Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

Сот Ходорковскийди экинчи иш боюнча да айыптуу деп тапты


ЮКОСтун мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский сот залында. Москва, 27-декабрь.
ЮКОСтун мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский сот залында. Москва, 27-декабрь.

Москванын Хамовникалык соту Ходорковскийдин үстүнөн козголгон экинчи кылмыш иши боюнча жыйынтык чыгарууда.

Михаил Ходорковский менен Платон Лебедев буга дейре “2003-жылдан бери салык төлөбөгөн” делген айып менен сегиз жылга кесилип, түрмөдө олтурат. Азыр болсо ири көлөмдө кара май уурдашкан деген айыпка жыгылганы турат. Күнөө тагып аткан тарап алардын ар бирин 14 жылга эркинен ажыратуу талабын коюшууда. Өкүмдү жарыялоо бир нече күндөн соң болмокчу.
Ходорковскийдин нааразылык билдирген тарапкерлерин милиция кармап кетти, 27-декабрь.

Судья Виктор Данилкин сот отурумун ЮКОСтун мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский менен «МЕНАТЕПтин» мурдагы жетекчиси Платон Лебедев үстүнөн козголгон экинчи кылмыш иш айыпка жыгылууга арзыйт деген кеп менен ачты. Ошол эле учурда иликтөөгө алынган иштин кайсы бир жерлери мөөнөтү өтүп кеткендиктен кылмыш деп эсептөөгө жарабасын көргөздү. Жыйынтыгында Ходорковский менен Лебедев 30 миллиард долларга тете карамай уурдап андан түшкөн акчаны кымтып калышкан деген кине тагылды.

Арадан көп өтпөй сот имаратынын жанына чогулган көпчүлүк капилеттен митинг уюштуруп ийип, “Бети жоктук! Эркиндик! Путинсиз – Орусия!” – деген айкырыктар жаңырды. Милиция тарабынан аларды кармоо болуп, жети кишини алып кетти.

Буга дейре коомчулук арасын кеңири байырлаган пикир - Ходорковскийге тагылган кине саясий жактан маанилүү. Путин өлкө башында турганда “бармак басты, көз кысты” кылып Ходорковскийди түрмөгө олтургузуу болгон.

Орусиядагы азыркы саясий система аны каматууга кедерги болгон. Мындай пикирге чукул ойду сот имаратына чогулгандар арасынан Светлана аттуу келин айтты:

- Кандайдыр бир жаңылыштык кетирген күндө да адамды бүт дүйнөнү каратып туруп, ушинтип, эки жолу кайра кесүү адилеттүүлүккө жатпайт.

Ал байдын Кремл кожоюну менен кезегинде оту күйүшпөй калышы – оппозицияны каржылашы болгон. Муна карапайым эл эбактан билет. Ошол себептен Хамовникалык соттун олтуруму тарыхый мааниге ээ болууда. Эл Данилкиндин чечимин азыркы саясий системанын айтканы менен болот, же ага каяша айткан шааниде болот деп атышкан. Баса, мындан бир апта мурда сыналгыдан Ходорковский иши боюнча жооп айткан премьер-министр Владимир Путин “ууру түрмөдө олтурууга тийиш”, - деген эле.
Ходорковскийдин нааразылык билдирген тарапкерлерин милиция кармап кетти, 27-декабрь.

Эки ишкер абакта олтурган 7 жыл арасында алардын атагы саясий шааниге өтүп кеткен. Михаил Ходорковский ири бай аты калып ири саясатчы атка конгон. Эл аны акыйкат үчүн азап чеккен инсан деп кабылдай баштаган.

Ошондон болсо керек, азыркы сот отуруму учурунда карапайым кишилер миңдеп чогулуп, Маскөө гана эмес Санкт-Петербургда да пикетке чыгуу болду. Мурдагы Орусия премьер-министри Михаил Касьянов байкашынча:

- Бийликтегилер үчүн азыр Ходорковскийдин түрмөдөн чыгышы пайдасыз. Анын бошоп чыгышы, демек оппозицияны анын каржылашы дегенди түшүндүрөт.

Чет элде да алардын ысымдары кеңири таамылал. Ошол себептүү Орусия менен Улуу Британия, Нидерланддар, Кипр, Лихтенштейн, Литва, Швейцария кызматташуудан баш тарткан. Кошмо Штаттар Мамдепинин ырасмий тизмесинде Михаил Ходорковский ысымы Орусиядагы саясий жалаа менен түрмөгө олтургузулган алты кишинин бири катары жазылган.

Мындый жагдайдын купуя сыры бар экенин олигарх апасы Марина Ходорковская айтат:

- Кишилерге бул жерде жашоонунун түрү суук, кантсе да европалык өлкөлөргө да жагымсыз. Авторитардык нагыз бандиттик мамлекет болсо анан кантип жагымы болот.

Жакында «Фигаро» басылмасына берген маегинде америкалык сенатор Жон Маккейн орусиялык ишкер Ходорковский үстүнөн болуп аткан сот саясий маанайда эле эмес, анын «мафия туткунунда» калышы өкүнүчтүү. Ал Ходорковский үстүнөн дагы бир өкүм чыгарылышы Кремл ниетинин бетин ачат деген.

Орусия президенти Дмитрий Медведев алдыңкы демалышта Ходорковский иши боюнча өкмөт башчы Путиндин ой бүтүмүнө жооп ирээтинде мындай деген эле:

- Мамлекеттик кызматта турган президент болсун, башка болсун, бул иш (Ходорковскийдин – ММ) же башка иш болбосун сот өкүмү чыкканга дейре өз көз карашын билдирүүгө укугу жок.

Сот чечими үстүдөн болгон кысымдан улам экенин Ходорковский адвокаты Вадим Кулижан айтат:

- Чечим чыгарууда сот эркин болгон эмес. Албетте, сот өкүмү жарыялангандан кийин биз ага каршы доо арыз жолдойбуз.

Эл аралык Human Rights Watch уюмунун Европа жана Орто Азия бөлүмүнүн жетекчиси Рэчел Денбер айтышынча:

- Биз укук коргоочу башка уюмдар менен бирге президент Медведевден тарта орусиялык кайсы бир саясатчыларга чейин кайрылуу жөнөттүк. Ходорковскийди экинчи жолу соттоодо узун тизмедеги процессуалдык тартип бузуулар болгонун көргөздүк. Андай көрүнүш артында саясий кысым аракети жатканы бизди тынчсыздандырат.

XS
SM
MD
LG