткуну” деп атады.

Шейшембиде Москванын шаардык соту “ЮКОСтун” мурдагы президенти Михаил Ходорковский менен “Менатеп” тобунун мурдагы жетекчиси Платон Лебедевге Москвадагы “Хамовнический” соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Бирок өкүмдү бир аз жумшартты - экөөнүн тең жаза мөөнөтү бир жылдан кыскартылды. Бирок Ходорковский да, Лебедев да 2016-жылга чейин түрмөдө кала беришет.
Орусиянын сот системасы адилетсиздигин көрсөттү

Бул – “салык төлөбөй койгон жана миллиарддаган долларга бааланган чоочун мүлктү менчиктештирип алып, аны адалдаган” деп айыпталып, 2005-жылы камакка отургузулган ишкерлердин экинчи соту. Ходорковскийди колдогондор “2000-жылдардын башында ал президент Владимир Путинди сындаганы үчүн жазага тартылууда” деп эсептешет.

Amnesty International бул жолку билдирүүсүндө эки ишкерди тең “абийир туткуну” деп атап, алардын ушул экинчи жолку соту “саясий өңүттө” уюштурулганын белгиледи.

Жон Далхуйсен – “Эл аралык мунапыс” уюмунун Европа жана Борбор Азия программасынын директорунун орун басары. Далхуйсен бул жолку иш Орусиянын сот системасы процессти адилет ишке ашыра албаган далилдеди, дейт.

"Кечээ уктурулган чечим жана Михаил Ходорковский менен Платон Лебедевдин экинчи ишиндеги тергөө кандай катачылыктар менен өткөнү Орусиянын сот системасы адилеттүү чечим чыгара албай турганын көрсөттү деп эсептейбиз, - дейт уюмдун өкүлү. - Мына ушул үчүн биз аларды “абийир туткуну” деп атадык".

Уюмга нааразылык

Мындан бир апта мурдараак Орусиядагы укук коргоочулар “Эл аралык мунапыс” корун түрмөдөгү ал эки бизнесменди “абийир туткуну” деп атабай жатканы үчүн сындашкан эле.

Уюмдун баш-катчысы Салил Шетти 12-майдагы ачык катында ошол укук коргоочулардын билдирүүсүнө жооп иретинде “Amnesty International кайсыл бир адам саясий себептерден улам түрмөгө отургузулганы үчүн эле аны абийир туткуну деп атай бербей турганын” белгилеген. Бирок ошол эле катында Шетти анын уюму бул иш боюнча өзүнүн позициясын алдыңкы күндөрү өтчү соттун чечимине жараша өзгөртүшү да мүмкүн экенин кыйыткан эле.

Ал билдирүүнү Орусияда камактагы ишкерлерди колдогондор аябай начар кабыл алышкан. Алардын бирөө “Азаттыктын” орус редакциясына сүйлөп жатып, “Эл аралык мунапыс” уюмун “саткын” деп атаган, “Батыш эптеп эле орус газын үзгүлтүксүз алып туруш үчүн Москванын жинине тийгенди каалабай жатат” деген.

Москвадагы “Гласность” коргоо фондунун башчысы Алексей Симонов болсо “уюм бул иш боюнча тыянак чыгараардан мурда сот кандай өтөөрүн гана күтүп турган деп эсептейт.

"Уюмдун бул тыянагы түздөн-түз Москва шаардык сотунун чечимине байланыштуу болду. “Эл аралык мунапыс” уюму бул сотто адилет чечим чыгып калар бекен деп ойлогон, - деп ишенет ал. - Эгер андай болгондо, бул ишкерлерди “абийир туткуну” деп атаганга мүмкүн болбой калмак. Бирок шаардык сот андай кылбады. Ошон үчүн уюм да соттун чечиминин артынан эле өзүнүн тыянагын чыгарды".

Орусиянын тышкы иштер министрлиги “Эл аралык мунапыс” уюмунун чечимин кескин сындады. Ходорковскийди министрлик “экономикалык кылмышкер” деп атап, аны “абийир туткуну” деген чечим ал уюмдун өзүнүн “абийирде болот” деп билдирди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG